Төлөгөн Касымбеков: “Ооматы кеткенде өз токоюнда жүрүп, жолборс ачка өлөт”

(“Сынган кылыч” романындагы сырдуу накылдар)

*****

Бузулар үйдөн эң биринчи ырк кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан калат, биригип үй тутунуу милдетин унутушат.

*****

Хансыз эл – эгесиз үй сыяктуу.

*****

Какайганга какайгын – машайыктын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин – атаңдан калган кул эмес.

*****

Анын баары өткөн иш, айыккан жара, азыр аларды жаңыртып отуруу – мамлекеттин бирдигине зыян.

*****

Үгү деген үнүңөр, үксүйгөн жүнүңөр эле бар турбайбы!

*****

Жакшы атанын кашык менен жыйнаган мүлкүн, жаман уул чөмүч менен чачып түгөтөт.

*****

Ооматы кеткенде өз токоюнда жүрүп жолборс ачка өлөт.

*****

Көл дайыма эле жар чапчып толкуп турбайт, көлдү бороон толкутат. Эл деген көл сыяктуу.

*****

Үмүт үлпүлдөп өчүп бараткан оттон тыз деп бөлүнүп, көөдөй түндүн түпсүз койнунда жалгыз жүргөн учкундай жылтылдады.

*****

Күн көзүн көргөн суукка тоңбойт, хан көзүн көргөн арам өлбөйт.

*****

Жаман атка конуу суурулган кылычтан күчтүү: башыңа конгон бактыңды учурат, конгону келе жатканын чочутат!

*****

Нүзүп Шералыга:

-… Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! Тээтиги жаман көн чокой… Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң, Шерали… Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин…

*****

Эсирген кишинин көзүнө сыйлоо корккон болуп сезилет.

*****

Сынбасты уста жаратпаптыр, өлбөстү Кудай жаратпаптыр.

*****

Душмандан дайыма сак болосуң. Душмандын душмандыгы белгилүү. А туугандын душмандыгын качан чокуңа чокмору тийгенде билет экенсиң.

*****

…Аргымак тандап ат жыйдым – буудан болуп бербеди,

Азамат тандап дос жыйдым – тууган болуп бербеди…

*****

“Ашык дүнүйө, ашык бийлик адамдын жанына жапа, башына балакет болот”, – деген бабаларыбыз…

*****

Атчан жөөгө, бирөө экөөгө, басып келаткан жатканга салам айтмай – кыргыз сылыктыгы.

*****

Керегеде кулак бар, кеп айтмак болсоң ыраак бар, сырдашканың көбөйсө, эртең тышыңа жаяр ооз табылар!

*****

Киши кишиге жакшы күнүндө жакын, а башыңа иш түшкөн чагында киши кишиден алыс – кошо өрттөнбөйт, кошо өлбөйт.

*****

Кай бир учурда жумшак акыл, кай бир учурда катуу кагуу эсине келтирет эсирген пендени.

*****

Пенде жылкы мүнөз болот, жылкы арыгында мүңкүрөп кол карайт да, биртке эле тыңытып койсоң кошкуруп, өзүңдөн үркүп калат.

*****

Жашоодон үмүт үзүлгөндө адам коркунучту унутат.

*****

Карөзгөй адамдын иреңи жыландай болот, ичиндеги киринин бардыгы күдүрөйүп бетинен чыгып турат, дили таза адамдын жүзүнөн гүл көрүнүп, көздөрүнөн жылдыз жанып турат.

*****

Өлүм бактуунун багын алат, шордуунун шорун алат…

*****

Катуу сөз – камчы, жылуу сөз – укурук.

*****

…Бүлүнтүү, билгенин кылып кетүү баарыдан оңой, а бүтүрүү – кыйла машакат.

*****

Тоолуктар – сөз баалаган, мааниге муюп баш ийе билген журт.

*****

Тоолук эл – бүркүт мүнөз: жегенине кубанбайт, серпкенине кубанат.

*****

Исхак жоролоруна карап:

-Каргалар каркылдап жатышат. Уу тиштеп жүргөндөрү да жок эмес. Бирок, канчалык үнү катуу чыкканы менен, канчалык жамандыкты камдап жатышканы менен алардын алы чак. Каргаларды канатынын алдына калкалап, алдынан сыз өткөзбөй, үстүнөн буурчак тийгизбей асырап турган башка тоодон учуп келген темир тумшук алпкаракуш бар…

*****

Кир, жаман ой, кек өзүңдү бузат, диниңди карайтат.

*****

Жакшы үмүт, жакшы ниет болбогон жерде күнүмдүк өмүр да, ой-санаа да жайсыз, бапасыз коркунучтуу…

*****

Эшилген кум санаа эс көтөртпөйт, улам басат, түгөнбөйт, түгөнөр түбү көрүнбөйт. Кыжаалатына кыжаалат кошулат.

Топтоштурган: Мээрим Сайдилкан