Николай Заболоцкий: Бабалардан эмне калса – бүтүндөй, Демек, жаштар, бүт силердин энчиңер

Каркыралар Апрелде Африкадан – алыстан Биздин жердин кышы жазга алмашса. Желе тартып үч бурч болуп алышкан Каркыралар учуп келет ар жазда.   Жарк-журк этип күн нуруна чагылып, Канаттары кудум күмүш өңүндөй. Кең асманга жебе өңдөнүп сайылып, Келатышкан тобунан эч бөлүнбөй.   Жеткен кезде көлгө ушул арада, Дене боюн дүркүрөтүп адамдын. Жылчыгынан түтүн бүркүп абага, Ок атылды арасынан бадалдын.   Учкун жарк деп, тарс эткен үн угулуп, Көк коргошун көзөп өтүп жүрөктү. Көз ирмемде ажайып бир сулуулук, Быт-чыт болуп бут алдына күп этти.   Бир серпилип, бүт кыймылын токтотуп, Канаттары жатты толугу менен…..