Сыйлык-сыймык!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык Кыргыз Ресспубликасынын Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамы менен

Чолпонбек Абыкеев

Жаныш Кулманбетов

Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы менен

Бактыгүл Чотурова

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы менен

Керез Зарлыкова

Атахан Кожогулов

Мусакун Сатыбалдиев

Дүйшөналы Султанкулов

Аман Нааматов

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы менен

Шекербек Адылов

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен

Данияр Исанов сыйланды.

Урматтуу калемдештер, сыйлыгыңыздар кут болсун! Чыгармачылыкта жигердүү иштеп, мыкты эмгектерди жарата бериңиздер. Сиздерге бекем ден-соолук жана эргүү каалайбыз! Сиздер жарата турчу эмгектер, багындырчу бийиктиктер али алдыда.

КРУЖС Башкармалыгы