Смар Шимеев: Ай, сулуу жаз, сүйгөнүмдүн өзүндөй, Күлкүң менен жүрөгүмдү уурдадың

Бакчадагы гүл

Бакчада гүлдөр өскөн кандай сонун,

Таңыркап көнүлүмдү бөлөмүн мен.

Карасаң көз уялат, жакут сындуу,

Күнүгө кумар болуп көрөмүн мен.

 

Түбүнөн жылып агат тунук булак,

Үстүнөн нурун чачып күнү турат.

Кып-кызыл, теп-тегерек гүлүн ачып,

Буркурап атыр жыты ойду бурат.

 

Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм,

Сайрасам булбул болуп жетер үнүм.

Арнадым ыр чыгарып гүлүм сага,

Жашоого сенсиз каран болор күнүм.

 

Жүрөккө кубат берет сенин шаңың,

Сен үчүн курман болсун назик жаным.

Эгерде керек болсо, суу ордуна,

Куярмын жүрөгүмдүн ысык канын.

 

Гүлүмө берген ушул чындык антым,

Сакталар сага жазган жүрөк катым.

Арманым өмүрүмдө болбос, гүлүм,

Жазылса сабагыңа менин атым.

1940

 

Барчын

Кең капчыгай түрү сонун мемиреп,

Арасында эркин соккон жел жүрөт.

Мелтиреген бийик зоонун боорунда,

Барчын салган сонун уя көрүнөт.

Турдум тиктеп чебердикке суктанып,

Тынч койбостон санаам санга бөлүнөт.

 

Ак күп болгон балапандар уяда,

Тумшук менен канаттарын тарашкан.

Тээ бийиктен барчын шаңшып калды эле,

Чый-чый этип асман жакты карашкан.

Эне барчын булут жиреп зыпылдайт,

Зоо боорунда сайран куруу жарашкан.

 

Ай балапан, болот текөөр болорсуң,

Ак күп канат темирдей бек торолсун.

Булут жиреп сен асманга сызарсың,

Түнөгүңдө жетилерсиң толорсуң,

Ала-Тоодон алыс жакка учарсың

Өз уяңа шаңшып кайра конорсуң.

 

Мен ичкен булак

Шылдырап күмүш булак суусу кандай,

Кочуштап, жата калып далай ичтим.

Ичкенде ширелериң таттуу балдай,

Кечиргин кээде ойноп сени кечтим.

 

Айыгам ооруп калып ичсем сени,

Дарысың, ажалымдан алып калар.

Өзгөчө касиетиң, билбейм деги,

Кымбатсың жүрөгүмдөн артык баалар.

 

Жүрөктөн кан түгөнүп, көзүм жумсам,

Булагым кан ордуна сенин сууң бар.

Алсырап элсиз ысык чөлдө калсам,

Эстесем, канат бүтөт, сага барар.

 

Башканын көз артканын ыраа көрбөйм,

Мендиксиң, киндигиң бир, сени ардактайм,

Көк тулаң – килемиңди тебелетпейм,

Бөлөктүн изи түшсө, казып таштайм…

 

Сайрандап жээгиңди мен көп бойлодум,

Жүрөккө элес болуп салды чийин.

Тебелеп тулаңыңды көп ойнодум,

Так болуп баскан изим калар кийин.

 

Шылдырап күмүш булак суусу кандай,

Кочуштап, жата калып далай ичтим.

Ичкенде ширелериң таттуу балдай,

Кечиргин, кээде ойноп сени кечтим.

 

Кыл кыякчы чал

Чал көрдүм, Түркстандан кыяк тарткан,

Жашынан муң-кайгынын ыйын арткан.

Бир кезде кыз-келиндер ашык болуп,

Оозунан ал акындын балы тамган.

 

Казактын куу чөлүнүн боз торгою,

Балбылдап көздөрүнөн оту жанган.

Безентип сайраганда боз талаанын

Элинин чери тарап, мооку канган.

 

Сексенден, ашып калган жарыктыгым.

Бактылуу турмушуна карыктыгын.

Укканда кыл кыяктын күүлөрүнөн

Көрөсүң сен таалайдын ою-кырын.

 

Бир кезде кыл кыягын жерге коюп,

Карыя жашыргансып ички сырын,

Жерден ал топуракты чымчып алып,

Эстеди жыттагылап жаштык жылын.

 

*****

Жаз да келди кыздын сүйгөн көзүндөй,

Күн жаркырап нурлар салам беришет.

Талаа тойбос карынбайдын өзүндөй

Нурду жутат, балкып тоңдор эришет.

 

Бак-дарактар силкип таштап кыш тонун,

Күчүк байлап, жазды алкап жаткансыйт.

Муз эриген, суу шылдырап кыштоонун

Азабына чыдаганды айткансыйт.

 

Жаз эркеси байчечекей кылтыйып,

Гүлүн ачып, башын жерден көтөргөн.

Бак башында каргалар да тымпыйып,

Каркылдашат кемпирлердей жөтөлгөн.

 

Сен экөөбүз байчечекей териштик,

Өмүр гүлүн бирге терип жаттыкпы!

Сөз талашып, анан кийин кериштик,

Таарынычтан жоголгонду таптыкпы!!

 

Тез жазылып, күлкү салдың кайрадан,

Сен ошондо мага сүйүү бергенсиң.

Күлгөн өндүү жашыл талаа айланам,

Өмүрүмө жазды алып келгенсиң.

 

Жаз да келди кыздын сүйгөн көзүндөй,

Too, талаага салам айтат нурларың.

Ай, сулуу жаз, сүйгөнүмдүн өзүндөй,

Күлкүң менен жүрөгүмдү уурдадың.

 

*****

Устарага алдырып, жаңы чыккан,

Аппак чачтай жер бети кыроо болгон.

Бул кеч күз да чалкадан жайды жыккан,

Кышты күткөн даракка кыроо конгон.

 

Скверде азанда жүрөм басып,

Арт жагымда карарып изим калат.

Кыроосу да өмүрдүн келер шашып,

Кейип кетем, ойлосом ичим жанат.

 

Өмүр кышы келгенче изим болсо,

Кар басса да эч качан ал кетпесе.

Анда мейли чачыма кыроо толсо,

Бороонду өмүр тоготпой түз беттесе…

 

*****

Айланышат таз жорулар аскада,

Тарптын жытын сезип калган көрүнөт.

Чыкпай калса жүрө берет ачка да,

Күндүк жерден билип напси төгүлөт.

 

Жоруларга миң жыл өмүр бергени,

Табигаттын калыстыгы эместир.

Мин, жыл бою тарп издешип келгени,

Тирүүлүкпү? Жок, көлөкө элестир.

 

Бу да кордук өзүң жемди таппасаң,

Миң жыл жарык көргөн кайран өмүр ай!

Жорусуң да үйгө отту жакпасаң,

Түтүн чыкса адам анда көңүл жай.

 

Адамдардан тарп издеген кезигет,

О, андайлар узак жашайт бүрүшүп.

Жакшылардын кендири эрте кесилет,

Аз өмүрдү саз жашашып сүрүшүп.

 

Жакшыларды көпкө сактап кармашса,

О, табигат болмок сенин кубанчың.

Жору менен адам өмүр алмашса,

Кайда кетмек акыл сенин кулачың?!..

 

*****

Ким сыйласа карыны жанын берип,

Өз колунан жасаган нанын берип,

Ага сыйы баладан кайтар кайра.

 

Ким карыга кийгизсе жибек, торко,

Түк эч качан кылбаса аны колко,

Өз баласы алкышын айтар кайра.

 

Ким карыга назарын салса дайым,

Аюу талпак астына жайса дайым,

Өз баласы жүрөгүн төшөк кылар.

 

Ким карыны пөпөлөп бакса, колдо,

Суу кечкенде көтөрүп өтсө жонго,

Өз баласы көңүлүн төшөп турар.

 

Көксө кары басалбай калса жолдо,

Кыя карап жанынан өтчү болсо,

Өз балаң да сөзүңдү укпай калат.

 

Суусап кары акактап турса чөлдө,

Суу таап бербей көз жазып өтө көрбө,

Өз балаңдын кайыры жукпай калат.

 

«Кары сөзүн кадырлап капка сакта,

Өлсө сөөгүн аруулап апта сакта!»

Деген макал сакталсын көңүлүңдө!

 

Өз атаңбы, башкабы сыйлап өткүн,

Өз энеңби, бөлөкпү назар төккүн,

Сый табасың балаңдан өмүрүңдө!..

 

*****

Гүүлдөшөт аарылары гүлгө конуп,

Аарыны да адамдар алган тушап.

Бир күндө алар миңдеген гүлдү соруп,

Бал челектен учушат алыс узап.

 

Анык мээнет буларда болот тура,

Тынбай жыйнайт гүлдөрдүн балын аары.

Алар тунук гүл канын сорот тура,

Ал адамга керектүү миң бир дары.

 

Бир бирине байлаган эриш аркак,

Чебер колуң табийгат кандай кылдат!

Адам сенин акылың алтын алкак,

Улам сырын ачасың чубап кылдап.

 

Сулуу кыз

Көл үстүндө баратып, ой сулуу кыз,

Сени көрүп, ашыкмын жүрөгүм тыз.

Ачык асман айгине күбө болсун,

Менин сүйүүм айланып сага консун.

Көз жүгүртчү, сулуу кыз, көл түбүнө,

Ачуу-таттуу ой түшсүн көңүлүңө.

 

Эр жигиттин оюнда толгон кыял,

Кыял эмес, чынында толкун кыял.

Акын ырдап кейиген көл үстүнөн,

Ага шордуу мындай иш неге түшкөн.

Сабыр кылгын, жаш жигит, сабыр кылгын,

Сулуу келер жаныңа, анан тынган.

 

Бүлбүл-бүлбүл көрүнгөн күндүн көзү,

Ашык болгон сулуунун ошол өзү.

Нуруң чаччы, сулуу кыз, мен тынайын,

Өзүң көргүн жүрөктүн жаш убайын.

 

Көлдү тиктеп карасам алтын балык,

Бир көрүнүп, жок болду жара салып.

Ошол балык сенсиң го, ой, сулуу кыз,

Айсыз түндө мен үчүн нурдуу жылдыз.

24-II, 43-жыл.

 

Аны көрдүм

Аны көрсөм жөнөкөй адам экен,

Сырткы кейпи бөлөктөн айырмасыз.

Анын укмуш кабагы түк кайгысыз,

Күндөн туулуп өскөндөй пейли кенен.

 

Ал адамдын акылы тоодон бийик,

Көлдөн терең толкуса жерди каптар.

Акылдуу көз карашы эл кубантар,

Мен жүрөмүн сыртынан чексиз сүйүп.

 

Ал төрөлгөн адамзат таалайына,

Кара түндө жылдыздай жанарына,

Анын ысмы жеңишке баскан кадам.

Ал жылмайып күлгөндө, күн чыккандай,

Мурутунан таалайдын кушу учкандай,

Бүт дүйнөнүн тагдырын чечкен адам.

7-IХ, 45-жыл.