Назира СААЛИЕВА: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы»

Назира СААЛИЕВА: «Жамандын жары болгончо, жакшынын жесири болгон жакшы» Эрнисим, жаным, алтыным, байым (байым дегенимди жактырчу элең) кечээ, 5-мартта, кыркыңды өткөрдүк. Ыйладык. Жоктодук… Сөзүңдү, өзүңдү эстедик… Кызыл-Туудагы классташтарың келип, “күмбөзүңдү тургузуп беребиз” дешти. Бүгүн Мелис байкенин достору келет. Сендей асыл адамды жоктоп жазуу мага аябай оор болду. Мелис байке тууралуу китеп чыгарганда баш сөзгө: “Мелис Эшимканов… Аскадай зор кишим кулады. Болгон жүрөгүң менен сүйгөн адамың жөнүндө жазыш өтө эле кыйын экен. Бир жыл бою ушул баш сөздү жаза албай кыйналдым. Күндө кечкисин компьютердин маңдайында олтурам, кагаз менен тиктешем, көздөн чолок толугу менен…..