Мехмет Акиф Эрсой: Чанаккале шейиттерине

Мехмет Акиф Эрсой – (20.12.1873 – 27.12.1936) түрк акыны. Ветеринар, педагог, эл өкүлү, котормочу кызматтарын аркалаган. Түркия Республикасынын Гимнинин автору. М.А.Эрсой 1873-жылы Стамбулдун Фатих районунун Сарыгүзел махаллесинде туулган. Алгачкы ырларын мектепте окуп жүргөндө жазган. 1889-1893-жылдары ветеринардык колледжде окуп, 1906-1907-жылдары айылдык мектепте сабак берген. 1908-жылы египеттик акындардын ырларын которуп жарыялаган. “Себилүррешад” журналынын башкы редактору кызматын аткарган. 1913-жылы ветеринардык кызматтын директорунун орун басарлыгынан кетип, адабият менен алектенген. Түрк, арап, перс жана француз тилдерин жакшы билген акын 1925-1936-жылдары Египеттин Каирдеги “Жамиатүл Мысыриййе” университетинде түрк тили жана адабияты сабагынан дарс окуган. 1930-жылдары боордун циррозу толугу менен…..