Шекербек Калыков: Телефон

Телефон

Шапа акам кыраатын келтире куран окуп аткан экен. Чынында шу жагын катырчу. Жанындагылар менен баш ийкеше учурашып, чарпаядан орун алдым. Анын окуган кураны бир эсе муңдуу угулса, бир жагынан жашоого каниет кылар кандайдыр күчтүн илебин сезесиң. Баарыбыз муюдук. Соңунда, “Жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун, эми, куда! Облоу акибар! Пандачилик экен… Тынч богула. Куда кааласа көрүшөбүз…Көрүшөбүз… Кудагыйга салам дең… Хоп…Хоп…” деп кулагына төшөгөн уюлдук телефонду алып, мага карап:

-Ке, чалдын баласы. О, чоң куданын чоң таенеси пандачилик кылыптыр… Кыркылыгына чакырышкан экен. Эми биз ушинтип эле калдык… Таарынган деле эч ким жок, – деп уюлдук телефонду Кенжесинин алдына ыргытып койду. – Олор чалып калышат… Биз деле таарынбайбыз… Кампир бечара 96га чыккан экен. О-уу… Ону жерге бербей эле, пышырып жешсе, даба болмок, – деди чайдан шор-шор ууртап.

-Обу жок, сүйлөбөңчү, чал… Шу да сөзбү… Карыганда… – деп байбичеси анын сөзүнө нааразы болгондой үн катты.

-Эки барабар өмүр сүрүптүр да, кампир… Ондой жашка жеткен бар, жетпеген бар… Ээ, бу өмүр деген зыпылдап учкан куш экен да. Кечээ эле силердей бала элек… Патар акам рамалик алтымышка чыкканда, карып калды депмин. Жеңемен айрылгандан кийин, бир жылга жетпей, “Катын алам” деп чыкты, кысталак. “Шуга кайсы катын тиет” дейбиз да. Жанагы чоң кызы калбаны салып, катын апербей койду. Патар акам жүда-аа бакубат эле… Ажаатын ачпаптыр да, чунак кыз… Патар акам, бала эле экен да…- деди парбалышка кыңкайып. Жанатан бери абышкасынын кебине ичи чыкпаган жеңем:-

-Эми чал, боло турган сөздү сүйлөң… Журналис бала келиптир, иши бардыр…- деп сөздүн нугун башка жакка бургусу келди.

-Өрмөлөтүп аш басчы, кампир… Шаарда күнүгө эле аш жеп атат дейсиңби…Ии-ии, жана дагы кимди пандачилик кылыптыр деп аттың эле?.. Ке, тилпонду, кызыгында куран окутуп коёлу…- деп обдула турганда, байбичеси:-

-Тилпон сизге оюн болду го… – деди да, бетин чымчып басып кетти.

-Мунуң жакшы экен да, чалдын баласы. Отуруп алып эле ишти бажара берет экенсиң… Мен алдым… Анан Парпи алды… же менден мурун алдыбы?.. – деп Кенжесине суроолуу карады.

-Парпи авам качан биринчи алчы эле. Сизден кийин алат да…- деди уулу.

-Бу, тилпон менен обкомго дагы чыкса болот деп уктум, туурубу?..

-Иэ-ээ, обкомду мине кыласыз… Акимга чыкпайсызбы… Жаңы келди… Ал-жайын сураң…- деп Кенжеси уюлдук телефонду алып, номерин терип колуна карматып койду. Шапа акам тыңшап атып, жамбашына ийне сайгандай опурула:-

-И-ек… катын сүйлөп атат го…- деди. Уюлдук телефондо, “Сиз чалган телефондун номери өчүрүлгөн…” деп кайталап жатты. Сыягы Кенже оюна келген номерди терип берген окшойт. Анан уулу телефонду алып:

-Мунуңуз дагы Акаевдей катынкул турбайбы… Телефонун катынына берип коюптур…- деди.

-Ок, дайүз, эй…- чындап эле ишенип калды. Кыйлага чейин бушайман болуп олтурду. Кенжеси жер тырмап күлүп жатты. Шапа акам аны менен деле иши жок. Бир аздан кийин:

-Жарыбай калдык, чалдын баласы… Катынга баш ийген эркек, эркекпи?.. “Торгой даракка консо, катын бийликке келсе, кыямат кайым болот” деп калчу Патар акам… Патар акам эле дейм да… Оозуман түшпөй калыптыр. Аш жегенден кийин тилават кылып куран окуп коёлу, чалдын баласы… – деп чалганына бушайман болгондой, уюлдук телефонду карап койду. Шапа акамдин маанайы чөгө түшкөнсүдү. Ал кылычтай шартылдаган жетекчилерди жакшы көрчү. Жок жерден эле жаңы акимди күнөөгө батырып, жек көрүп жаткан Шапа акамди аяп кеттим. Эртең “Бечелдин дөңүндө” аким жөнүндө сөз козгоп уят болуп калабы деген ой келди мага. Кенженин кылбаганы жок го. Анан сөздүн пайити келгенде:

-Шапа ака, аким сиз ойлогондой эмес болуш керек. Ал көрүнгөнгө эле телефон номерин бере бербейт. Кенже тамалашап жатпайбы…- дедим.

-Катыны алды го…

-Бу телефон өзү шундай… Туура эмес чалып алсаңыз, туура эмес дейт. Өчүп калса, өчтү дейт… Кенже оюна келген номерди терип берип койду окшойт… Балким, аким жакшы кишидир…- дедим. Ал менин сөзүмдү кунт коё тыңшап, уулуна сөөмөй кезеп:

-Шаарлик да… Карачы жумшак тилге салып түшүндүрүп койду… А бу дарбадар, атаңы…- деп жанында жаткан уулун жаздыгы менен уруп-уруп алды. Анысынын күлкүсү тыйылбайт.

-Үкаңи качанга чейин багам, билбейм… Өзү мени багыш керек эле… Шаарда окуду, эл көрдү, жер көрдү… Шундан бир нерсе чыгат го дечү элем… Чыкпайт окшойт… Силердей болуп шаарда жашаса… Ие, чалдын баласы?..- деп мени коштоп кетер дегендей, карап койду. Аңгычаң Кенже отура калып:

-Шаарда маңа пышырып коюптурбу… Барбайм дагы, жашабайм…- деди.

-Ой, Парпинин баласы сонун эле жашап атпайбы… Шончолук жоксуңбу…

-И-ээ, ата… Шаарыңызды көргөм… Парпи авамдын баласынын үйлөнгөнүнө канча болду?.. Келини бир жолу бут басып келип койдубу?.. Шаарда жашаса эле ават болуп кетет бекен. Сиз кечирип коюң…- деп мени жубата жылмайып:- Шаарда мине жоготтум, ата? Биерде кааласам, Тегирмен Көлгө барам… Кааласам Кара Жыгачка кетем… Кечке сууга түшөм… Өгүнүн Суу Чыккандан Кара Жыгачка чейин атты чаап келдим. Ушундан өткөн рахат барбы?.. Каалашымча гилас, айвансари, бүлдүркөн жейм. Алма терем, жийде, өрүк, жаңак терем…Кыйкырып ырдайм… Тоо жылмайынча мен жылбайм, болду бүттү, ата…- деди.

-Ушуну жашоо деп ойлойсуңбу?- кылгыра тиктеди.

-Билбейм… Бирок, маңа жагат… Шаарда аялынын кийиминен артса… ичип жейт бовосо жок… Баары жасалма… Алардын күлгөнү, басканы баары жасалма… Галстук тагынып алып жүрсө эле, паришта дейсизби олорду… Урдум шондой, чоң курсактарды… Айылда бирөө өлсө, ичиң эзиле кабырына коюп келесиң. Шондогу адамдарды карачы, ата. Кандай жөнөкөй, карапайым кишилер. Төшүн тосуп турушат жөн эле. Анан каадаланган бир чоң курсакты кара, кыйратып койгонсуп… жасалма жылмаят… жасалма ийилет. Өзүлөрүн биринчи сорт сезишет… Шу жагабы сизге?..- деп курсагын чыгарып ары-бери чайпала туурап басып, мага карап:- Сиз туура түшүнүң, мен оюма келгенди айтып койдум…- деди.

Кенженин калетсиз айтылган сөзүнө бир эсе териге түштүм. “Анан эмне кылыш керек?” деген ой келди мага. Оңтойсуз абалда калганымды сездиби, же уулунун пикирине кошулгусу келбедиби:

-Биздин уруктан, шу үкаң “брак” чыгып калды, чалдын баласы. Эл шаарга ооп атса, Дөндүнүн мышыгынан бешбетер үйгө эле качып турат, – деди. Мен эмнегедир Кенженин сөзүнө кошулуп, же кошула албасымды билбей, өзүмчө чайналдым. Бир эсе анын бетке чабаар сөзүнө тан берем. Шапа акамдин:

-Жакында шаарга жиберсем, – деген сөзү оюмду бузуп жиберди. Ал Кенжени шылдыңдай карап: – Акчасын жарим жолдо алдырып, кайтып келди. Шаар деген шаар экенин билбей эле сүйлөй берет, атаңы… десе,- деди. Анда Кенжеси:

-Алдырбай-этпей эле, өзүм берип келдим… Бир чалга пайда болду да…- уулу кайдыгер жооп айтып, көмкөрөсүнүн жатып алды.

-Саңа акча жерде чачылып жатыптырбы!.. Муну кара, “пайда болду да” деп коёт. Лөндан атаңы…

-Чачылып жатса мине кылайын анан?..- деди Кенже атасынын сөзүн бөлүп. – Самын-сумун алайын деп магазинге кирсем, котологон эл. Бир чал жылбайт да. Пулун таппайт. Мен дагы шашып аткам. Самын алдым, сакал алгыч алдым. Четке чыгып, мындай карасам, бир чирайлик кыздын бутунун алдында миң сомдук жатат. Болду болбоду шу кыздыкы дедим. Секин барып, “Чоң кыз акчаңыз түшүп калыптыр…” десем, сумкасын аңтарып карап, “Жок меники эмес…”, десе болобу. “Бу жанагы чалдыкы…” деди магазинчи аял. “Маңа бер, өзүм берип коём…” деди. Столго коюп койду. Кыздын акчасы депмин да. Бовосо жөн эле шыпырып коймокмун… Бишкекти көздөй кеткен таксинин жанына барып, чөнтөгүмдү карасам – миң сомум жок. “И менин акчам экен” дедим. Эми кантип сурайм?.. Магазинге барсам, акчам туруптур. Батынып кире албадым. Бир увакта жанагы чалды делбеңдетип, бирөө жетелеп келди. Акчаны берди эле индебей чөнтөгүнө салып алды. “Меники болчу” деп артынан чуркамак белем. Кала бердим анан… Шуну менен Бишкекке барбай калдым… Ирас эле болду…- деди Кенже. Шапа акам уулунун баянына ичи чыкпады окшойт, этибарына албагандай, кыңкайып жатып алды.

Аңгычаң жеңемдин каңылжаарды өрдөгөн зире жыттанган палоосу дасторкондун ажарын ачып, ата-баланын кызыктуу сөзүнө убактылуу аралжы болгонсуду.

(“Сага тийгенче… уй бакпай, же Шапа акенин жоруктары” китебинен алынды.)