Адабий портрет

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы  Республикалык  сыйлыгынын лауреаты Рамис Рыскулов 1934-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районундагы Кызыл-Туу кыштагында 9-сентябрда  кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын кызмат абалына жараша алардын үй-бүлөсү Ош областынын Совет районуна караштуу Кара-Кулжадагы сактык кассанын башкаруучу кызматына ишке жөнөтүлөт. Болочок акын ал кезде төрт жашта экен. Ал Кара-Кулжа мектебине 1-класска окууга кирип, анда 3-класска чейин окуйт. Апасы Кыдыраалы кызы Уултай согуштун алдында, 1941-жылы  катуу оорудан каза болот. Атасы  өз ыктыяры менен согушка кетип кайтпай калат. Акындын эскерүүсү боюнча атасынан толугу менен…..