Аман Нааматов: Эмне үчүн Айгүлдү эч ким мактаган жок?

Эмне үчүн Айгүлдү эч ким мактаган жок? (Балдар үчүн) Кошуна эки кемпир мейманга жөнөмөк болушту. –Чоң эне, мен да барам! – деди небереси кабагын ыйлап ийчүдөй бүркөп. Барасың чүрпөм. Жуунуп, кийинип даяр тур. Так секирип сүйүнгөн Айгүл камданып жатты. Ошол эле учурда кошунасынын да кичинекей Гүлнуру чоң энесине жардам берип жүрдү. Ал: «Мен да барам» – дебеди. Чоң энеси өзү кайрылды. Сенсиз куруп калам го. Мени менен мейманга барып кел. –Макул, чоң эне. Көп узабай эки кемпир жолго чыгышты. Боорсок, бышкан эт салынган баштыктар буруксуп жыттуу. Бара турган жери анча толугу менен…..