Таазим сага татынакай жаз сулуу

Карбалас Бакиров ***** Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн, Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн. Чартылдаган чагылгандар жоголгон, Чокулардан, түнт токойдон келгемин. Олтурбагам эки беттен май тамып, Терезеден булуттарды кайтарып. Ташкындаган суулар менен аккамын, Ташка тийип, таштын мизин майтарып. Олтурбагам далдаасында коргондун, Мага бакыт азаптары жолдордун. Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, Келет дайым талаалардан ойгонгум! Вавилондун, кыйраган Вавилондун Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап, Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан, ашып түшүп, талааны барат каптап. Барат каптап талааны жоокерлердей, Кулпуларын талкалап аралдардын. Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып, Жарып чыгып таштардын тамандарын. Келаткандай дүйнөлүк салтанатка, Ээ-жаа бербей толугу менен…..