Джанни Родари: “Апчхини” эсептеген аял

Джанни Родари (1920-1980) Италиянын балдар жазуучусу “Апчхини” эсептеген аял Гавиратеде бир аял жашаган экен, ал күнү бою ким канча жолу чүчкүрөөрүн эсептеп чыгуу менен алек болгон, анан ал жөнүндө өзүнүн курбуларына айтып берип, ошолор менен бирге көпкө дейре калп-чынды аралаштырып “апчхи” жөнүндө айта беришчү. -Аптека кармоочу киши жети жолу чүчкүрдү, – дептир ошол аял. -Андай болушу мүмкүн эмес. Кудай бар, эгерде мен калп айтсам менин мурдум түшүп калсын! Ал түшкө беш мүнөт калганга чейин туптуура жети жолу чүчкүрдү. Алар ошол окуяны көпкө чейин талкуулашып, акырында аптека кармоочу киши ич алдырчу толугу менен…..