“Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылган вариантында өзөктүк окуялар менен образдардын берилиш өзгөчөлүгү

“Манас” эпосунун Самар Мусаев агай тарабынан кара сөзгө айландырылган вариантында өзөктүк окуялар менен образдардын берилиш өзгөчөлүгү (4-макала) Албетте, залкар манастаануучу өзүнүн кара сөз вариантында улуу эпостун өзөктүк окуяларын мүмкүн болушунча толук камтуу менен аларды жетишерлик түрдө баяндоого чоң күч жумшаган. Мунун айкын мисалын жогоруда “Баатырдын балалык чагы, алгачкы эрдиктери” деген негизги сюжеттик линиялардын бирин эпостун тексти менен салыштырып кароо аркылуу көрдүк. Улуу Сөздөгү өзөктүк окуялардын эң негизгилеринин бири болуп, албетте, “Чоң казат” эсептелинет эмеспи. С.Мусаев агай “Чоң казатты” кара сөзгө айландырууда да бөтөнчө бир изденүүнү, өзүнүн теориялык билими менен көркөм толугу менен…..