Бакытбек Абдыразаков: Элиң турса күйүп кызыл чок болуп, Чокко түш да, атыл жоого ок болуп

Өмүр баян Акын, публицист, чыгаан педагог, коомдук ишмер Бакытбек Сагынбаевич Абдыразаков 1974-жылы 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Токбай-Талаа айылында туулган. 1981-жылы Кара-Кулжа районундагы “Ленинчил жаш” (азыркы Б. Исаев атындагы) орто мектебинин 1-классына кабыл алынган. Аталган мектепти 1991-жылы алтын медалы менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, 1996-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 1996-жылдын август айынан баштап Кара-Кулжа районундагы Б.Исаев атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштаган. 2004-жылы М.Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебине которулуп, аталган мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча толугу менен…..