Сүйөркул Тургунбаев: Азаданын жарыгы

Азаданын жарыгы  Менин көз алдыман Азаданын алгачкы көргөнүмдөгү элеси эч качан кетпейт. Анда жетимишинчи жылдардын орто чени болуу керек эле. Ошко командировкага жөнөмөй болуп, Кармышак Ташбаевге телефон чалгам. Ал аэропорттон тосуп аларын айткан. Какем айтканындай, аэропортто тосуп туруптур. Дароо эле машинага баштады да, аэропорттун жанындагы Карл Маркс колхозуна тие өтөрүбүздү, аерде мектепте биз менен жолугушууну күтүп жатышканын айтты. Келсек чын эле мектептин директору баш болуп, мугалимдер, зал толо жогорку класстардын окуучулары күтүп турушуптур. Жолугушуу абдан шаңдуу жана кызыктуу өттү. Азада ошондо 40 кыздан турган бригада түзгөнүн, талаастанда аларга спорт аянт, толугу менен…..