Замир Орозбай уулу: Тоолор көзгө виртуалсыз монитор, мен төрөлүп бу жарыкты көргөндөн.

****** Оо бул аалам! Сырдуусуң да түрдүүсүң, ордоңду бу кай улуу күч башкарат? Бир жериңде ыйлап чыкса булактар, Бир жериңде бийлеп өсөт бак-дарак.   Өйдөсүнбөйт! Данек өсүп-өнгөндөн, мелүүн желге жалбырагы термелген. Тоолор көзгө виртуалсыз монитор, мен төрөлүп бу жарыкты көргөндөн.   Канча жандар бул ааламга келишти, Каалашынча шапар тээп, жеп ичти. Көзөп алат белек балким-топчудай, жалпак болуп жаралганда жер үстү.   Жердин үстү жашыл майсаң жайкалган, согушуудан соолуганы байкалган. Тынчтыкты сүйөт билсең көлчүктөр, кыпындай бир нерсе түшсө чайпалган.   Менменсинип дүйнөнүн бир четинде, моюн бербей Кудай кылган чечимге. Молекула сыяктанат толугу менен…..