Кыргыз десе Кыргыз десе: безеленем чырылдап, Кыргыз десе: каным күйөт шырылдап. Кыргыз десе: кыйналганым унутуп, Кыргыз десе: созолонтом ыр ырдап. Кыргыз десе: жаным жыргайт ыр курап, Кыргыз десе: көздөн жашым кылгырат. Кыргыз десе: кылым жашайм карыбай, Кыргыз десе: эч соолубайт Ыр – булак. Кыргыз десе: жаза тийбес октоймун, Кыргыз десе: Азезилден коркпоймун. Кыргыз десе: кыянаттык кылганга, Кыргыз десе: Кыяматта оттоймун. Кыргыз десе: чөмүлөмүн кыялга, Кыргыз десе: жер таппаймын сыярга. Кыргыз десе: үмүт үзбөйм жашоодон, Кыргыз десе: кулдук урам Кудайга! Комуз күүсү Залкар комузчу Ниязалы Борош уулуна толугу менен…..