Токтосун Самудинов: Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте

Жоопсуз каттар Капилеттен алоолонуп бүт дүйнөң, Кандай учур биринчи ирет кыз сүйгөн?! Күлмүң этсе — көңүл куштай көкөлөп, Мулжуң этсе — ыза кысып, ич күйгөн.   Сүйүү эмне? Сезбей жүрсөм бир кезде, Чалдыгыпмын мен да ошондой илдетке. Уяң жаным, араң бердим катымды, Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте.   Алабарман-ай, балалык! Ай, жаштык! Андай катты канчаларга карматтык. Жооп күтүп… Күндөй жарык тилекти Бир жылт эткен сезимдерге алмаштык.   Кайран каттар! Жок силердин айбыңар, Тытылдыңар, мүмкүн отко жандыңар… Өз милдетин курман болуп аткарган Чалгынчыдай кайра кайтпай калдыңар.   Айылдаш чал Бала толугу менен…..