Смар Шимеев: Жакшылардын кендири эрте кесилет, Аз өмүрдү саз жашашып сүрүшүп

Мен ичкен булак

Шылдырап күмүш булак суусу кандай,

Кочуштап, жата калып далай ичтим.

Ичкенде ширелериң таттуу балдай,

Кечиргин кээде ойноп сени кечтим.

 

Айыгам ооруп калып ичсем сени,

Дарысың, ажалымдан алып калар.

Өзгөчө касиетиң, билбейм деги,

Кымбатсың жүрөгүмдөн артык баалар.

 

Жүрөктөн кан түгөнүп, көзүм жумсам,

Булагым кан ордуна сенин сууң бар.

Алсырап элсиз ысык чөлдө калсам,

Эстесем, канат бүтөт, сага барар.

 

Башканын көз артканын ыраа көрбөйм,

Мендиксиң, киндигиң бир, сени ардактайм,

Көк тулаң – килемиңди тебелетпейм,

Бөлөктүн изи түшсө, казып таштайм…

 

Сайрандап жээгиңди мен көп бойлодум,

Жүрөккө элес болуп салды чийин.

Тебелеп тулаңыңды көп ойнодум,

Так болуп баскан изим калар кийин.

 

Шылдырап күмүш булак суусу кандай,

Кочуштап, жата калып далай ичтим.

Ичкенде ширелериң таттуу балдай,

Кечиргин, кээде ойноп сени кечтим.

 

Кыл кыякчы чал

Чал көрдүм, Түркстандан кыяк тарткан,

Жашынан муң-кайгынын ыйын арткан.

Бир кезде кыз-келиндер ашык болуп,

Оозунан ал акындын балы тамган.

Казактын куу чөлүнүн боз торгою,

Балбылдап көздөрүнөн оту жанган.

Безентип сайраганда боз талаанын

Элинин чери тарап, мооку канган.

 

Сексенден, ашып калган жарыктыгым.

Бактылуу турмушуна карыктыгын.

Укканда кыл кыяктын күүлөрүнөн

Көрөсүң сен таалайдын ою-кырын.

Бир кезде кыл кыягын жерге коюп,

Карыя жашыргансып ички сырын,

Жерден ал топуракты чымчып алып,

Эстеди жыттагылап жаштык жылын.

 

*****

Жаз да келди кыздын сүйгөн көзүндөй,

Күн жаркырап нурлар салам беришет.

Талаа тойбос карынбайдын өзүндөй

Нурду жутат, балкып тоңдор эришет.

 

Бак-дарактар силкип таштап кыш тонун,

Күчүк байлап, жазды алкап жаткансыйт.

Муз эриген, суу шылдырап кыштоонун

Азабына чыдаганды айткансыйт.

 

Жаз эркеси байчечекей кылтыйып,

Гүлүн ачып, башын жерден көтөргөн.

Бак башында каргалар да тымпыйып,

Каркылдашат кемпирлердей жөтөлгөн.

 

Сен экөөбүз байчечекей териштик,

Өмүр гүлүн бирге терип жаттыкпы!

Сөз талашып, анан кийин кериштик,

Таарынычтан жоголгонду таптыкпы!!

 

Тез жазылып, күлкү салдың кайрадан,

Сен ошондо мага сүйүү бергенсиң.

Күлгөн өндүү жашыл талаа айланам,

Өмүрүмө жазды алып келгенсиң.

 

Жаз да келди кыздын сүйгөн көзүндөй,

Too, талаага салам айтат нурларың.

Ай, сулуу жаз, сүйгөнүмдүн өзүндөй,

Күлкүң менен жүрөгүмдү уурдадың

 

*****

Устарага алдырып, жаңы чыккан,

Аппак чачтай жер бети кыроо болгон.

Бул кеч күз да чалкадан жайды жыккан,

Кышты күткөн даракка кыроо конгон.

 

Скверде азанда жүрөм басып,

Арт жагымда карарып изим калат.

Кыроосу да өмүрдүн келер шашып,

Кейип кетем, ойлосом ичим жанат.

 

Өмүр кышы келгенче изим болсо,

Кар басса да эч качан ал кетпесе.

Анда мейли чачыма кыроо толсо,

Бороонду өмүр тоготпой түз беттесе…

 

*****

Айланышат таз жорулар аскада,

Тарптын жытын сезип калган көрүнөт.

Чыкпай калса жүрө берет ачка да,

Күндүк жерден билип напси төгүлөт.

 

Жоруларга миң жыл өмүр бергени,

Табигаттын калыстыгы эместир.

Мин, жыл бою тарп издешип келгени,

Тирүүлүкпү? Жок, көлөкө элестир.

 

Бу да кордук өзүң жемди таппасаң,

Мин жыл жарык көргөн кайран өмүр ай!

Жорусуң да үйгө отту жакпасаң,

Түтүн чыкса адам анда көңүл жай.

 

Адамдардан тарп издеген кезигет,

О, андайлар узак жашайт бүрүшүп.

Жакшылардын кендири эрте кесилет,

Аз өмүрдү саз жашашып сүрүшүп.

 

Жакшыларды көпкө сактап кармашса,

О, табигат болмок сенин кубанчың.

Жору менен адам өмүр алмашса,

Кайда кетмек акыл сенин кулачың?!..

 

*****

Адам деген таалай баркын билеби?

Кайгы чалган убай дартын билеби?

Эгер билсе, чиренбесе, көппөсө!..

Адам жарык күндүн баркын билеби?

 

Айсыз кара түндүн дартын билеби?

Эгер билсе, күнү бекер өтпөсө!..

Адам анык сүйүү баркын билеби?

Санаа чеккен күйүү дартын билеби?

 

Эгер билсе, башын салып чөкпөсө!..

Адам байлык, токтун баркын билеби?

Ачкачылык жоктун дартын билеби?

Эгер билсе, түк ырысын төкпөсө!..

 

Түнкү ыр

Ушул азыр, сен уйкуда мемиреп,

Жаткандыр деп жар жүрөгүм элирет.

Сүйгөн жарым, кылыгыңды ойлосом,

Жарды көңүл кээде байып семирет.

 

Мына, кара, жаштын түнү – айлуу түн,

Сен сыяктуу, мeни өпкүлөп жел жүрөт.

Айдын нурун кыял минип алгандай,

Алда нени менден алыс ой сүрөт.

 

Түшкөн жылдыз

Сонет

Кокустан жая салсам алаканды,

Асманда учуп жүргөн жылдыз түштү.

Бул кезде байкабапмын аткан таңды,

Табигат, таасирлериң кандай күчтүү.

Бетимди түгөл жууду эртең менен,

Кубанычтан кыялданып чыккан жашым.

Көңүлдүн кири ойдон кетти беле,

Бийлетип ишеничке акын башын.

Күн жылып, ай айланып, жылдар өтсүн,

Экөө тең эгиз болсун, айрып алгыс.

Турмуштун тартышында күнгө жетсин,

Ар кимдин жүрөгүнө таасир этсин,

Акындын тагдырына түшкөн жылдыз.

 

*****

Батыш Сибирь металлургия комбинатынын болот эритүүчүлөрүнө арнайм

Кызды көрдүм от менен ойноп жаткан,

Анын назик колунан ичке, сыйда

болот эрип көлкүлдөп суудай аккан,

Укмуштуу кыз татыйсың кандай сыйга.

 

Эриген от куюлуп, шыр-шыр этип

Кызыл учкун жылдыздай учуп тарайт.

Отко күйүп калчудай чочуп кетип,

Артка качтым, кыз мени сырдуу карайт.

 

«Ойнобогун от менен жүргүн алыс»,

-деп айтуучу таенем бала кезде

От шырылдап куюлуп аккан алыш,

«От дайра бар тозокто» дегени эсте.

 

От дайрабы, кайнаган болот агып,

Күйгөн деңиз өңдөнөт анык өзү.

Кара айнеги чекеде жакын барып,

Улам карайт каныккан кыздын көзү.

 

Болот агат чачырап жалын чыгат,

Ал жалындын ичинде кенебейт кыз.

Суюк отту караймын жаным чыгат,

Учкундарын аралап тебелейт кыз.

 

Кызмат бүттү, жасанып кыз да кетти,

Колунда жок калдайган эпсиз мээлей.

Билбейм кандай ушул кыз таасир этти,

Карап турам, кеткенсийт жүрөктү ээлей.

 

Кыз колунан жаралып жалын дайра,

Отту кечип жүргөнү тартты бекен?

Бара жатып карады кылчак кайра,

Назиктиги көнүлгө жакты бекен?

 

Сен эритип, муздаткан албарс болот,

Көрөм андан мекендин сүрүн анык,

Ай, назик кыз жүрөккө сыйлуу конок,

Болотундай мен эрип, барам жанып.

 

Жумшак, назик колуңдан чыккан болот,

Мүмкүн тигил космосто учкан чыгар.

Ойлор келип ушундай көңүл толот,

Сени көрсө адамдар таазим кылар.

 

Океандар, деңиздер көп-көк жайык,

Мекенимдин коргошуп чегин бекем,

Сүзүп жүрөт түбүндө атом-кайык,

А да сенин болотуң болду бекен?

 

Менин жазган ырларым сен жараткан,

Болотуңдай өтө курч, бекем болсо!..

Анда алыска учмакмын мен канатчан,

Аттиң, болот жалын мага консо!..

 

Кызды көрдүм от менен ойноп жаткан,

Анын назик колунан ичке, сыйда,

Эрип суюк болоттун дайрасы аккан,

Укмуштуу кыз бөлөсөк сени сыйга!

 

*****

Тизип өргөн кара бермет көрүнчү,

Согончокко түшкөн чачың баратсаң.

Мен артыңан тиктеп көңүл сөгүлчү,

Аттиң турмуш, да бир жолу каратса!..

 

Сенин чачың көркүң болчу жашыңда,

Суктанчумун мен оронуп мойнума,

Тиктеп эркем отурганда кашыңда,

Жыргал дүйнө баткан өңдүү койнума.

 

Өмүр уста тынбай иштеп узанып,

Саамайыңды бир аз күмүш басыптыр.

Чачың да жок турчу анда тушалып,

Мезгил сук да көркүңдү алып качыптыр.

 

Мен жакында көрдүм кайра чачыңды,

Жүрөк шуу деп, чочуп кеттим, түшүнбөй.

Көрсө сенин кызың экен, жашыңды,

Элестетип, бир көрүнгөн түшүмдөй.

 

Так ошол чач, өзүң басып жүргөндөй,

Бою гана сенден узун байкалат.

Ай, өмүрүм бир каткырып күлгөндөн,

Жаштыгыбыз кайра келсе кайталап.

 

Тизип өргөн кара бермет көрүнчү,

Согончокко түшкөн чачың баратсаң.

Мен артыңан тиктеп көнүл сөгүлчү,

Аттиң турмуш, да бир жолу каратсан!..

 

Капаланган адамдын көңүлүндөй,

Дарак турат кеч күздө кабак бүркөп.

Жадыраган жайдагы күн көрүнбөй,

Кара булут асманды алган чүмкөп.

 

Ичиркентип күз шамал ыркыраган,

Күбүп жатат саргайган жалбыракты.

Чайпалышып бутактар чыркыраган,

Күзгү суукта тапкандай калтыракты.

 

Ушул күздө бараттың бакты аралап,

Жалбырактар төшөлөт буттарыңа.

Дарактар да ийилип жатты карап,

Күзгү абаны суктана жутканыңа.

 

Күздү сүйөм, башкалар көңүлсүз дейт,

Күздүн дагы өзүнчө жыргалы бар.

Куурап түшүп жалбырак өмүрсүз дейт,

Бирок жайды ырдаган ырлары бар.

 

Колуңа алып алтындай жалбыракты,

Тиктедиң сен өмүрдүн күзгүсүндөй.

Жалын болуп көзүңө албыратпы,

Калгам анда өзүңө түк түшүнбөй.

 

Көрсө жаштык кезинде баары сулуу,

Жаз, жай эмес, табийгат көздө күлгөн.

Так ошол күн көңүлгө салып чууну,

Мен эстедим өзүңдү күздө жүргөн.

 

Капаланган адамдын көңүлүндөй,

Күздө күндүн кабагы бүркөлүптүр.

Жашап калган адамдын өмүрүндөй,

Сары тонду айлана чүмкөнүптүр…

 

*****

Сулуулуктун өзү талант эмеспи,

А да берген табийгаттын белеги.

Эмне чыгат, турмуш сенде теңешчи?

Акыл дээрсиң, ал өмүрдүн желеги.

 

Ырас акыл түгөнбөгөн байлыгың,

Кыйын, кыстоо күндөн сени чыгарып,

Деңиздерден сүзүп өтөр кайыгың,

Кызыл өрттөн сактап калар сыналып,

 

Сулуулукчу – көздүн канар жыргалы,

Бейиш багы турган өңдүү ыргалып.

Бирок анын жолунда көп кырлары,

Кошулбаса акыл ага чырмалып.

 

Акыл менен жол талашат сулуулук,

Эрегишип мен биринчи барам деп.

Бирок акыл кылат экен улуулук,

Алга бассам туюктан жол табам деп.

 

Бул экөө тең бир адамга кезигип

Калса өмүрдүн өчпөй турган таңы бар.

Табийгаттын жүрөгү да эзилип,

Эки адамга бөлүп коймой жагы бар.

 

Сулуулуктун өзү талант эмеспи,

А да берген табигаттын белеги.

Эмне чыгат, турмуш сенде кеңешчи?

Акыл дээрсиң, ал өмүрдүн желеги!..