Михаил Лермонтов: Биз акылды жемиши жок илим менен кургаттык

Орус адабиятынан Акын Рафаэль ашкан илхамы Жандуудай кистин колго алып, Үр сулуудай жаш кызды Бүткөн соң тартып, таң калып Өнөрүнө өзү кубанып Жыгылган экен куланып! Аздан соң таркап сонуну Көөдөндө дымып көргөнү. Жанчылып чарчап шалдырап, Унутуп калган жалдырап Табият берген жөндөмүн.   Ошондой акын: кылт этсе ой, Каламдан төгөт коротпой Бүт жанын; лира үнүнөн Сыйкырга тунуп бүт дүйнө, Жүргөндөй бейиш төрүндө Унутуп өзүң өңүндө, Арзыткан көңүл аздеги! Силерди ырдайт, силерди! Жүрөктүн анан табы өчүп Солгундап кагат эмеспи. Көңүл да сууйт кайра анан! Биринчи көргөн элести Унутпайт акыл далайга.   Атак толугу менен…..