Сынактын мөөнөтү 20-октябрга чейин узартылды

Урматтуу калемгерлер, адабият күйөрмандары,

КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналып уюштурулган республикалык поэзия сынагы 20-октябрга чейин (10 күнгө) узартылды. Баткен окуясына байланыштуу, мааракелик иш-чара ноябрь айына жылдырылган. Мындан улам, катышуучуларга дагы убакыт, мүмкүнчүлүк берүү максатында чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтүн 20-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алдык. Кабыл алуу 20-октябрь күнү саат 18:00дө аяктайт. Чамдаңыздар!

Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын

ЖОБОСУ

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү.

Сынактын максаты

  • Байдылда Сарногоев атындагы республикалык сынакты уюштуруу 2 этап менен өткөрүлөт;
  • Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгын жайылтуу;
  • Акындарга чыгармачылык дем берүү;
  • КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү планынын алкагында уюштурулат;
  • Сынак 2 (эки) жылда бир уюштурулуп турат.

Чыгармаларды каттоого коюлган талаптар

  • Сынакка катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар 10 ырдан (он) ашпашы керек;
  • Чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт. (китеп, журнал, гезит, соц.тармактарда.)
  • Сынакка поэтикалык чыгарма аныктамасына жооп берген, түркүн жанрдагы ырлар кабыл алынат.
  • Сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
  • текстик редактор WORD
  • шрифт Times New Roman
  • 14 кегль
  • интервалы 1,5
    • Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF

Калыстар тобу

  • Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн уюштуруучулар тарабынан поэзия жанрын талдай билген калыстар тобу түзүлөт.
  • Калыстар тобунун курамы 5 (адам) адамдан түзүлөт. Калыстар тобуна добуш берүү укугу жок катчы бекитилет.
  • Калыстар тобу ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана баалайт. Сынактын  жеңүүчүлөрүн аныктайт.
  • Чыгармалар уюштуруучулар тарабынан катталат.
  • Комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен жабык иш алып барат.

Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:

  • Тандоо этабы: чыгармалар жарыяланган күндөн тартып 2022-жылдын (10-октябрына, мөөнөтү узартылган) 20-октябрына чейин кабыл алынат
  • Чыгармаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.
  • Биринчи этабында төмөндөгүлөр бааланат:
  • Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилдин оригиналдуулугу);
  • Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу;
  • Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы.
    • Биринчи этапта баалоо 5 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган  максималдык баа 15 баллды түзөт, жалпы максималдык баа 75 балл.
    • Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып Калыстар тобунан эң жогорку суммардык балл алган 10 финалистти аныктайт.
    • Биринчи этаптын финалисттери (10 акын) Талас облусунда өтүүчү Б.Сарногоев атындагы поэзия сынагынын экинчи этабына жолдомо алышат.

Сынактын экинчи этабы

  • Поэзия сынагынын экинчи этабы 2 күн (ноябрь айында) аралыгында Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында өтөт.
  • Сынактын жүрүшүндө бардык финалисттер ырларын көркөм окуп беришет жана ага карап комиссия мүчөлөрү жыйынтыктоочу бааларын беришет. Баалоо системасы 5.5. пунктта көрсөтүлгөн тартип боюнча аныкталат.
  • Уюштуруучу, Төрага жана комиссия мүчөлөрү жеңүүчүнү тастыктаган сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
  • Жеңүүчүнүн аты-жөнү сынактын жыйынтыгын жарыялоодо жана сыйлоо аземинде гана ачыкка чыгат.

Жыйынтыктоо жана сыйлоо

  • Поэзия сынагынын жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган акындар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Баш байге: 100 000 (жүз миң) сом

1-орун 70 000 (жетимиш миң) сом

2-орун 50 000 (элүү миң) сом

3-орун 30 000 (отуз миң) сом

Атайын жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

Сынакка катышуунун шарттары:

  • Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
  • Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
  • Катышуу үчүн авторлор чыгармалары менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 10-октябрына чейин тапшырышы керек.
  • Арыздардын берилиши:
  • Электрондук почта аркылуу (adabiyat.kg@gmail.com адресине «Сынакка» деген белги менен);
  • Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) КР Улуттук жазуучулар союзуна алып келүүсү шарт.

Дареги: Эркиндик бул., 54

Сурап – билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80

  • Катышуу үчүн автор 2 файл тиркейт:
  • чыгарма (поэзия)
  • катышуучунун аты-жөнү жана сүрөтү.
    • Плагиаттык, улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.
    • Чыгарманы жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет.
    • Уюштуруучу сынактын шарттарына жооп бербеген ырларды эсепке албайт.