Сулайман Рысбаев: Тукуянсыз (аңгеме)

Тукуянсыз

(аңгеме)

Жайлоо жапжашыл болуп чалкайып, көшүлүп жатат. Бүгүн деле кудайдын күнү күндөгүдөй жадырай чыгып, жайлоонун демейдеги тирилиги башталды. Өзөндө күркүрөп Көлтөр суусу агып жатат. Адырда мал айдагандар. Жон-жондо чубаган жандык мал. Кыскасы, жайлоо эки күн мурдагы адам үрөйүн учурган тополоң менен иши жоктой, эч нерсе көрбөгөндөй, эч нерсе билбегендей тынч. Тоолор гана алп баатырдын сөлөкөтүндөй көктү тиреп, ойлуу, көргөн-билгенин ичине катып томсоруп тургандай.

Жайлоонун тээ четки тарабы. Жалгыз боз үй. Күндө бул маалда короодогу уй саалып, очокко от жагылып, уйдун жылуу сүтү сүт машинага тартылып, көк түтүн созолонуп көккө көтөрүлүп, ат токулуп, ары-бери жумуштарына баскан адам жок. Боз үй да томсоруп, кирип-чыккан адам жок, тукуянсыз жетимдей жалгыз соксоёт.

Үйдүн тушунан арыраак бийик ат мамы. Анда тирүүлөй бир жигит аркан менен чырмалып, таңылып турат. Ал жашы жыйырмага жете элек ушул үйдүн ортон колдой баласы Кармыш болчу. Бети-башы канжалай сабалган, көйнөктөрү канга боёлгон бул бала эмне күнгө туш болуп, кандай тагдыр менен бул ат мамыда таңылып турду экен? Бу баланын атасы менен энеси кайда? Боз үй эмнеге минтип томсоруп калды?

Убакыт өтүп жатты. Тээ шашке чен болгондо гана аркы кызыл кыядан бирин-экин атчандар көрүнүп, артынан жоон топ эл агылып түшө баштады. А булар кимдер? Кайда келатышат?

Аңгыча, баягылар үйгө жакындагандан жакындап, өтө сүрдүү келатышты. Алдында – колуна балта кармаган алибеттүү жигит. Анын артында сакалдуу, салабаттуу карыялар, байбичелер, айыл адамдары. Атчан-жөөчөн болуп, баягы ат мамыда таңылуу турган Кармышты тегеректей башташты. Котолоп келген эл мамыда байланган Кармышты сүрдүү тиктеп, үнсүз токтоду.

Томсоргон жайлоонун тынчтыгын Эмирдин үнү чарт жарып жиберди:

-О эл-журт! Бул жексурдун тагдырын менин колума бергиле! Мен жазасын берейин! Өзүнүн бир тууган инисин гана эмес, менин иним Жангабылды да жарга түртүп жиберген ушул экен да! Өлүмгө-өлүм, канга-кан кылайын! Андан кийин башыма эмне түшсө көрөйүн!

Эмир ошентти да колуна кармай келген балтаны башынан жогору көтөрүп “ааа!” деп айкырган боюнча алга жүткүндү. Аны артында турган эки жигит жетип кармап, жерге басып кошо жыгылышты. Жыйылган эл дүрбөй түштү. Жигиттердин кучагынан бошоно албаган Эмир үнүнүн барынча айкыра берди. Бирок ал канчалык аракет кылса да бошоно албады. Бир кезде колунан балтасын алдырган неме Кармыштын соо жерин калтырбай ургулап-тепкилеп жатты. Эл тим койду. Бир аздан соң гана, Илеке карыя ачуулуу үн катты:

-Болду, балам, кудайдын каарына калган адамга колуңду булгаба! Болду! Анын жазасын Кудай өзү берсин!

Бул сөздү бир топ адамдар колдоп кетишти:

-Туура айтасыз!

-Итке теңелип ит болбогула!

-Жазасын Кудай өзү берсин бул жексурдун!

-Тийбегиле, колуңардан айлансын!

-Милийсалар келсин! Муну алпарып туруп, түрмөнүн түбүнө чиритсин!

-Милициянын кереги жок. Муну өзүбүз элдик сот менен соттойбуз..!

Ушундай башаламан сөздөр, ышкырык-чуулар кулак тундуруп, теребелди жарып жатты…

 

*****

Башында баары жакшы башталган эле. Мектепти жаңы бүтүп жатышкан. Андайда баары ысык, баары ынтымактуу болушат эмеспи. Ошентсе да, ынтымак күтүшкөн беш эркек бала ошол күнү өзүлөрүнчө кеңешишти да, айылдан алыстагы дарыяга балыкка барып көңүл ачып келишмей болушту.

Дарыянын бою балык кармаганга ыңгайлуу, кең жайыктары да, тик беттүү зоокалардын түбүндө буруу-буруу терең көлмөктөрү да бар. Баарынан кызыгы айыл адамдары анча маани бербеген табышмактуу үңкүрлөрү да көп экен.

Балыктан бир канчаны кармашты да, Кармыштын кеңеши боюнча жайык таштын бетине от жагып, чокко бышырып жемей болушту. Ал үчүн баарылап агынды отундардан жыйнап жиберишти. Анан жалпак чоң таштын бетине жалбырттата от жагышты. Кыпкызыл чок түшкөндө отту тегерете тартышты да, союлган балыктарды ысык таштыш бетине чызылдата жабыштырышты. Жарма менен суусундарын кандырып, чокко кызара бышкан балыктарга карындарын тойгузушкан соң, бир азга эс алууну чечишти.

Ошол күнү Кармыштын иниси Абдыш да буларды ээрчий барган болчу. Балдар суу жээгиндеги табышмактуу үңкүрлөрдүн биринен сала экинчисин кыдырып, музей көргөнсүп, кызыгып карап жүрүштү. Чын эле, бул үңкүрлөр кайсы бир мезгилдерде адамдар үй кылып жашаган сыңары, ичи жайлуу, ал тургай, жаккан оттун калдыктары бар экен. Чөп-чар төшөп, адамдар түнөк кылган үңкүрлөр аябай кызыктырды. Аңгыча бир үңкүрдөн табылган адамдын сөөгү баарын селейтти. Бул адам кайсы алаамат күнү ушул жерде жашады экен? Эмне болуп мындай күнгө туш болду экен? Балким, ачарчылык күндөрү тозуп жүргөн бир бечара болгондур…Балким, кара жанын ала качып, элден-журттан безип жалгыздыкта жүрүп, ушул күндү көргөндүр… Жарым-жартылай көмүлгөн сөөктү балдар кыйлага чейин карап үнсүз отурушту. Анан кимдир-бирөө, балким Жангабыл беле, “көөмп коелу, сооп болот” деп жиберди.

“Баса, сен молдонун баласы эмессиңби…” дешип, баары ынанышты да, макул болушуп, үңкүрдүн төрүн чукуп, сөөктү көмө турган болушту. Адегенде, Жангабыл атасынан үйрөнгөн сүрөөлөрдөн бирди окуду да, баары бата кылышты. Мики деген бала апасынын “сайдан согон каза кел” дегенинен кичинекей темир казык ала келген экен, Дайыр экөөлөп аны менен үңкүрдүн түбүн чукуп киришти. Экөө бир аз чукуп эле бир тери сымал түктүү нерсени көрүп калышты. Ал тери эмес эле, сыртында жүнү бар тулуп сыяктуу неме экен. Сууруп чыгышса, эчак чириген тери бөлүнүп-айрылып, ичинен шыгыраган көп нерселер чачылып жатып калды. Алардын баары сары тыйындар, эски алтын-күмүш кооз жасалгалар экен…!

Бирин-бири элейип карап калышкан балдар ушунчалык көп байлыкты таап алгандыктарынан улам, чоочуп да кетишти.

-…А-а, билдим,- деди Кармыш үнүн акырын чыгарып, – “биздин айылдын бир байы илгери ачарчылык маалда төө моюн алтынын үңкүргө жашырып, кийин таба албай калган имиш” деп чоң атам айтчу эле… Бул – ошол турбайбы..!

-Анда, муну эмне кылышыбыз керек?-деди Жангабыл көзү элейип…

-Эч кимге …эч ким айтмай жок!… Бул эчак жоголгон байлык…Муну эч ким буга чейин издеп келген эмес… Демек, муну азыр да бизден башка эч ким көргөн жок… билген жок… Туура айтамбы?…Кокус, кимдир -бирөөнүн оозунан бир сөз чыкса, башы менен жооп берет…

-Туура…-деди элеңдеген арык Мики менен томпок Дайыр.

-Муну бөлүшүп алабыз да, жан адамга билдирбейбиз…

Кармыштын бул сөзү баары үчүн мыйзамдай угулду.

Өзөндүн боюна бат эле көлөкө түшүп, караңгы да тез кире турган өңдөндү, бирок балдар баягы бир табактай алтын-күмүш буюмдарды майда-чүйдөсүнө чейин бөлүштүргөнчө күүгүм кирип кетти. Бирок эми буларды алар каякка алпарып катышат… Бул дагы аларды кыйлага ойлонтту. Ошондо да баары Кармыштын айтканы менен болду.

-Бүгүн ар бирибиз бөлүктөрүбүздү өз көйнөгүбүзгө ороп ушул жерге бекитебиз да, билгизбей үй-үйгө кетебиз. Экзамен бүткөндүн эртеси, бир жумадан кийин чогуу, бирибиз калбай чогуу ушул жерге келебиз… Эгер, кокус, эч кимге билгизбей келип уурдайм десе, ал өмүрү менен кош айтыша берсин… Анан шаарга окууга кетерде буларды ар бирибиз каякка жашырабыз, эмне кылабыз, кантип, каякка, эмнеге пайдаланабыз?..өзүбүз билебиз… Кокус, бирдеме болсо, ар кимдин өз азабы – өзүндө…

-Туура … дешти Жангабылдан башкасы. Жангабыл гана эмне кылар айласын таппагандай, калтырак баскан денеси токтой элек эле…

 

*****

Бири-бирине сырдуу көз караш менен карашкан, ичке сыр каткан бир жума убакыт өтүп кетти. Балдардын экзамендери да аяктады. Бир күнү убада боюнча түштөн кийин жолго чыгышты. Кармыштын акылы боюнча алар бүгүн өз табылгаларын өз каалаган жактарына алып кетишмек, же каалаган жерине катып алышмак. Он чакырымга жакын капчыгайдын жолу менен жөө барышканча эле кыйла убакыт өттү. Алар барган соң, чегиртке кармашып, сууга кайырмак салып киришти. Алардын келишин эле күтүп турушкансып, балыктар кайырмакка биринен сала бири илинип жатты. Ошентип балыктын кызуусу менен күүгүм кантип киргени байкалбай калды. Баягынтип балбылдата от жагышып балык бышырып жешкенче караңгы да кирип келди. Алып барган жармадан ичишип суусундарын кандырышты. Жылдыз чыга башташканда жолго чыгабыз дешип жатышканда, эмнегедир эле Жангабыл бышактап ыйлап кирди.

-Муну атам билип койсо, мени өлтүрөт…-деди денеси калчылдап.

-Эмне….?! -Кармыш жарыла кыйкырып жиберди Жангабылды ийнинен тарта силкилдетип. -Эй, буга чейин эмне талкан сугунуп алгансып биз менен жүрөсүң…

-Мен эмне кылышты билбей жатам…Бул деген күнөө …

-Эмнеси күнөө…? Биз эмне бирөөнүн буюмун уурдап алдык беле…

-Жок… Уурдаган жокпуз…Бирок…

-Эмне “бирок…”?- деп сөзгө аралашты арык Мики.

-Анткени, биз арбактын ырыскысын уурдап жатабыз…Тетиги арбактын… Шариятта мындайга жол берилбейт- деген атам…

Бир аз тунжурап калышкандан кийин, кайрадан Кармыш мындай деди:

-Арбак өз убагында аны пайдаланган, анан өмүрү өткөн соң, ал бизге калды…Анын эч нерсеси жок…

-Ооба да…-анын сөзүн Дайыр бекемдеп жаткансыды.

-Жок-деди анда кесе айтып Жангабыл,- Анда муну силер алсаңар алгыла, мен албайм…Атама да айтпайм… Бул – арбактын энчиси… Аларды жашырып пайдаланып, эч кимибиз жакшылык көрбөйбүз…Же баарыбыз арбакка айланабыз…Арбак урат баарыбызды…

Жангабылдын бул сөзүнө Кармыш чыдабай кетти:

-Уу, сенин шариятынды… Албасаң, анда ушу азыр арабыздан жогол..! Берген антыбыз ар бирибиздин оозубузда…Эгер кимибиздин оозубуз жыртылган болсо- өмүрү менен кош айтыша берсин…

Ушуну гана күтүп тургансып, Жангабыл ордунан тура калды.

-Анда болуптур, мен кеттим…Эч нерсе да албайм… Бул тууралуу эч кимге сөз да кылбайм.. Ант берем! Ишенип койгула…

Ошентти да, тетири бурулуп, караңгыны жиреп жөнөй берди. Арык Мики аны узата карап тура калды ордунан:

-Эй, бала, кетсең да, соо кет…Алдагы жерлерден аста бас.. Караңгыда жолдон тайгаланып, дарыяга түшүп кетпе… Сенин кунуңду төлөөр акыбал жок…

-Сен суу жээгине кирбей, куюнду менен өйдө чык…-деди Кармыш,- андан туура капталдап басып жол таап кетесиң… Андан көрө, жүргүлө, караңгыдан жол табышып берели…

Жангабыл “макул” дегендей, бат эле өйдө бурулду. Анын артынан Кармыш жөнөдү. Чын эле, караңгыда суу жээги менен жүрүү канчалык коркунучтуу болсо, өйдө куюнду менен жүрүү, андан ары кыялап жол таап кетүү андан беш бетер коркунучтуу эле. А бул эссиз балдардын аны менен иши жоктой…

Биринин артынан бири караңгыда Жангабылды коштоп баратышкан. Аңгыча эле Жангабыл куюндудан өтүп, кыялап басып баратып тик ылдыйды көздөй куркурап кете берди.

-Аааа!

Капчыгайдын көөдөй караңгысында Жангабылдын катуу кыйкырган үнү дарыянын күр-шар эткен үнүнө аралашкан боюнча бат эле жок боло түштү. Заматта Жангабыл бар туруп жок болду…

-Жангабыл байке…-деген Абдыш буркурап ыйлап жиберди.

-Жаагыңды бас…!-деди кыйкырып агасы Кармыш…- Мына бөлүнгөндү бөрү жейт -деген ушу…

-И-и-ий, байкушу-у-ум! Эмне болуп кулап кетти-и-и..? -деп ыйлап жиберди арык Мики,- өзү кулап кеттиби, же…

-Эмне- е-е?! Аны мени түртүп жиберди дегиң барбы?

Араң чыдап турган берки Абдыш менен Дайыр да ыйлап киришти… Ый аралаш арык Мики жер муштагылай берди:

-Кайдагы балыкка келдик эле… Кайдагы үңкүрдү кастык эле… Кайдагы алтынды таап алдык эле?! Жангабыл өзү айткандай, арбак урат баарыбызды…

Ошентип, эмне кылар айласын таппаган балдар, же үңкүргө барып жата алышпай, же кыя жолдон өтүп, кырга чыгып кете алышпай, ошол отурган жерлеринде бүрүшүп жатып калышты. Азаптуу түн өтүп, таң да атты.

Таң эрте баары суу бойлоп, Жангабылдын сөөгүн таап алабызбы-деген үмүттө жээк менен ылдый кыйлага чейин барышты. Бирок эч нерсе таба алышпады. Заматта бир досун жоготушуп отуруп калышты.

Жангабылдын өлгөнүн кантип угузабыз-деген талаш кыйлага созулду. “Сен кылдың, сен кылдың” -дешип, бири-бирине бакырып-кыйкырып, ичтеринен буктарын чыгарышты. Акыры Кармыштын айтуусу боюнча мындай сөзгө бекем турушмак болду: Жангабыл кайырмак салып отурган, аңгычакты кайырмагына чоң балык илинип калат, балыкты серпем деп шашылыш тура калып, отурган жериндеги таштан тайгаланып сууга түшөт да, айлампага кирип кетип, көз көрүнөө табылбай калган болот…Таң атканча суу жээктеп издеп жүрүп, Жанболоттун сөөгүн таппай коюшат…

Ошол сөз боюнча сөөк коюлду. Аксакал-карыялар ортого түшүп жатышып, “кырсык болуптур, балдар балалык кылышыптыр, бир туугандай болуп калышкан балдар бири-бирине жамандык кылмак беле… айла жок…” деген сөзгө аргасыз көнүшүп, Жанболоттун ата-энеси да ыйлап-боздоп, “кудайдын кылганына” моюн сунуп отуруп беришти…

 

*****

Жай ортолоп баратты. Колдоруна аттестаттарын алган Кармыш, арык Мики жана томпок Дайыр окууга тапшырабыз деген сөз менен шаарга жөнөмөй болушту. Жөнөйбүз дегендин мурунку күнү төртөө дагы да билинбей жолугушуп, дарыяга жөнөштү. Бул жолу алар өткөндөгү жасабай калган ишти жасашмак, ар кимиси өз олжосун бул жерден алып кетишмек. Эми бу жолу аман-эсен жарыкта чыгып кетели деп, ар кимиси көмгөн жерлеринен алтындарын алышты да, күүгүм талаш жолго чыгышты. “Бул каргыш тийген” жерден эртерээк кетип калууну ар бири самап турду. Анан артын карашпай, дарыя жээктеп кыркып жөнөштү. Дарыянын күр-шар эткен добушу көз байланган кечте эрбеңдеп бараткан жаш балдардын жүрөгүнүн үшүн алып албууттанып жатты. Анын мындай албууттанган түрү бүгүн баштагыдан башкача туюлуп, өтө эле коркунучтуу угулуп жатты. Анын бул үнүндө бир сыр жаткандай туюлуп, үнсүз бири-биринин этегине жармашып бараткан жаш балдардын денесин дүркүрөк басып, сырдуу да, табышмактуу дарыя жээги узатып тургансыды…

-Ух-хх!-деп алды Абдыш алар качан дарыянын жээгинен өтүп, кырга чыкканда,- жанагы арбак артымдан акмалап келаткансып, жаным чыгып кете жаздады…

-Эй, койсоңчу жүрөктү түшүрбөй!- деди аны колунан кармап томпок Дайыр,- аман-эсенибизде кетели бул жерден…

-Чын эле, сен коркуп калган жоксуңбу, Абдыш?-деп караңгыда көрүнбөсө да инисинин жүзүнө үңүлө карады Кармыш,- кел апаптап коеюн…

Ошентти да, момураган бейкүнөө инисине боору ооруган Кармыш анын оозуна сөөмөйүн сала апасынча “апаптамыш” болду. Эмнегедир, Абдыш эмне болуп жатканын туюп да койгон жок, туура иш болуп жатабы, туура эмес иш болуп жатабы, бул алтындарды эми каякка алып барышат, эмне кылышат…Туура, ага-ини болушса дагы, табылганы бөлө келишкенде, энчи Абдышка да өзүнчө тийди. Албетте, бул туура болду. Тигилерге караганда эки эсе көп үлүш алышты. Ал ошого сүйүнүп жатты… Анын ою боюнча, жакында шаарга барат да, шаарда иштеген милиция бөлөсү менен сүйлөшүп, алтындарды акча кылып, окууга өтүп, жер алып, жер иштетип, там салып, мал жана машина сатып алып, анан кийин аял алып, иши кылса, жатып алып кыялданып, кыялында кыйла байып алган. А иниси, азырынча жаш… Ага эч нерсенин кереги жок, үйдө атасы-энеси эмне десе таап берет… Аял алгыча убакыт бар…

Анын алдын ала түйгөн акылы ушундай…

Ал күнү ага-ини эки бала ата-энелеринен жашырган сырын билгизбей, унчугушпай тамак ичишти да, төркү үйдөгү даяр төшөктөрүнө жатып калышты. Ата-энелери балдары менен иши жок, малдары короого түгөл киргенине тынышып, өздөрү менен алек. Кармыш менен Абдыш укташмак кайда, көңканадагы эски көңдүн түбүнө катып коюшкан баягы алтындарын эмне кылууну ойлошуп, шыбырашып көпкө жатышты. Анан ата-энелери укташкан соң, айылдын четиндеги Ийри-Коктудагы кызыл жарга алпарып жакшылап катып келүүнү кеңешишти.

-Мен билем каерге катышты,-деди Кармыш,- бир карганын уясы бар, ошого катабыз…

-Ал уяга кантип жетебиз… Шаты алпарабызбы…-деп тынчсыздана кетти иниси.

-Шаты… Мээси жок… Шаты дейт… Жибек аркан каякта?

-Сарайда…

-Ошо жибек арканды сарайдан акырын алып чык… Аркан менен үстүнөн түшөбүз…

Ошентип кыйлага кеңешишти да, айыл тынчыганда Кармыш менен Абдыш ууру иттердей акырын жылышып өйдө чыгышты. Кызыл-Жар айылдан окчун, бурулуш коктуда эле. Үстү бүркөлгөн бийик жеринде карганын эски уясы бар эле. Кичинекей кездеринде таш менен койгулап жатышып, үймөлөктөгөн топ каргаларды таптакыр кууп жиберишкен. Ошо боюнча ээн калган. Үстүндөгү бадалга жибек арканды бекемдеп байлады да, Кармыш бир учун белине байлап, жар боорундагы үңкүрдөй болгон уяга жар боору менен жыландай сойлоп түшүп барды. Бул иш ал үчүн оңой болгон жок. Бирок бала күнүнөн мал менен жүрүп, оокатка бышкан Кармыш оюндагыны жасады. Карганын ээн калган уясына алтындарды бекитип ордуна кайтты.

-Өх-х! – деп алды көл-шал кеткен терин көйнөгүнүн этеги менен аарчынып, – Сага эскертүү, эч кимге сыр бербегин… жана да менсиз бул жерге келчү болбо…

-Мм…-деди акырын Абдыш.

-“Мм” эмес, уктуңбу.. Бирөө-жарым шексинип калса, иштин бүткөнү.. Анан да, менсиз бул нерселерге тийүүчү болбогун… Эскертип коеюн, менсиз келип алам дечү болсоң, колу-бутуңду сый чаап коем…

Кармыштын бул сөзү – шыбырап жатса да, буйрук катары катуу чыкты. Анын бул сөздөрү инисине жакпады… “Эмне үчүн мага минтип кыжынап атат…- деп ойлоду ал, -Андан көрөкчө, мен өз энчимди өзүмчө катып алсам эмне болот эле…”. Ошентип ойлосо да, агасынын сөзүнөн артка кайта албады. Унчукпай жолго түшүштү…

Кармыштын атасы Жуман улуу уулу мектепти бүтүп, чоңоюп эр жетип калганына сүйүнүп, ошо күндөрдө ал үчүн күндө майрам, күндө той болуп жүрдү. Анын үстүнө, айылда кылар иш жок, айдаган мал адырга барып, кечинде короого өзү келет. Аны кайтарам деп мээнеттенген киши деле жок. Мына эми балдары мектепти бүтүрүштү, жайлоого чыгышат. Кош айдоо бүткөн соң, кыштоодо жатакчы болуп ким жатмак?

Кармыш трактор айдатып келди. Атасы Жуман, энеси Зарыл жайлоого чыгар боз үйдүн жыгачтарын салып, таңылчактарын жүктөп, бир күнү тоого чыгып кетишти. Артынан малын айдашып, Кармыш менен Абдыштар барышты да, андан ары Кармыш шаарга жөнөмөй болду. Шаарга кетеринде Кармыш инисине көп эле нерселерди айтып жатканын апасы Зарыл байкап жүрдү. Инисине эмне айтып жатканы кызыктырды, “балким бир туугандардын өзүлөрүнчө кеби бардыр” деп эрөөн да алган жок. Атасы болсо, мал менен алек болуп, эртели-кеч үй бетин көрбөйт. Кыскасы, балдары менен жумушу деле жоктой. Кайда барып окуйт, эмне деген окууга барат, кантип окууга өтөт, андай ойлор анда жок сыяктуу. Мергенчиден бетер “чып этме” мылтыгы менен дүрбүсү жонунан түшпөйт. Апасы гана “Бөлөңө бар, ал шаарда милийса эмеспи, ошол жардам берер, үй десең үйү бар” деп, кам көргөн болот.

Анан эле бир күнү Кармыш шаарга жөнөй турган болду. Кыштоодо жумушубуз бар деген шылтоо менен, иниси экөө бир атка учкаша миништи да, жөнөп кетишти. Кыштакка бат эле келишкени менен, жайкы кеч маалкатып шашпай келди. Кыйлада гана түн кирип, экөө эч кимге билинбей Ийри-Коктудагы Кызыл-Жарга жөнөштү. Жалгыз барууга албетте болбойт эле. Анда да баягыдай, аркандын бир учун шилбиге, бир учун белине бек байлап, Кармыш жар боору менен сойлоп ылдый жөнөдү. Арканды ченеп кармап, жогору жакта Абдыш отурат. Кармыш шашпай боору менен сойлоп жар менен түштү да, уяга келип, алтын тыйындардан чөнтөгүнө шыкай салып, “арканды тарт” деп белги берди. Абдыш арканды тартып, агасын чыгарып алды. Анан үйгө келишти да, жарыкты күйгүзүшпөстөн, кичинекей шам менен узакка кеңешишти.

-Менин айткандарым эсиңде болсун, -деп буюра сүйлөп жатты агасы Кармыш, -менсиз бул жакка басып да келбегин. Тиги “Арык” менен “Томпок” да шекшип калышы ыктымал.

-Шаарга барганда буларды эмне кыласың..?-деп кызыкты Абдыш.

-Баргандабы..? -деп кыйылгансып, бирок инисин ишендирүү үчүн оюнан чыгарып бир топко сүйлөдү агасы,- балким тиги милиция бөлөгө жарымын берип, калганын акча кылууга аракеттенем. Азыр бирөөгө бирдеме бербесең ишиң бүтпөйт шаарда… Анын үстүнө, анын да, анын досторунун да оозун басуу керек…

-Мм…

-Анан эсиңде болсун, калганы экөөбүздүкү болот… Меники деп, бөлүнбөгүн, уктуңбу?… Мен аны келечекте экөөбүз үчүн иштетем… Сага айттым эле го… Сен атамдар менен калып, үйлөнгөнгө чейин дагы убакыт бар… А сен үйлөнгөндө баарын өзүм бүтүрөм…

“Демек, бул алтындардан Абдышка эч нерсе жок…Бүт баарына агасы Кармыш ээлик кылат экен да…”

-Эмне үчүн мен бөлүнбөйм..? -деди күңкүлдөгөн Абдыш,- менин да өз оокатым болушу керек да… Мен да өз алдымча оокат кылып, там салып, машина алып, атамдын көзүн карабай… Өзүң билесиң, атамдын айдаган беш эчкисинен, анан ичкен арагынан башка жумушу жок… Мен дагы окуп…

-Көп башты оорутпагын, айтып жатам го.. Мындан ары баары менин айтканымдай болот…Мага тике карачы …Сенин көзүң жакпай турат…

Агасынын бул сөзү Абдыштын ындынын өчүрдү…. Кармыш инисине жини кайнаган сайын, сары куба жүзүнө кан тээп чыгып, бети-башы тырышып, апасыныкындай жашыл сымал көздөрү от чачып жаткандай туюлду. “Мейли, -деп ойлоду ал,- өзү кетер шаарына кетсинчи…”. Ошентсе да, “Макул” деп ооз учунан жооп берип, баш ийкеди. Момураган, мурда-кийин мындай окуяга кабылып көрбөгөн болпогой баланын оозунан сөзү түшүп калды.

 

*****

Кармыш шаарга кеткени жайлоодо жай турмуш өз нугунда тынч өтүп жаткансыды. Атасы Жуман малы менен, апасы Зарыл үй оокаты менен алек. Жайлоодо эмне, күн алыс той, аш… Күн алыс улак тартмай, ат чапмай… Абдыштын көкүрөгүндөгү агасына болгон таарыныч гана болбосо, баары жайында сыяктанат. Ошол таарыныч, агасы баягы сөзүн күн сайын кайта-кайталап айтып жаткан сыңары, жүрөгүн мыжып келет. Сөзүнө караганда, агасы Абдышты адам ордуна көрбөйт, менин көзүмдү карап гана жашаса дейт, окубай эле айылда мал багып, жер казып жүрсө дейт… Эмне, элдин балдарынча мен деле шаарга барып, шаар көрүп, бир окууну окуп, билим алып, каадалуу бир жерге иштесем болбойбу, атам менен апам азырынча жаш эле го… -деген ой менен жашап жүрөт, – Эки жыл өтсө, мен деле мектепти бүтүрөм…”

Бир күнү атасы Жуман Абдышка кайрылып, “сен малды карап тур, мен кыштакка барып үйдү карап, картошка менен бедени сугарып келейин”,- деп калды. Көктөн тилегени келгенсиди Абдыштын. Ансыз да кантип кыштакка барып келүүнү ойлоп жаткан эмес беле.

-Мен эле барып келейин…-деди араң турган Абдыш.- Сиз убара болбоңуз.

Атасы макул болуп кала берди. Үч-төрт күндүк азык алды да, жолдон машина кармап минип, Абдыш кыштакка жүрүп кетти. Ошол түнү нөшөрлөп жамгыр жаады кыштакта. Жамгырды терезеден карап коюп, Абдыш оюнун баары Ийри-Коктунун кызыл жарындагы карганын уясында болду. “Эмне кылуу керек?-деген ой мээсине мык болуп кагылып жатты. Жаан болсо, чакалап куюп, түн ортосу болсо да басылбады. Балким, мынча жаандын суусу кыян болуп агып келип, карганын уясына толуп, ичиндегилердин баарын агызып кетпесин! Эмне кылуу керек? Аны бул ой тынчытпай койду. Баргысы келди. Барып алтындарды байкап көрүш керек. Эгер кыян агызып кете турган болсо, аны сактап калыш керек… Ансыз деле Кармыш агасы өзүнүн бөлүгүнүн дээрлик баарын алып кетти… Калганы Абдышка тийиштүү … Анын ээси Абдыш. Демек аны сактап калуу керек…

Анан караңгыда кара чапан кийип, ак арканды бирөө көрүп коет дегенсип, ичине кабаттап ороп, жыла басып короодон чыкты. Эзилген ылайда, нөшөрлөгөн жаанда алдыңкы күндө эмне болорун ойлобой, табышмактуу бир күч жетелеп баратты… жеткен кезде ого бетер күчөдү. Ага кошулуп, Ийри-Жардын коктусунун ичинен жамгырлуу бороон тосуп алды. Артка кайткысы келбеген Абдыш жардын үстүнө чыкты да, өлөр-таларына карабай ишке киришти. Арканды баягы ордуна бекем байлады да, калган учун белине ороп алып, тик жардан жылмышып ылдый жөнөдү. Аралыгы он кадамдай болгон жалама беттен денеси жанчылганына карабай, жанталаша түшүп келатты… Аңгыча, карганын уясына келип буту такалды. Чын эле, уянын ичине чопколуу ылай суу толуп чыгыптыр. Көйнөккө оролгон көлөмү чоң чыныдай болгон түйүнчөктү баткактын ичинен тапты да, шашпай ичин ачты. Шыгыраган тыйындардан бир аз калтырып, өзүнө тиешелүү деген калган бөлүгүн даярдап барган баштыкка салып, койнуна катты. Анан суу болуп ылайланган арканды тартынып өйдө сойлоп жөнөдү. Ылайланган жибек аркан желим сыйпап койгонсуп, колунан жылмышып, өйдө чыгыш азап болду. Жарым карыш жылымыш этип, боортоктоп сойлоп, жалама ташка сөөлжандай жабышып тыбырчылап жатты. Он кадам жердеги жардын кош тамандай текчеси көзүнөн учуп баратты. Кокус колу талып, жип колунан чыгып кетсе, белинен байланган жибине оролгон боюнча аска бетинде калары анык эле. Аны ойлоп, заманасы куурулду. Баягыда Жангабыл айткан “арбак баарыбызды урат” деген сөз эсине келип, көзүнөн он талаа жаш куюлуп, дагы деле жанталашып жатты… Таңга маал гана жаан басылып, ошондо гана өйдө чыгып барды да, үйдү көздөй сенделе жөнөдү…

Үйгө келди да, сарайдагы жыйылган эски көңдү көчүрүп, астына ыштыктай ор казып алтындарды билгизбей көмдү. Анан үстүнө көңдү кайра мурдагысындай кылып жыйып таштады.

Эки күндө кылар ишин бүтүргөн Абдыш жайлоого чыгып кетти. Ал түндөгү окуяны канчалык эстебейин десе да, эсинен кетпеди. Агасы келгенде эмне болорун ойлосо, андан бетер жанын коерго жер таппайт. Чын эле, агасы келип, алтындар канакей десе, эмне деп жооп берет. Эки бир тууган ошондо кандай абалга кабылат? Ортого от жагылып, чоң чыр чыкса эмне болот… Анда атасы менен энесине айтат… Бул тууралуу эч кимге айтпайбыз, эч кимге билгизбейбиз-деген убада эмне болот… “Өмүрүм менен жооп берем!”- деп антташкан сөздөр эмне болот..?

 

*****

Август айы аяктап келаткан… Эртең менен жылкыга жөнөчү маалда Абдыш эшикке чыкса, кыштак тараптан бир машина келаткан экен. “Азанда кыштактан келаткан ким болду экен?” дегиче машина өзөндүн боюна токтоп, бир адам түштү да, бери көздөй жөнөдү. Басышына караганда агасы Кармыш сыяктанат. Жүрөгү болк эте сайып алды! Денесин дүркүрөк басып, үй айланды да, ары коктуну өрдөп жөнөдү.

Ооба, ал агасы Кармыш болчу. Эми ал келет… Келет да, өзүнө чакырат… Экөө үйдүн ары жагындагы коктуга барышат. Анан экөөнүн талашы башталат. Талаш эмне менен бүтөт… Белгисиз… Эгер ата-энесин ортого салып, бүтүндөй болгон окуяны айтса эмне болот… Анда баары ачылат… Бүт ачылат… Суу жээги…Балык… Үңкүр… Адамдын сөөгү… Тулупка катылган алтын тыйындар… Антташкан сөздөр… Жангабылдын өлүмү… Баары ачыкка чыгат… Анан эмне болот…

Абдыш бээлерди айдап келгенден кийин, баары өзү күткөндөй болду… Каскактай болуп, ошол саатта тиги бел артында Асангелди деген аксакал небересине тушоо той берип жатыптыр. Апасы менен атасы бээ байланган соң, шашылыш аттанып кетишти. Иштин баары ошондон кийин башталды… Көрсө, Кармыш шаардагы бир окууга өтүп, милиция бөлөсү менен соодаларын жасап, анан кыштакка келет. Келип эле кызыл ылайга чыланган жибек арканды үйдөн таап алат… Кашайгырдыкын карабайсыңбы, Абдыш баягыда ылайга чыланган арканды тазалап жууп коюуну таптакыр унутуп таштаганын! Арканды көрүп эле, иштин жайын түшүнөт. Анан түндө алтындарды каткан жерге барып, баарын өз көзү менен көрөт…

Сөзүн баштаганда эле, Кармыш инисин тарамыштай тырышкан шадылуу колдору менен алка-жакадан алды.

-…Ии, канакей калганы?! Кайда каттың баарын… Бөлүнгөндү эмне жечү эле?.. Айт деп жатам… Болбосо, азыр сени өз колум менен союп салам да, көз көргүс жакка кете берем…

-…

-Айт деп жатам, акмак!

-Атама айтам!!!

Бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин, эне сүтү оозунан кетелек козудай момураган бала билбей калды… Көрсө, ал алиге бала тура, баланын коргоочусу жалгыз гана ата болот тура… Аны баланын күнөөсүз жан дүйнөсү эсине сала койгон тура… Кап десең!

-Эмне-е-е-е?!

Андан кийинкисин билбейт… Кармыштын таштай муштуму каерине тийгенин, андан кийин кантип каалашынча тепкилегенин эч билбейт… Чайкайнамдан соң акылына келген Абдышты желкелеп жөө айдап алып, кыштакка келишет. “Табасың”!-деп демитет. Бирок Абдыш алтынды кайда катканын түк айтпайт. Эмне кылсаң да айтпайм деген сөзүн кайталайт… Ансайын Кармыш кыстоого алып, учтуу аш бычакты кекиртегине такайт… Ызаланган иниси агасынан калышпай бойлошуп, ансайын көгөрүп сөзүнө турат.

-Айтпайм…

-Айтасың! Айтпасаң, азыр сени өз колум менен жайлап салам!

-Чын элеби?! Жайла анда, жайлагың келсе! Түкүрдүм сенин бетиңе! Сенин бир туугандыгыңдан кечтим! – дейт да, оозундагы кан аралаш түкүрүгүн Кармыштын бетине жаба түкүрөт.- Ушу сен баягыда Жангабылды да жардан алыс түртүп жиберген жок белең ыя?! Эгер андай болсо, эми анын артынан мени өлтүр!

Ачуусу келип араң турган Кармыш инисинин бул сөздөрүнө чыдабай кетти… Колундагы бычак менен Абдышты колтук тарапка сайып жиберди…

-Аа-а-а-а-а! -деген боюнча агасын бир ирет карап алып, Абдыш жерге кулап түштү…

Дал ошол маалда үйдүн ичинде тополоң болуп жатканын жолдон өтүп баратып туюп калган Эмир карбаластап кирип келди. Ал Кармыштан канчалык олбурлуу болсо да, жерде сулап жаткан Абдыштын башын жөлөөргө алы келбей, учунан кан таамп турган бычакты карыштыра кармаган Кармыштан сестене туруп калды. Кармыш ошондо Жангабылдын бир тууган агасы Эмирди көрүп, эсине келе түштү…

 

*****

Мына ошол калабалуу окуянын этеги ушуну менен бүттү…

Абдыш жерге коюлду…

Ортодон азаптуу үч күн өттү…

Ошо үч күндөн бери Кармыш мына ушу ат мамыда тикесинен тик, чымын-чиркейге таланып таңылып турат.

 

*****

Өкүм Илеке карыянын айтканындай бычылды. Жайнаган эл анын чечимин туура көрүштү. Кызыл шапкечен милициялар дагы элдин бүтүмүнөн чыкпагандай…

Илеке карыя, төшүн жапкан куудай сакалын сылап, эки колун жогору көтөрдү. Аны карап элдин баары кош алаканын  жайышты. Карыя күн батыш тарапты көздөй бурулду да, сакалы бириндеп, үнү дирилдеп, кош алаканын тетири жая, буулугуп мына буларды узакка сүйлөдү:

-Кудайдын каарына калган бул баланы кудайым өзү жазаласын… Эч кимиңер колуңарды тийгизип, булганбагыла… Милийса балам, мунун тагдырын биздин өзүбүзгө бер… Ата-бабалардан келаткан эң оор жаза – ушул, балдарым: бул жүзү каранын эгерим жүзү агарбасын! Эл караган бети экинчи ирет эл карабасын! Экинчи ирет эл аралап буту басып келбесин! Экинчи ирет туулуп-өскөн жерин көрбөсүн! Ата-энесинин мээримин эзели укпай, жүзүн көрбөй калсын! Элдин катарынан чыксын бул жексур! Эли-журтуна эки өмүрүндө кошулбасын! Кудайым өзүн коколой тукуянсыз калтырып, тозокту тирүүсүндө көрсөтсүн! Ит өмүрүн көрүнгөн жерден көрүп, адам катарынан чыгып, тентип жүрүп күнү өтсүн! Балам деп, бир тууганым деп, артынан эч ким издеп барбасын! Бул тетири батам сая кетпесин! Оомийин!

Казыкка байлануу Кармышты Эмир бошотту да, жүзүн элге каратпастан, тетири буруп, түртүп жиберди. Алы куруган Кармыш далбактап барып көмөлөнүп жыгылды. Жерде кыйлага жаткандан кийин гана жанчылган неме зорго турду. Анан бет алды сенделе басып жөнөдү…

Артына кылчайып карабады…

“Апа” деп акыркы ирет сөзүн айта албады.

“Ата” деп айтканга тили күрмөлбөдү.

Эл тикелей жарданып карап турушту. Эч ким үн каткан жок…

Бир убакта энеси Зарыл эчак өчүп бараткансыган алсыз үнү менен ачуу чаңырып алып, жерге кулады:

-Тукуянсызым! Тукуянсызым! Тукуянсызым!..

9-11-март, 2019-ж.