Сардарбек Рыскулов: Кулактын азабы

Кулактын азабы 1930-жылдын жазы. Кочкор өрөөнүндө колхоздоштуруу башталды. Буга чейин колхоз деген чыгат экен, бардык элди бир жерге чогуу кыштакташтырып бай-жардысына карабай колдо бар мыдырын бүт алат экен, деген сөздөр мындан бир жыл мурун эле эл арасына тарап имиш-имиш, дуу-дуу болуп кеткен. Башта мындайды кулагы угуп, көзү көрбөгөн эл далайга чейин бушайман болуп жүрүштү. Бирин-экин малдан, арпа-чүрпө айдап, чөп-чар чогултуп алып жүргөн шалбааларыбыздан ажырасак алда кандай күн болуп кетер экен деп, эртели-кеч баш кошо калганда кобурашып калышчу. Акыры ошол күн да жетип келди. Көпчүлүк менен көргөн той эмеспи, кыйшаңдоого чамасы толугу менен…..

Сардарбек Рыскулов: Аксак бөрү Абайылда баатыр

Аксак бөрү Абайылда баатыр (Эл оозунан) Абайылда аттуу баатырлар кыргыз элинде көп. Ошондуктан уругун атадык. Эл да бул кишини ошондой атап келген. Аксак бөрү солтонун атактуу уруусу. Абайылда баатыр – солто уруусунан. Айтылуу Черикчи баатырдын уулу Абайылда баатыр – Кочкордогу Болот-Темирден чыккан. Бир жылы күздө Суусамырда ат чабыш болот. Ошол чабышка кыргыз жеринен атактуу күлүктөрдүн бири калбай бүт келет. Таласта Шаккулу деген кишинин күлүк тору кашка аты бар экен. Бир күндө эки чапса эки, үч чапса үч чыгып, алдына жылкы салбаган күлүк болуптур. Бул аттын даңкы казак, кыргыз элине бүт толугу менен…..