Роберт Бернс: Торосо ажал жолумду, Өлүмүм эмне? Эчтеме.

Роберт Бернс (Шотландия) Эчтеме Салам жүктөп жиберем Поэзия – ат дегенге! Сурарсыңар: – Эмнеге? Жооп берем: – Тим эле!   Айтарсыңар акынды Камарабайт бул эмне? Шылуундардын акылы Куру убара тим эле.   Сүткор тынчсыз аласа Акча, дүйнө деп эле. Акырында караса Өзгөрбөптүр эчтеме.   Жан талашып ийилет Абышка ак сөөк дегеле. Граф киймин кийинмек Андан эмне? Эчтеме.   Бирөө арттырат тилегин Молдо болуп кеткенге. Имамда ою бирөөнүн Айырма эмне? Эчтеме.   Жан кыям деп боз улан Кызга үйлөнүп алды эле. Көйнөгүнүн алдынан Тапканы эмне? Эчтеме.   Жазат ырын жакшы акын толугу менен…..