Айдай Бекбоева: Акболуш

Акболуш Акболуш быйыл жети жашта. Анын күчүгү бар. Күчүгүнүн аты – Борсулдак. Экөө ынак достордон. Акболуш Борсулдагын ушундай жакшы көрөт дейсиң. Бакчадан келгенде күчүгү борсулдап үрүп, алдынан тосуп чыгат. Өзү тамак жегенде, сөзсүз Борсулдагы менен бөлүшкөндү унутпайт. Атасы жумуштан келе жатканда Акболушка кээде балмуздак ала келет. Борсулдагы балмуздагыңан мага да бөлүш дегендей, борс-борс үрүп калат, ал учурларда экөө эч кимге көрүнбөй кадимкидей бөлүшүп жешет. Акболуш өзүнүн бала кыялы менен атасынан күчүгүнө да балмуздак алып келүүнү суранган. Атасы да бул экөөбүздүн ортобуздагы “сыр” болсун деп убадалашышкан. Ошондуктан атасы кээде балмуздакты күчүгүнө толугу менен…..