Бактыгүл Көкөтаева: Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн, Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн

Бактыгүл Көкөтаева Нарындын Эки-Нарын айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Кыргыз филология факультетин аяктаган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Бактыгүлдүн таланты ар тараптуу. Ыр да жазып, кээ биринин обонун да келиштирет. Поэзияга жоопкерчилик менен карап, ырын жазаарда миң толгонуп, анан гана кагазга түшүрөт. Жамгыр калсын эсимде Көктөм өткөн, көздөр чөккөн, Көңүлдөр жок баягы. Жаздагы өктөм, жашып төккөн, Жамгыр да жок андагы. Сезимдерим, эзилгеним… Сизге деле сезилген. Жаштыгыма, жан сырыма.   Жакын десем ким элең?.. Эми баары арман-кайгы, Болсо, болсун, болгондой. Сен да кеттиң кейибейин, Тагдыр балким, ошондой.   Эстегенде, кез келгенде, толугу менен…..