Сагын Акматбекова: Кандайсың деп бир серпилип койбодуң. Бул жарыкта барсыңбы, же жоксуңбу?

****** Жүгү көктө. Жатат жерде жатканы. Жаздык. Шырдак. Сөз токтолот ортолоп. Үйдө үй ээси. Тышта шуулдайт бактары. Баары толук. Бир сүйүүнүн орду жок.   Жаш жүрөгү жалындаппы, өчүппү? Жараларын сыйрыды экен ким дагы? Бурулбастан такыр, такыр кетиптир Бул тарапка мен келбеген жылдары.   … Кеттим мен да. Короочу иттер абалайт. Түн коюулайт. Шыбыргактап жамгыр жаайт. “Кайт арткалайт” – арасынан тааныш үн. Кеттим, кеттим! Кайрылганым жарабайт.   Үч жети жыл Бүгүн конок келет бизге, тур, кызым, Чаңды сүрүп, үйдү жыйнап коёлу. Тасмалга жай тамак – аштын түрдүүсүн Канча адамбы? Калтыр төрдөн толугу менен…..