Өскөн Даникеев: Наристе кыял

Наристе кыял Ай сүттөй жарык эле. Бала эки алаканын башына жаздап андан көзүн албайт. “Жез кемпир кум санап атат, – дейт оюнда. – Азыр чабалекей келет, анан куйругу менен кумун чачып кетет. Жез кемпир кайра башынан түшөт. Чабалекей… Ал кандай чабалекей болду экен?” Алардын үйүндө да чабалекей бар. Экөө. Нак тирөөч менен устун ашташкан жерине уя салып алышкан. Эртеден кечке жандары тынбайт, учуп-кире берет… “А балким, тиги Жез кемпирди өмүр бою адаштырган чабалекейди булар да билсе керек? Кантип билбесин, билет го. Баары тең бир уруудан да. Чабалекей адамга жакын дебедиби толугу менен…..