Кыргыз Республикасынын Эл акыны Т.Самудинов 80 жашта

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов 5-сентябрь күнү 80 жашка толду. Урматтуу Токтосун Самудинович, туулган күнүңүз, 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Сиз мезгилдин оор шартына карабай жеткинчектердин сүймөнчүгү болгон “Байчечекей” журналын үзгүлтүксүз чыгарып, жылдан-жылга журналдын маани-маңызын, сапатын, усулдук багытын жакшыртуунун  үстүндө көп жыл үзүрлүү эмгектендиңиз, учурда да талыкпай  журналдын ишин жетектеп, улуттук балдар адабиятындагы дөөлөттөрүбүзгө зор салым кошуп келе жатасыз. Сиздин жыйырмадан ашык көп жанрлуу китептериңиздеги ырлар, уламыштар, пародиялар, юморлор, афоризмдер, макал-лакаптар маданиятыбызды, салтыбызды, үрп-адатыбызды окурмандарга кеңири таанытууда чоң салым кошкондугун баса белгилесек болот. Сиздин адабиятка, маданиятка кошкон эмгегиңиз толугу менен…..

КРнын Эл жазуучусу Мелис Абакиров 80 жашта

Турмуштук мол тажрыйбасы менен, кыргыз элинин азыркы турмушун, тарыхын так чагылдырып, каармандардын образын жогорку чеберчиликте ачып берип, улуттук дөөлөтүбүзгө зор салым кошуп келе жаткан КРнын Эл жазуучусу Мелис Абакировдун чыгармачылыгына арналган көрсөтүүгө назар салыңыздар.  

Бүгүн Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин туулган күнү! 80 жашка толду!

Түрк маданияты эл аралык уюмунун ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеиновдун куттуктоосу: Урматтуу Сүйөркул Тургунбай уулу! Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун жана жеке өзүмдүн атымдан сизди куттуу мааракеңиз – 80 жашка толушуңуз менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Сиз кыргыз калкына сунган “Салам жаш өмүр”, “Кечки троллейбус” аттуу жаңычыл, жайдары ыр жыйнактарыңыздан тартып “Эки аска”, “Жарыктын ыры”, “Күндүн көзү” сыяктуу окурмандардын толук сүймөнчүлүгүнө арзыган китептериңиз кыргыз маданиятынын кенчине айланды, өзүңүздү Кыргыз эл акыны наамына чейин жеткирди. Адабий сын жаатында өзүнчө эмгектериңиз бар. Ал эми көркөм котормодо өрнөк болор эмгектерди жараттыңыз. Айрыкча түрк толугу менен…..