Нуралы Капаров: Жакшынын жакшы жагын жазып жатып, жакшынын жаман жагын унутпайын

ЖИБЕК АЯЛ Кыш эле кычыраган, бороон эле. Күз эле күтүрөгөн, шамал эле. Оо ал бир орой эле, орой эле, оо анда көптөр чыны чабал эле. Жалтанып койгон эмес бычагыңан, мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан. Туткунун жеңип далай көр турмуштун, кебелбей чыккан азап тузагынан. Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп, кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп, бир чыгаан болот эле бул ойронуң талантты бербегенде кечеңдетип. Ырдаса ыры мукам үнү булбул, иштесе оозу дудук, жаны дулдул. Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок, бука баш айбан болуп калчу кургур. Кубалап же бир куулуп көргөн эмес, жеңилген же толугу менен…..