Бронтой Бедюров: Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы

Бронтой Бедюров – Алтай аймагынан чыккан эң көрүнүктүү акын жана коомдук-саясий ишмер, чыгыш таануучу-түрколог. 1947-ж. Тоолуу-Алтай Республикасынын Онгудай айылында төрөлгөн. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун жана СССРдин Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын бүткөн. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Россия Федерациясынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери, Алтай Республикасынын көрүнүктүү Эл акыны, Россия тил академиясынын академиги, Алтай Республикасынын жазуучулар союзунун төрагасы, Россия жазуучулар союзунун тең төрагасы жана башкармалыгынын катчысы. Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы Аңгеме Байыркы бир кездерде, Алтайда Адыган баатырдын уулу Бабырган баатыр жашаптыр. Бабырганга күч жагынан теңдеш эч ким болбоптур. Алтайда толугу менен…..