Бектуруш Салгаманинин жаңы китеби жарык көрдү

Акын Бектуруш Таабалдиевдин (Салгамани) жаңы китеби жарык көрдү. Аты жок китеп жалпы окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Төмөндө китептин баш сөзүн окурмандардын назарына сунуштайбыз. Ал эми китеп алууну каалагандар борбордук аянттагы “Сонун го” китеп дүкөнүнө кайрылып, сатып алсаңыздар болот. Классик акындын ааламы Бул – Бектуруш Салгаманинин жаңы китеби. Сөз ошол тууралуу болмокчу. Ириде таң калтырчу жагдайы – аталышы. –Аты жок да китеп болобу?-дейсизби? Болот экен, мына, аты жок, а автору бар. Буга дейре «Кийиз китеп», «Чөп китеп», «Ылай китеп» аталышында китептер чыккан. Бектуруш аз жазат, анан ошол саналуу туундуларынын жарыкка толугу менен…..