А.Токтогулов: Поэзияга коюлган талап эч качан жеңил болгон эмес

Поэзияга мамиле 1972-жылы «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмалары «Поэзия күнү», «Учкун», «Темир канат» аттуу поэтикалык үч альманах чыгарды. Бул үчѳѳнѳ кыргыз поэзиясынын айтылуу ѳкүлдѳрүнѳн тартып эң жаш авторлоруна чейин киргизилди. Башкача айтканда үч жыйнак азыркы кыргыз поэзиясынын ал-абалын, негизги тенденцияларын, мүнѳздүү ийгилик-кемчиликтерин толук болбосо да кадимкидей чагылдырып турат. Кыргыз поэзиясынын азыркы бийиктиги үчүн биз баарыдан мурда фольклордук ой жүгүртүүдѳн реалистик жазманын магистралдык жолуна карай алгачкы кадам шилтеген, профессионалдык адабияттын ыкмаларын, методдорун, кѳркѳм каражаттарын алгачкылардан болуп ѳздѳштүрүшкѳн, кыргыз адабий тилин ѳз колдору менен калыптандырган жана калыптандырып келе жаткан, бүткүл ѳмүрүндѳ граждандык бийик толугу менен…..