Малик Отарбаев: Бүр ачуу (аңгеме)

Казак адабиятынан Малик Отарбаев Бүр ачуу Аңгеме Сүттөй жарык айлуу түндө кең талааны баштарына көтөрө, алка-шалка түшүшүп, күүлдөшүп отурушкан. Күлкү аралаш кызуу аңгемеге кара макмалдай көөлгүгөн айлана да кулак түрүп калгандай. Кээ-кээде домбура чертилип, ыр ырдалат. Бүтүндөй купуя сырга толгон коңур обон тилсиз табигатты терметип, тоо менен таштын жүрөгүн жибиткендей. Капыстан… Кулакка дүп ургандай жымжырттык орноду. Айлана-тегерек демин ичине тартып, жымжырт боло түштү. Жанагы эле көңүлдүү аңгеме да эми жалкоо кишинин кыбыраган кыймылына окшой түштү. Тымтырс түндүн жымжырттыгы жасмыктын данындай болгон жүрөгүн жанчып, көңүлүн коркунуч тооруду. Мындайда заңкылдап тула боюңду толугу менен…..