Турар Кожомбердиев: Эмнегедир от бир буюм сезилчү, апакемдин колдорунан жаралган

Энем жана от Мейли кышта, бурганактын шаңында, мейли күздө, мейли жаздын таңында, коломтону элестетсем энекем, күйпөлөктөп отургансыйт жанында.   Куурай терип, тезек терип жакканы, камданчубуз казанга нан жапканы. Эмнегедир от биздики дечүмүн – апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.   Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган, от күчөөчү коломтого таралган. Эмнегедир от бир буюм сезилчү, апакемдин колдорунан жаралган.   Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси, малчылардын күнгө күйгөн денеси… А мен отту бир туугандай сезчүмүн – апам болчу анын дагы энеси.   Тиштеримде карсылдап тоо ышкыны, атам мага мингизчү көк быштыны. Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду, толугу менен…..