ДАНИЯР ИСАНОВ: БАШ

(Эссе) Баш жөнүндө ойлонгондо, бабалардын элестери биринен сала бири ээрчип, көз алдыма тартылат. Мен алардын элестеринен бизге окшоп башка журтка башын ийип тизе бүкпөстөн, ажалды да айкөлдүк менен кабыл алган эр көкүрөк кишилерди көрөм. Алар эч качан ийин куушура “алакандай журтумду багалбай калдым” деп көздөрүн жалдыратпай, өз элин өгөйлөбөстөн баш болуп берген. Азыр бизди бөтөн журттун алдуу-күчтүү баштары башкарып калганын эстегенде зээн кейийт… * * * – Башың баш, багалчагың кара таш! – деп, зекишчү улуулар кичүүлөрү ката кетирсе. Анан башын жоготкон адам ошол сөздөн туура тыянак чыгарып туруп, өз толугу менен…..