Джозеф Эссбергер: Чиркѳѳ

Чиркѳѳ (часовня) Так төбөдөн ачуу тийген апрель күнү ал илкий басып келе жаткан. Анын кол чатыры күндүн нурунан коргогону менен, ысык аптабы алсыздандырган күндүн илебинен эч нерсе коргой алмак эмес. Какыраган жерди жалмалаган бир нече буйвол кокостун астында байланып турган. Маал-маалы менен суу үстүнө из калтырган кораблдей унаалар эриген асфальттын бетине из калтырып өтүп жатты. Болбосо тымтырс, жан киши көрүнбөйт. Жекшемби күн үчүн кийинген, узун ак көйнөкчөн Джинни Наринди он беш, он алты жаштагы кыз деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында ал он эки жашта эле, белине жеткен кара чачын кооздоп турган толугу менен…..