Абдыманап Бакыев: Чечилбеген түйүндөрдү заматта, Ажал гана чечип коёт акыры

“Китеп көрсөм атамды эстейм, анткени атам акын эле” Күн өтө берет… Мен үчүн бул сөздүн маанисин түшүнгөн күн 2018-жылдын 15-июнуна туура келди. Бул күн менин атам үчүн акыркы күн болсо да, андан кийин деле күн өтүп жатат. Буга чейинки майда-чүйдө жетишпестиктер эч нерсеге арзыбайт тура! Мындан ары “Сен бактылуусуңбу?” – деген суроого эч качан: “Ооба” деп жооп бере албайм го… Анткени ар күнү эрте менен ойгонгондо “атасыз дагы бир таңым атты” деген ой башыма кылт этип келе берет да, атама болгон кусалыгым күчөй берет. Себеби бактагы алма-өрүктөр, тал-теректер атамды эске толугу менен…..