Тургунбай Эргешов: Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим

Мен күткөн бакыт Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, ыр жазган дептериме тамчылаган. Туяктан жүрөк каны агып жаткан, күлүккө окшоп кетем кансыраган.   Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, аш ичкен аягыма тамчылаган. Жолдордун ортосунда баратсам да, сокурга окшоп кетем жол сураган.   Бөлүнсөк ыдыраймын, Ата Журтум, денеден тамырларым сөгүлгөнсүп. Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз, жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.   Экөөбүз кучакташпыз, Ата Журтум, башкага асман жердей бирикпедим. Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим.   Кайрылуу Пенделер, мени бир аз аягыла, чындыктын жыпжылаңач жетимимин. Чыгарып салбагыла бурап-бурап, турмуштун туткасынын толугу менен…..