Бактыгүл Чотурова: Телефонум шыңгырайт, керек белем?! Ким болду экен бей убак мени эстеген?

Жамгырда Жамгырда жалгыз, үнсүз басып келем, Жароокер бирөөнү эстеп кымбат деген. Күлүңдөп кол чатырчан тосуп алчу, Зыңкыйып султандардай сымбат менен.   Ийилип колдон алып ал асыл жан, Иңирде кечти тосуп, атырган таң… Калды күн… калды алыста арман болуп, Карааны жаандагы кол чатырчан.   О биздин кайран гана өрттөй жаштык, Бактынын баркын билбей кылчактаттык. Бурулуп желдей жеңил таарынычтан, Буйруган өмүрдө көп ашуу аштык.   Куюлуп кусалыктын көз жашындай, Жамгырда турам жааган көз ачырбай. Төбөмдөн өпкүлөгөн тамчыларга, Төгүлгүм келди бир да сөз жашырбай.   Ал ошол күлгүн чактын эркелиги, Жүрүпмүн бардан бетер толугу менен…..

Бактыгүл Чотурова: Классика-кылымдарга көчөсүң, Кыйын күндүн каректерин тешесиң

Күлүктү сойбогула Айтпаңыз, айтпаңызчы, Мал сойгон мактанычпы?! Төрт буту байланганда, Төбөмдөн асман учту…   Чыйрыктым… сүрү беле?! Чыңырды үнү неге? Бир кезде даңканы учкан, Мал эмес… күлүк эле…   Шаан-шөкөт, элде ат чабыш… Шамалдай таштап арыш, Алдына ат чыгарбай, Таанылган атагы алыс.   Душманы азаар жандын, Бут тосот кадамга арбын… Негедир окшоп кетти, Тагдыры адамдардын.   Ич тардык аласасы, Ийилтип таразасы- Асылды жыккан менен, Айтылып калат аты.   Атаңдын көрү, турмуш, Кылсачы назар сынгыс… Жаза алат жакшылар да, Жасаган окшоп кылмыш…   Баарына тойлогула, Бирок да ойлогула, Тушу өтүп кетсе толугу менен…..