Өскөн Даникеев: Наристе кыял

Наристе кыял

Ай сүттөй жарык эле.

Бала эки алаканын башына жаздап андан көзүн албайт. “Жез кемпир кум санап атат, – дейт оюнда. – Азыр чабалекей келет, анан куйругу менен кумун чачып кетет. Жез кемпир кайра башынан түшөт. Чабалекей… Ал кандай чабалекей болду экен?”

Алардын үйүндө да чабалекей бар. Экөө. Нак тирөөч менен устун ашташкан жерине уя салып алышкан. Эртеден кечке жандары тынбайт, учуп-кире берет… “А балким, тиги Жез кемпирди өмүр бою адаштырган чабалекейди булар да билсе керек? Кантип билбесин, билет го. Баары тең бир уруудан да. Чабалекей адамга жакын дебедиби апам. Аларга тийүү болбойт. Тиги айдагы чабалекей да адам үчүн жасап атпайбы жанакыларды”.

Бала карай берет айды. Ай, жамыраган жылдыздар. Биринен экинчиси жарык, ажарлуу. Саманчы абанын чыйыры. Саманчы аба балага кудум Бакайдай, Бакайдыкындай бийик ак калпак кийген, сакалы белине түшкөн ак сакал адамдай элестейт. (Бакайды көрүп коюптурбу, укканынан улам да.) Ал деле саманын оң, солго ыргыта чачып, кайдадыр бир жакта баратса керек. “Кайда? – өзүнчө ой жүгүртөт. – Ай, күн, жылдыздар. Андан ары эмне?” Дагы апасынын айтканын эскерет. “Аны бир кудай өзү билбесе…”

Көз назары, көңүл ыкыласы асмандан жерге түшөт. Супада жаткан. Жанында кучак жеткис байдам тал – чоң атасынын сайган көчөтү. Кыязы түн бакырында бүткөн жан-жаныбар – жандыктар, тал-теректер деле уктайт окшобойбу. Карасаң, бутактары шалдайып, кудум эле үргүлөп кеткен канаттуу.

Башын солго бурат. Көзгө үйүр тоолору. Алар да уйкуга алдырган сымал; денесин жая көшүп жатат ала чапан жамынып. Ала күнгөй, тескей. Тескейдеги күңүрт көлөкө. Бериде айдың тектир. Бала өзүнчө жылмайып ийет…

Май болчу, апасы экөө барышкан аерге. Ал тектирге чыксаң баары көрүнөт. Тоо – тоо дечи, а тиги талаа?!. Тим эле алаканга салып койгондой. Тилке-тилке түшкөн аңыз, айдоо. Айыл-кыштактар. Бир карашта, алар туура эле оюнчукка окшоп кетет. Тепейген ак тамдар. Кыйма-чийме жолдор. Анан буума көл, бактар. Ушунун баары улам алыстаган сайын улам кичирее берет. Акыры асман менен жердин тутамына барып, бир сызыкка айланып жок болот.

Асман ачык эле. Апасы гүлдүү көйнөк кийип алган. Башында да гүлдүү жоолук. Айлана-тегерек бүтүндөй гүл! Апасынын өзү гүл болчу. Бала үчүн ал күн – гүлдүн күнү болчу!

Апасы демедегидей эмес. Кабагы жарык. Көздөрү бажырайып, бир тал кызгалдакты ууртуна ала, кыялдуу күлүмсүрөйт. Аны – уулун, кулунчасын бооруна тарта көкүлүнөн сылайт. Өөп коет жыттап. Бала бактылуу. Эненин үйрүлө эркелеткени, мээримдүү көз карашынан өткөн бакыт барбы балага. “Апам ар дайым ушундай болсо. Кайгырбаса такыр, кабагы бүркөлбөсө, ‑ дейт баланын тилеги. – Эмне үчүн ал көбүнчө… А балким, мен тежик, тентектирмин? Ошондон улам… Жок, мен эми эч качан ээн баштык кылбайм. Тил алгыч болом. Окууга барам. Чоңоем. Апамды багам.” Ал башын көтөрө апасын карайт. Апасы, анын жылуу жылмаюусу. Асман…

–Апа.

–Оов.

–Апо-ов. – Бала ага ыктай, анын көкүрөгүнө башын жөлөйт.

–Садагам…

Апасы да анын муңайым жер караганын көрбөсөм дейт. “Мен эмне, ушу ток болсун. Ушунун жылдызы өчпөсүн. Тууган бар, душман бар…”

Бүгүн, мына азыр да ал уулунун көңүлүн көтөргүсү, алда немеден алаксыткысы келди. Жок жерден оюн чыгарып, бала менен кошо бала болуп кетти. Аны өзү да байкаган жок. Каткырып күлүп бири-бирин кубалашып, ойноп жүрүшөт.

Ошол учурда ал экөө баарын эстеринен чыгарып коюшкан. Эне, бала! Оюн. Ачык асман. Бейпил талаа. Баланын кубанганын эми айтпа! Кыт-кыт күлүп, таманы жерге тийбейт. Мурдунун учу, томпогой чекесине тер чыбырчыктап, эки бети албырып кыпкызыл. Улам күлгөн сайын кетик тиштери көрүнө калып, ошонун ортосунда шилекей чачырата быдылдап, дагы бирдеме деп жүрөт. “Апа, ап-а!…” Көздөрү толтура бакыт. Ал үчүн азыр баары оюнга айланып кеткен болчу. Анын бүтүшүн күткөн эмес. Күткүсү да келген эмес. Ага өмүр, жашоо – оюн да. Улана берсе деген.

Апасы аны бир карап, эмнегедир тартына түштү. Эмнегедир, эси чыгып кетти. Адам бакытка, чын бакытка тике карай албайт окшобойбу. Ал айтканга жакшы, нары жагымдуу, а чындап келгенде сүрдүү тура! Апасы тизе бүгө, уулун кучактап калды. Унчукпай анын башын көкүрөгүнө катты.

Согуш бүттү. Элдин алды кайра тарта баштады. Үч айдын жүзү болуп барат, кабар жок. Турмуш болсо бул. Кудай жамандыгына албасын. Эгер сен… Жок, анда жашоо жашообу. Жакшы элең. Ошо жакшылыгыңды, жайдарылыгыңды өзүнө тете баалабапмын. Утурумдук дөөлөт, бейсанаа шапар мен бейбакты эселек кылып, эркелетип кеткен экен. Камсоо да элем. Көрсө, сен бар экенсиң, Баары сен, сенин аркаңдан тура. Анда мен аны кайдан билгем. Дайым ушу, ушундай гана болушу керек, деген окшобоймбу. А, шордуу башым-а! Дагы сага кынт коюп, текөөрдөшкүм келчи. Жашчылык – масчылык дегендей, болот тура өйдө-төмөндөр. Мына эми баарын эстеп, бир эсе өзүмдү-өзүм жектеп, уулуң менен минтип ээн жерде сенсиз жалгыз олтурам. Уулуң – биздин бүткөн байлык, бактыбыз. Эсиңдеби, сен жөнөп атканда ал эми-эми гана там-туң боло баштаган. Эгер азыр көрсөң… Кадыресе киши. Садага болоюнум, сага окшоп боорукер, кайрымдуу. Менин жаныман чыкпайт. Кабагым салына калса, анын да сабыры суз тартып унчукпай калат. Улутунуп ийет. Бала да болсо түшүнөт го. Же сүрөтүң жок. Кудай оомийин деп келип калсаң, шаарга барып бир сүрөткө түшсөк. Оң жагымда сен, ортобузда Акинтай. Анан чоңойтуп туруп, жүктөн өйдө илип койсок.

Ал олтура берди. Ким басып келип, ким аны менен санаа бөлүштүрмөк? Сооротуучу – уулу.

Аңгыча алыстан. Тээ мелмил талаадан поезд көрүндү. Уулу да көз чалган белем, ордунан тура калды. Анан апасына бир ирет жалт карап алып, төмөн карай чуркап жөнөдү.

–Апа, поюс! – Эки колу асманда. – Апа, атам!…

Тектирдин үстү толтура какым-кукум эле.

–Акин, Акинта-ай! – Апасы да тура калды.

Бала кылчайбайт:

–Ата-а! – Дале чуркап барат. Бала, анан анын артынан элпи көтөрүлгөн какым-кукумдун ак буласы… Бир карашта, ал жерде эмес канат жая асманда булут кечип бараткандай эле.

 

*****

Атасы келбеди анда.

Жол караган эле жан. Күн өтпөйт.

Анан калса, ошол жыл бир башкача жыл болбодубу. “Э согуштун кээри, – дейт карыялар. – Деги эзелден ушул”. Дып эткен тамчы жок. Жердин бети саргайып, күн өткөн сайын, а дагы азыңкы тартып барат. Эл эле дейсиңби. Айтор, элден мурда жерден да кунар качкан. Кургакчылык.

Апасы кызылчада. Бир тешеден ашуун жер. Башкалардын каралашары бар. Бирден, экиден кол кабыш этишет. Отоо маалы. Катыңкы топурак. Чапкан кетмен кайра ыргып, арбыбайт. Мээнет ыйлайт. Апасы жалгыз. Анын кал дегенине болбой ээрчип алат уулу. Үйдө калганда эмне. Бир жагы, жардам этсем дейт го. Апасынын жанынан чыкпайт. Кетмен көтөргөнгө кайда, иши кылып колунан келгенин жасаган болот. Соолуңку кызылчанын түбүн жалпак кыргычы менен бошотуп, кээде аны жапыра өскөн ала бата, чырмоокту жулуп кирет:

–Атаң оозурайын десе! Карасаң…

Апасы өзүнчө кубанат. Кужу-кужусу, карааны эле канча. Кадимкидей аны бел байлап, кабелтең тарта түшөт. Сөз арасында:

–Акинтай, сен чоңойгондо ким болосуң? – дейт.

– Менби? – уулу сүйүнүп кетет. Апасы сүйлөшүп атпайбы аны менен. – Менби мен мурап болом, апа. Момунаалы атамдай. Анан бар эмеспи, апа, мобу чоң суудан бери чыгарып келип, сенин кызылчаңды сугарам. Анан сенин кызылчаң ушундай өсөт дейсиң! Тим элеби… Анда мен чоңоюп калам да. Анан сени тиги алачыкка отургузуп коюп, өзүм отойм. А сен отура бересиң, эс алып. Отура-а бересиң. Йе, апа?

–Апаң айлансын сенден. – Апасы муңайым жылмайып ийет. – Ойлогон оюңан сенин! Боорукерим. Апаң курусун. Аман болчу…

Чак түш. Күн чыйылдап жан чыдатпай кетти.

–Акин, жүрчү, тегеренейин. Кардың да ачкандыр, ‑ Апасы кетменин жерге кое, уулун колдон алды.

Алачыгына барышты. Ары төмөндөгүлөр да бирден, экиден чогула баштаптыр.

Көлөкөдөгү жалбырак менен жабылып коюлган калай челекти, чакан тасмалдагы жүгөрү каламаны ортого ала берип:

–Минтип отурса эгин-тегиндин баары күйүп кетет го, – деди апасы деле бир чоң киши менен баардашып аткансып.

–Апа, а эмне үчүн суу жок? Момунаалы атам жыгып келбейби? Апасы каламадан үзүп:

–Ме, Акин, ала гой, – дейт. Анан челектен жарма куят. – Же алды мындан жутчу? Суусадың го.

–Ии.

–Ээ, а байкуш канетсин…

–Картаң да э, өлгөндөй.

Апасы күлөт:

–Картаң. Анын үстүнө жалгыз, колунан келбей калсын. Бая эрте жаздагы добулда, суунун башын алып кеткен тура. Ошондон бери оңдой албай атышпайбы.

Талыкшыган көрүнбөйбү, бала кыңая кетти. Башы апасынын алдында.

Алачыктын кендир жип менен шактала байланган “ууктары”. Жамындысы – эски мүшөк. Жыртыктарынан асман бозорот.

Оо, ал добул Акинтайдын эсинде. Эртең мененден эле үзүктөй болгон келки-келки, кара боор булуттар бири-бирин жөөлөшүп, өйдөкү өрөөнгө ныгырылыша баштаган. Эмне үчүн билбейт, тоонун ичи күлдүр-шалдыр болуп, ошо жак бүтүндөй карайып кеткен. Чагылга-ан дейсиң! Ал асмандагы кайдагы бир дөгүрсү дөөлөр өз ара чабышып жатса керек, деп ойлогон. Ой-үүй! Тим эле жаман болгон. Көрсө ал добул турбайбы. Суунун башын…

Ошондон бери асман чаңкайып тынч. Булуттар башка жакка ооп кеткен окшойт. Тобунан адашкан аксак-тексегиби, кээде бирин-экини пайда боло калат. Акинтай андан көзүн албай, тизесин кучактап обочо отура берет. Бөрсөгөй эриндери кыбырап, чын ыкласы менен өзүнчө күбүрөп ийет: “Э-эй, жамгыр эне, булуттар! Кайда өтүп барасыңар силер бириндеп? Мында кайрыла кеткилечи? Суранам?. Атам аскерде. Апам жалгыз. Кызылчасы минтип… Бир аз жаап бергилечи?”

Керең белем булуттар!? Кебелип да койбойт. Кербездене жаай каалгып, кете берет өз сапарында. Алыс, бийикте да. Укпай калышты го. Акинтай ордунан обдула, болгон үнү менен ээк кагат:

–Эй-гээй! Булутта-ар!..

Жок, жетпейт үнү аларга. Бала ыза болот. Ошо турушунан жазбай, тиги чоң моюн булуттарды көз кыры менен узата бышаңдап ийет: “Таш боорсуңар баарыңар. Баарыңар! Бир гана апам. Апам гана жакшы…”

Ал апасына карады.

–Акин, – апасы анын бетинен сылагылайт. – Сен эмнени ойлоп жатасың?

–Эчтекени…– Уулу апасынын колун алды. Алаканы кесик-кесик, чор экен. Эми элеки анын бетин астейдил сылаган, ушунчалык назик, ушунчалык жумшак көрүнгөн апасынын алаканы. Эмнегедир кыңырыла түштү. Аяп кеттиби, же балким, балалык сезимден уламбы, айтор үн катпастан, апасынын алаканын дир-дир эткен эриндерине алпарып, өөп-өөп койду:

–Апа?

–Оов…

“Апа”. Акинтай үчүн ааламда мындан артык сөз, апасынан кымбат эч нерсе жок болчу.