Эдгар Аллан По: Береника

Эдгар Аллан По Береника Dicebant mihi sodales, si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum forelevatas. Ebn Zaiat [1] Күйүт көп кырдуу келет. Жер жүзүндөгү кайгы-капа – ар кыл. Ал мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алып, турпаты күн желесинин куюлушундай өзгөрмөлүү, ар сүртүмү бири бирине жуурулбайт, ошол эле учурда түпкүлүгү бир. Мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алат! Анан кантип мен сулуулуктан ушундай жексурлукту, бир бүтүн бейпилдиктен чулу кайгыны тамырлата сууруп алдым? Антсе дагы этикада айтылгандай жамандык – жакшылыктын туундусу, чынында кубанычтан капа жаралат. Анан да өтмүштөгү ырахат тууралуу эс-тутум толугу менен…..