Сулайман Рысбаев: Алтын баш

Алтын баш

(Жомок)

Бир адамдын жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга:

-Сен корпо, аман-эсен эркек бала төрөйсүң, – дейт экен ага, – ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле тумуктуруп жок кыламын. «Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө» – дейт.

Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо мейли, балама тие көрбө» – деп жалынышат. Бала эсен-аман төрөлөт. Маңдайы жарылып сүйүнүшүп, эл чакырып той өткөрүшөт. Картайганда көргөн уулубуз медерибиз болсун деп атын Медер коюшат. Баягы Албарсты кемпирдин сөзү абышка-кемпирди катуу ойго салат. Бирок аны бат эле унутуп ташташат да, баласын аябай эркелетип өстүрүшөт. Ошонун кесепетинен жалгыз уул тентек чыгат, ата сөзүн укпай, энесин сыйлабаган эси жок чоңоёт.

«Элдин уулу ата-энесин кубантып өсөт экен, биздин уулубуз жаш туруп энесинин чачын агартып, атасынын сакалын кубартат белем» – деп кейип, атасы менен энесинин бели бекчейет.

Өзү теңдүү балдарды же кичүүлөрдү уруп-токмоктоп, «кой» деген улууларга тил тийгизип, кары-картаңдарды элдин көзүнчө ыза кылат.

Атасы менен энеси айылдын эң абройлуу адамы болгондуктан гана улуу-кичүү адамдар ал баланы ичинен тилдеп, сыртынан кечирип жүрүшөт экен.

«Бала кезиңде жиликтин чучугун чагып берип өстүрдүк эле, эми өлөрүмдө менин чучугумду чагат экенсиң»-деп атасы сакалынан жашын куюлтат.

Ошенткен сайын абышка баягы кесепеттүү мастан кемпирдин сөзүн эстей баштайт. «Кандай болсо да, мага туяк болсо болду» – деп буркурап ыйлап суранган өзүнүн сөзүн ойлойт. Кудайга миң жалынып, эмне болсо ошо болсун, «Куу баш» атыкканча артымда калар балам бар, өлсөм топурак салат» – деп өзүн-өзү сооротот да, баласынан азап көргөнчө эртерээк өлсөм экен деп тиленет.

Бирок Кудай-таала, өзү айткандай эртерээк эле алып кетпейт. «Өзүң сурап алгансың, эми анын азабы менен тозогун көр» – дегендей.

Ошол күндөрү кемпири көз жумат. Абышка омуртка – бели сыздап кемпири менен коштошуп, жерге жашырат.

Бир күнү абышка уулун жанына чакырат экен кеңешүүгө:

-Медерим, уулум, – дейт абышка эркелетип, – мен буга чейин жаман айткан күнүм болсо кечир, энең ыраматылык да сенин жакшы болуп эр жетер күндөрүңдү көрбөй кетти. Эми мен сенин тентектигиңди, акарат айткан сөздөрүңдү кечирейин. Энеңден кийин, мен эми канча жашайм, бир кудай өзү билет. Жалгыз балам сен болгон соң, сени кубат кылып калган күнүмдү көрүп, суумду ичейин… Күнүм бүтүп, суум түгөнгөнчө сени медер тутайын, балам.

-Болуптур, ата. Сиз айткандай болсун, экинчи мындай жоруктарымды таштайын – дейт сүйүнтөт атасын. Ошентип, уулу Медер атасын калп болсо да сөзү менен ыраазы кылат. Бирок Медердин бул сөзү атасын убактылуу гана алаксытканы болчу. Ал «жаман болор баланын алдынан жаман бала жолугат» – дегендей, бекерчи жана кумарпоз балдар менен бекерчиликке көнүп, кумар ойной баштайт. Ичкилик ичип, куурай ушалап нашаа тартат. Күндүзү иш кылбай үйүндө жатат, түнкүсүн атасын жалгыз зарлантып күттүрүп, сөзүн укпай, чардап ойнойт.

Медердин бул кылыгы ашынып, бир күнү кумар оюнуна сайып, атасынын жалгыз атын уттуруп жиберет. Ал жөнүндө Медер атасына айтпайт. Жамандык жерде жатчу беле, эртеси эле баягы кумарпоз достору Медердин үйүнө келишет. Жасоолдой болгон жалаңдаган жоон билек жигиттер абышканын атын жетелеп кетмекчи болушат.

-Ушул атты алгыча, анын ордуна мени өлтүрүп кеткиле,- деп зар какшап буттарына чөгөлөйт.

Бирок малын эмес, жанын алып кетүүгө даяр турган кумарпоздор атынын чылбырына оролгон абышканы жерге сүйрөп таштап, атын минип кете беришет.

Медердин жоругу муну менен эле бүтпөйт. Ал атты уттурган атын кайра кайрып алам, же аларды өлтүрүп тынам – деп кумар оюнуна катуу киришет. Кийинки оюнга атасынын үйүн саят. Дагы да Медер утулуп калат. Намыстанган Медер эми атасынын бетин кантип карайын, болору болду, – деп кумарпоз өнөгүн койнуна жашырып алып жүргөн шамшар менен сайып өлтүрөт.

Медердин бул окуясын, желдеттер аны түрмөгө алып кетип жаткан жерден гана билет атасы.

Буркурап ыйлаган атасынын жүзүн кароого Медердин бети чыдабай, жер карайт.

Ошондо абышка жалгыз уулуна соңку керээз сөзүн айтат экен:

-Түрмөдөн аман келсең, сөөгүмдү кайда коюшканын тапкын да, мүрзөмө келип куран оку. Кудай менин арман – азиреттигимди укса, ошондо сага акыркы сөзүмдү айттырар.

Ошентип, Медер түрмөгө камалат. Ал кеткен соң, баласынын азабынан атасы көз жумат. Эл анын сөөгүн кемпиринин жанына коюшат.

Арадан жылдар өтүп, Медер түрмөдөн бошонуп келет. Келет да, атасынын мүрзөсүн таап, буркурап ыйлап, куран окуйт. Окуп бүтүп отурса, мүрзөнүн ичинен атасынын үнү угулат. «Балам, түндө коркпой келип мүрзөмдү ач – дейт атасы,- айтар сөзүмдү ошондо айтам…»

Эч кимге көрүнбөй түн жамынып барып, атасынын мүрзөсүн ачат Медер. Мүрзөсүн ачса, атасы жаткан казанактын ичи шам коюп койгондой жапжарык нурданып турган болот.

Медер коркуп кетип, казанактын оозун жалпак таш менен жаба калат. Ошондо мүрзөнүн ичинен атасынын үнү чыгат.

«Уулум, коркпо. Мен – атаң элемин. Сага жамандык кылмак белем… Коркпой ача бер…»

Кудум тирүүсүндөгүдөй чыккан атасынын бул үнүн угуп, Медер: «Атам өлгөн эмес го…» – деп буркурап ыйлап, казанакты ача салса атасынын суналган сөөгү ак кепинде оролуп жатат. Бир гана нерсе, негедир, атасынын башы нур чыгарып, шоолаланып, алтын түспөл тартып жүзүндө нур ойноп кубулуп турганын көрөт.

-Уулум, мынча болгон соң, коркпостон менин башымды кесип ал. Адам тирүүсүндө билбейт, өлгөн соң гана башынын алтын экенин билет. Эми коркпой башымды кесип алгын. Ал сага укум-тукумуңа чейин жетер байлык болот… – дейт атасы баягы калыбында…

Медер атасынын башын кесүүгө колу барбады. Анын барк-баасын да, анын далай ирет айткан акыл-насаатынын да кунун эми билди. Ал баа менен кун атасынын алтын башы болчу…

Ошондо Медер атасы менен энесинин өмүрүн арманга салып кеткен жоруктарын эстеп, алардын арбактарынан кечирим сурайт. Акылына кирип, адал иштеп, ак жашоо жолуна түшөт.

(соӊу)