Сардарбек Рыскулов: Кулактын азабы

Кулактын азабы

1930-жылдын жазы. Кочкор өрөөнүндө колхоздоштуруу башталды. Буга чейин колхоз деген чыгат экен, бардык элди бир жерге чогуу кыштакташтырып бай-жардысына карабай колдо бар мыдырын бүт алат экен, деген сөздөр мындан бир жыл мурун эле эл арасына тарап имиш-имиш, дуу-дуу болуп кеткен. Башта мындайды кулагы угуп, көзү көрбөгөн эл далайга чейин бушайман болуп жүрүштү. Бирин-экин малдан, арпа-чүрпө айдап, чөп-чар чогултуп алып жүргөн шалбааларыбыздан ажырасак алда кандай күн болуп кетер экен деп, эртели-кеч баш кошо калганда кобурашып калышчу. Акыры ошол күн да жетип келди. Көпчүлүк менен көргөн той эмеспи, кыйшаңдоого чамасы келбеген эл, «лам» дебестен мойнун сунуп туруп беришти.

Кочкордун көкүрөк жагы Каракол менен Сөөктүн суусунун аркы өйүз, берки өйүзү топ-топ болуп майда-майда кыштакташа баштады. Ар бир кыштак өзүнчө колхоз, ар биринин өзүнчө аты бар. Биздин колхоздун аты «Ак-Кудук» аталды. Ар бир түтүн чектеп берген жерин ээликтеп кыш куюп, там түптөп киришти. Күчкө толгон үй-бүлөлүү эр азаматтар бат эле тамдарын бүтүрүшүп, боз кыроо түшө электен мурун кирип алышты.

Биз жашаялмет элек. Атам, апам, эжем, төрт эркек бала, жети жанбыз. Балдардын арты эки-үч жашта. Эң улуусу мен – тогуздамын. Атамдын демөөр кылганы жалгыз менмин. «Эл катары там салалы, кыш куя бер. Сендей эле элдин балдары кыш куюп тамдарын бүтүрүп коюшту» – деп кайдан-жайдан таап келгенин билбейм, бир күнү бир көз жыгач калыпты алып келип колума карматты.

Кыш куйганды элден көргөм, жакшы көрөм. Өзүм теңдүү балдардын кыш куйганын карап, атайы ошолордун жанына басып барып кызыгып көрүп олтурчумун. Атам алып келген калыпты ары-бери ала салды, атам жасап берип жүрдү. Торпокту мурдунан жетелеткенсип калыптын бир жак сабына бир кулачтай жип байлап берди апам. Ошол алышка ылай толтуруп сүйрөп күн мурун даярдап койгон даңгыр жерге көмкөрө таштайм. Ошентип жүрүп көнүп кеттим. Көбүнчө өзүм жалгыз иштейм, анда-санда менин жаныма келип калган өзүмөн төрт жаш кичүү иним мени менен кошо сүйрөмүш болот тырмалаңдап. Анан кичинекей эме бат эле чарчап калат. Ошентип жүрүп күзгө чейин беш миң кышты араң куюп бүтүптүрбүз.

Бир күнү атам үй-бүлөбүз менен чогуу отурганда акыл салып баарыбыз менен кеңешти: «Биз быйыл үйдү бүтүрө алчудай эмеспиз. Эмгиче кышы толук куюлбады. Болгон кыш менен керегесин көтөрүп коёлу, калганын жазында баштайлы. Анын үстүнө жыгач жок. Кыштата Жумгалга барып жыгач издешим керек». Биз баарыбыз атамдын акылына макул болдук. Айла канча, жылдагыдай боз үйгө кыштап чыгабыз да. Жаныбызда Кыязбай деген колу уста кошунабыз бар. Атам ошого сүйлөшүп акысын төлөдү окшойт, колдо болгон кышты койдуруп, чакан үч бөлмөлүү тамдын керегесин көтөрүп койдук. Тамдын сөлөкөтүн көрүп, бүтүрүп кирип алгандай кубанып калдык.

Аңгыча болбоду. Кырсык башталып кетти. Атамды бир күнү эртең менен айыл кеңешинин чогулушуна чакырып кеткен. Кеч келди. Кабагы салыңкы. Үшкүрүнөт, үшкүрүнөт. Атамдын мүнөзүн көргөндө баарыбыз селдейип-селдейип үрпөйө түштүк. Апам чыдай албай кетти окшойт, бат-бат сүйлөп, бат-бат сурап жиберди.

-Ой, сага эмне болду? Эмне кабагыңды ачпайсың? Айтчы, деги балдардын эсин чыгарбай?

-Эч нерсе деле болгон жок, «кулакка» тартышты. Атам кабагын салып жер тиктеди. Баарыбыз ызы-чуу түшүп ыйлап жибердик. Мурунку жылы бай-манаптарды кулакка тартышып, мал-мүлкүн шыпырып алып, өздөрүн алыс жакка жер которуп, үй-бүлөсү менен ызы-чуу түшүрүп айдап жиберишкен. Анан дагы калган-катканын быйыл жоготот экен деген каңшаар айыл-апанын арасында, ушак-айың болуп турган. Ошондой болбосок экен. Кудай сактай көр деп, жүрөкзаада болуп жүрчүбүз. Мына эми тигил атамдын сөзүн уккандан кийин дал ошолордой болобузбу деп көпкө чейин ыйлап-ыйлап эки көзгө күч келтирип олтуруп анан басылдык. Андан кийин эмне кылаарыбызды билбей шалдайып туруп калдык.

Ал кезде кулак болгон кишинин үйүнө эл каттачу эмес. Жада калса кошуна-колоң, жакын туугандары да кирип чыккандан коркчу. (Кулак менен байланышы бар деп айтат дешип). Кыскасы кулак болгон кишинин үйүн, үй-бүлөсүн «чечек» чыккандай көрүшчү. Эртеси эле күнү тегеректеги теңтуш балдар да мени менен ойнобой калышты.

Биздин айылдын жогору жагында жедигер-мундуз деген эл бар. Алар да биз менен улай кыштак салышкан, ошол айылда атамдын эжеси бар болчу. Бала-бакыралуу, үйлүү-жайлуу, оокаттуу. Анда-санда майда-чүйдө жумуш чыга калганда ошол чоң эжемкине үйдөгүлөр мени жумшап калышат. Бара калам. Жаңыдан көчүк басып колума бир чөйчөк максым жарма тийээри менен эле (аңдып турабы) ашып-шашып өңү-түсүн бузуп, чоң жездем сырттан шып кирип келет: «Эмне келдиң?.. Бол ич, бат кет. Жогортодон Буржулар келатат (Буржу деген киши ошол кезде парт-ячейка). Балакетиңер жугат» – дейт. Байкуш чоң эжем жоош, коркок киши эле. Жездемдин кейпин көргөндө колу-башы калтырап, өңү өзгөрүлүп, көзү-башы алактап кетет. Көрсө жездем куу, митайым киши тура. Бала кезимде аны кайдан байкаптырмын. Кийин-кийин эс тартканда билип жүрөм, түгөнгүрдү. Качан гана бизди кулакка тартылды деген күндөн баштап боюна жолотпой обочолонуп четтей баштаптыр, арамза түгөнгүр. Башта мындай кыялынын бири да жок болчу. Андан мурдакы күндөрдө барганымда үстөккө-босток бети башыман өөп-жыттап, «садага, секет кетейин» деп, үстүмө үйрүлүп, өбөчөктөп түшө калып турчу. Кийин ошол кыялдарынын бири жок. Чоң эжемдин жооштугунан пайдаланып, аны күн мурун коркутуп алган тура. Бир туугандарың «кулак» болуп калды. Азыркы заманда «кулак» дегенди өкмөт катуу сүрүп, алар жалаңкычындай көрүп турат. Алардын балакети жугат. Жанагы атка минип турган балаңа кесири тийет. (Ошол кезде Бишкектен окуп жүрүп, кийин райондо акча бөлүмүндө иштеп калган баласы бар болчу). «Үйгө келтирбе. Келип калышса киргизбе. Тыштан жөнөт. Экинчи келбей жүргүлө» деген сөздү өз кулагы менен өз күйөөсүнөн угуп жүрсө байкуш эжем кантип коркпосун. Чын эле жаңыдан өкмөттүн ишине аралашып турган балама кесири тийсе тийет деп ойлойт да, жоош неме. Анда өткүр жүрөк, чечкиндүү кыял, курч кайрат болсо: – «Былжырабай тек тур, балээси жукса жуксун. Көп болсо баламды кызматтан бошотуп коёр. Көп болсо таякелерине кошуп «кулак» кылып айдап жиберер. Кудайдын буйруганын бир туугандарым менен чогуу көрөрмүн. Алардын иши келип, ташы өйдө кулап турганда таяке, жээн, бир тууган. Качан гана баштарына иш түшүп, мүңкүрөп калганда четке чыга беребизби? Кайта аларга каралашып акыл айткандын ордуна душмандан бетер бул эмне дегениң?» – деп буркулдап койсунчу,

жезде кайда бармак, артын көздөй кетенчиктеп кирерге чуңкур таппай калбайбы?! Ошондой кылычтай курч, болоттон өткүр кайрат эжем байкушумда жок болуп жатпайбы. Эженин жооштугун билип, сырын алып алган жезде түгөнгүр аны күн мурун суу жүрөк кылып илеңдетип таштаган да.

Чөйчөктөгү жарманы ичээрим менен аян-буяңга келтирбей жездем үйдөн жетелеп чыгып колун жаңсап жол көрсөтөт. «Элге көрүнбөй мобуяк менен тызылдап чуркаган бойдон кет» – деп кыштактын түндүк жагындагы суу жеп кеткен узун коону бет алдырып коёт.

Үйдөгүлөр эмне айтканын, эмнеге жибергенин, эмне жумуштап келгенимди да толук айта албай, жездемдин суук көзүнөн чоочуп калган жаным, апкаарып, бүткөн боюм калтырап корккон боюнча жолума түшөм.

* * *

Окуу башталып калган. Жаңыдан биринчи класска киргем. Колумда бар болгону бир карандаш, бир дептер, бир алиппе китебим бар. Бир күнү мектепке барып жолдошторум менен катарда олтурсам мугалим агай кирип келди да, мени тиктеп-тиктеп туруп:

«Ой бала, тур өйдө, дептер, карандаш, китептериңди ташта. Сенин атаң «кулак» болгон тура, бүгүндөн баштап мектепке жолобо, биз «кулактын» балдарын окутпайбыз» – деди. Ошондогу агайдын сөзү муздак темир менен төбөгө чапкандай катуу тийди. Бүткөн боюм токочтонуп жаткан жыланды жыңайлак басып алгандай «дүр» дей түштү. Жолдошторумдун баары мени жалдырап карап калышты. «Баа» деп бакырып жибере жаздадым, эрди-башым калтырап-титиреп барып өзүмдү өзүм араң токтоттум. Мугалим агай мени жетелеп келип каалганы ачып туруп эшикке чыгарып жиберди да, эшикти тарс эттирип бекем жаап койду. Жолду жолдото ыйлап олтуруп үйгө келдим. Мени көрүп эне-атам, эжем, эс тарткан бөбөктөрүм, баары ыйлады. Ошондон тартып биздин үй-бүлөдө күлкү түгөнүп, күлкү ыйга айланды. Эртели кеч эрмегибиз ый гана болуп калды.

Арадан бир жума өткөндөн кийин Айыл кеңешинин төрагасы баштап алты-жети адам келди да биздин үйдү тинтип, жыйылуу турган жүктү чачып, сандык жагдандарды бүт оодарып, тыңыраак жууркан, төшөк, ала төбөл жабылган татынакай боз үйүбүздү баштап колхоздон эки араба айдатып келип салып кетишти. Айла канча, каш кайтарар кишибиз жок. Калтырап туруп бердик. Ошондо ошол оокаттарыбызды өкмөткө өткөрөбүз деген атка минерлер өткөрбөптүр. Сыягы өзүлөрү эле бөлүп алган көрүнөт. Кийинчерээк билдик. Буюм-тайымдарыбыздын кээ бирөөлөрүнүн көзүн ошолордун үйлөрүнөн көрүп калып таанып жүрдүк. Кийин-кийин ойлосок эмне үчүн «кулак» болгонубузга таң калабыз. Болгону отуз коюбуз, бир музоолуу уюбуз, бир атыбыз бар болчу.

Аны да колхоз эчак күн мурун «ортого» шыпырып алган.

Үй-жайдан ажырагандан кийин (эл-журттан айланса болот) айыл-апа эмеспи, ар биринен чогултуп убактылуу бир кара алачык чүргөп алдык. Бир жаман жери ушу болду, «кулакка» тартылгандан кийин атам айылга батпады. «Качан мени бир күнү келип айдап кетер экен деп, үйдөн качыңкы тартып күндүз көп жолобойт. Атам өтө жоош киши болчу, көрсө аны кулакка деле тартпаптыр. Ошондой кишилерди коркутуп, бирин-экин оокатын тартып алыш үчүн айылдагы атка минерлердин «бүркүт калдаңдаткан» амалы экен. «Кулакка» илингендей мурунку учурда бий, болуш же куру дегенде он башы болсочу атам. (Илгери он түтүндү башкарган кишини он башы деп койчу экен). Өз оокатын өзү кылган бечаранын бирөө экен. Жалгыз айыбы – уругу манап. Абайылда уулунун тукуму. Анткени ошол 1929-жылдарда Кочкордогу Абайылда баатырдын балдарынын тыңыраактарын кулакка тартып, 1929-жылдын күзүндө Украинага жер которуп үй-бүлөсү менен айдап жиберишкен.

Бир күнү атам үйгө түн жамынып келип: «Мен Жумгал совхозуна барып келдим. Ал жерде Сыдык деген досум бар эле. Ошолор совхоздун малын айдашып этке төккөнү Пишпекке баратышыптыр. Унаалары көп экен. Бизди ала кетишмек болушту» – деп кубанып келди. Баарыбыз сүйүнүп кеттик. Анткени бул жер жай болбой калды Чүйгө кетпесек болбойт, – деп жүрчү атам да, апам да. Апамдын төркүндөрү (таякелерибиз) солто, Туздун жайылмасындагы элден (азыркы Кант районуна карайт). Бир жыл мурун жай айларында атамды ээрчип барып таякелериме таанышып келгем. Биз кичирээк кезде атам, апамдар барып алар бизге келип, жайдыр-кыштыр тынбай катташып турушчу. Кечээ эле колхоз чыккандан кийин байланыш бир аз үзүлүп калган, Чүйгө барсак эле жыргачудай үй-бүлөбүз менен кубанып жүрдүк. Чүйгө кетээрибизди оозуңардан чыгарбагыла, кокус силерден угуп өкмөткө бирөө билгизип койсо баарыбызды Чүйгө кетирбей Украинага айдап жиберет деп атам, апамдар бизди коркутуп коюшкан. Айтмак түгүл бири-бирибизге «Чүй» деген сөздү оозубуздан чыгарбайбыз.

Арадан көп убакыт өтпөй ошол Жумгал совхозунун мал айдагандары менен Чүйдү көздөй жол тарттык. Баш билген уйлары, жүк көтөргөнгө өгүздөрү, дагы бир-эки төөсү болуп унаалары кенен экен. Жууркан, төшөк эмеректерибиз бүт батты. Ара-чоро өйдө-ылдыйда жөө баспасак анчалык кыйналган жокпуз, учкаштык-чиркештик, беш-алты күн ара конуп олтуруп таякелерибизге жетип жыгылдык.

Алар бизден бир-эки жыл мурун кыштакташыптыр. Мындай кыштакты көрбөгөн жаныбыз шаар көргөндөй болдук. Көчөлөрү узун-узун, бактуу-шактуу. Тамдарынын баары катар-катар тартиптүү орношкон. Кээ бир тамдардын чатырлары камыш менен жабылбаса, калган көпчүлүгү балык жон чыгарып ылай менен шыбалыптыр. Оңой менен суу өтчүдөй эмес. Аларды көргөндө «Кудай аман коюп кайра Кочкорго барганда биз да өзүбүздүн тамды ушундай жаап алсак экен» деп, кээде ичимден ойлонуп калам.

Кыштактын күн чыгыш жагында үстүн жука темир менен жаап сыртынан кызыл сыр менен сырдап койгон татынакай чакан мектеп турат. Алыстан караганда алда немедей көзүмө кооз жапжакшынакай көрүнөт. Ошол мектепке кирип окусам ээ дегенде эки көзүм төрт болуп жүрдү. Биз баргандан бир ай мурун окуу башталып калган экен. Бир күнү таякемдин баласы мугалимдер менен сүйлөшүп келиптир. Мени ээрчитип барып биринчи класска киргизип койду.

Балдары менен бат эле таанышып кеттим. Жалгыз гана жүрөгүмдүн дүпөйүлү – окуткан агайдан чочуйм. Кайсы күнү сен «кулактын» баласы экенсиң деп кууп чыгат экен деп. Мындан башка оюма кылт этип эч нерсе кирбейт. Мектептин бөлмөлөрү эң сонун. Кооз, алды-үстү тактайланып, сырдалган. Отургуч, парталары бар. Терезелери чоң-чоң, жапжарык. Бардык класстарында кара такта дубалга жабыштыра кадалган. Буларды көргөндө баягы Кочкордо калган өзүбүздүн айылдын мектеби көзүмө элестей түшөт. Ичи-тышы акталбаган, олтурарга отургуч жок, алдыбызга саман төшөлгөн, төшөлгөн самандын үстүндө көмкөрөбүздөн жатып жазабыз, көмкөрөбүздөн жатып окуйбуз. Терезелери тырмап тешкендей кичинекей, караңгы, кагаз, дептер жок. Кээде чопого жазчубуз. Коңгуроо кагылганда класста отурган балдар топ таранчыдай үркүп тура калганда тополоңу тос болуп саман, топон аралашкан чаң тумандай каптап бырыксыйт, чаңдан бирибизди бирибиз көрбөй калчубуз. Ошолорду ойлогонумда «кулак» болгонубуз да жакшы болуптур, болбосо мындай мектептен окумак кайда деп барып токтоп калам.

Кочкордон эмне болуп келдиңер эле деп мугалимдер, балдар, кокус башка бирөөлөр сурап калса «Таякемдикине келгенбиз, кайра бир-эки жылда кетебиз» деп жүргүлө. Бул сөздү күн мурда айтып ата-энебиз баарыбызды бышы кулак кылып койгон. «Кулак» болуп келгенбиз деген сөз балакетти оозубуздан кудай уруп чыгарбы, чыкпайт да. Ошондой болсо да балдар менен отурсам да, ойносом да, сүйлөшсөм да өзүмдү өзүм өтө муңайым, пас, бөксө алып жүрөм. «Кулак» деген балакет баскан сөз жүрөктүн башында турат да турат. «Кулак болуп келген турбайсыңарбы» – деген сөз кээ бир балдардын оозунан чыгып кетеби – деп эсиме келе калганда бүткөн боюм «дүр» дей түшөт. Бирок, Чүйдүн эли андайды такып сурабаган балдары да, чоңдору да такымчыл эмес, жоош, момун эл болот экен.

Келген жылы кышта кар оор түштү. Кар көрбөгөн жаныбыз катуу жүдөп калдык. Кочкордун кышы мындай болбойт эмеспи. Карандай какшаткан катуу суугу болбосо, жер кургак. Колго жасаган кийиз чокой менен чаңды бурулдата кечип жүрүп, кыштан чыгып кетесиң. Бул жакта андай эмес экен. Кар. Болгондо да жылчыксыз кар. Күн жылымтал боло калса кар жашып, чокоюңдун таманынан былчылдап суу өтөт. Кар менен кошо баткак жабышат. Бир бутуңдан бир бутуң оор. Бирин көтөрсөң экинчисин көтөрө албайсың. Бул элдин балдары батинке кийишет экен, өмүрү «батинке» дегенди көрмөк түгүл уккан жан эмесмин. Чокойчон жүрдүм. Батинкечен балдар мени шылдыңдашат: «Кочкорлук, кочкорлук», – дешип. Жооп айта албай жер карап калам.

Менин чокоюмду класска киргенде агайлар чечтирип коюшат. Бутум кызаңдап партанын алдынан шыйрагыма чейин чыгып турат. Бир күнү таякем Бишкекке барып бир кызыл батинке сатып келип берди. Өмүрүмдө ошол күнкүдөй кубанган эместирмин. Бутума чапчак. Сүйүнгөнүмдөн ал түнү анчалык деле уктаган эмес окшоймун. Түшүмдө батинкемди балдарга көрсөтүп жүрүптүрмүн. Эртеси мектепке күндөгүдөн эрте бардым. Кубанычым койнума батпай ичим эле ысыйт. Батинкемди балдар, мугалим агайлар көрсө экен дейм. Мектепке чокойчон барып жүргөн жаным өз бутумдан башканыкын байкабаптырмын, көрсө андай кызыл батинке балдардын көбүндө эле бар экен.

Жаз чыкты. Чүйдүн жазы Кочкордукуна караганда башкача тура. Кочкордо жаз кыштан да катуу болот эмеспи. Күн жылыбай каткалаң болуп кубаңдаган-кубаңдаган сур булуттар тоо-тоонун баштары менен туз сураган төөлөрдөй өйдө-төмөн локулдап, бирде карарып, бирде түнөрүп, бирде заарын бетине алып, купкуу болуп сурданып, шамал менен бороонду биринен сала бирин кайта-кайта дуулдатып, жыландай ышкырып, жерди жумшартып чөп чыгаргандын ордуна кайра муздай тоңдуруп топурак чаңын созолонткон боюнча асманга чыгара куюндатып, кыш чилдеден өлбө жаным, өлбө деп ары-бери кыйралаңдап термелип-теңселип араң турган арык-торуктардын өпкө-бооруна суукту үстөккө босток көрүктөй үйлөп эсин оодарып кайсап бүткөндөн кийин, тээ тетиги жайга жакындаганда «Кандайсыңар эми?» – деп, табасы канып кабагы бүркөлгөн жаз ошондо араң келет эмеспи.

Чүйдүн жазы андай болбойт тура. Жупжумшак мээримдүү наристе баладай күлүңдөп, жаркырап-жайнап кабагын ачып жайдары мүнөздө келет экен, жарыктык. Февраль аяктап, март жаңыргандан баштап баягы жер жамынып жаткан жумурткадай аппак кар асмандан мемиреп тийген Күндүн ысык илебине туруштук бере албай төбөсүнөн жыпжылуу жамгыр күн-түнү менен куйганда кардын эриген суулары бет алган жагын көздөй туш-туш тарапка агып олтуруп, жердин бетинен бармак басым чоло калтырбай ой-чуңкуруна чейин кат-катынан өтүп, атайылап шалбырата сугаргандай жерди көл-шал кылып салат тура. Анан кыш бою жамынып жаткан топурактын булуң-бучкагы керилип-чоюлуп, дене бою жазылып куурма чай ичкен кудагыйлардай көл-шал болуп алка-шалка тердеген жердин бетинен жыпжылуу кара буу чыгып алар жөө тумандарга айланып, Жер эне жарыктык мончого түшүп чыккандай кир-когунан, жыт-жыбырынан ажырап, көйкөлө тартып, шаңына чыга түшөт тура. Дал ошондон кийин быжырап чыккан чөптү көрүп ал, аларга да жан кирип, биринин артынан бири көз жарып, кыш бою кардын алдында тумчугуп жаткан бечаралар жарык дүйнөнү жадырап жайнап көрүш үчүн тырышып-тырмышып, алдыңкыларын арткылары түрткүлөшүп ар кимиси ар бөлөк бажырайып, өз-өз жүздөрүн көрсөтмөккө шашылып ак, көк, кызыл-тазыл түрлөргө айланып жылчыгы жок жыпжыш чыга берет экен. Мейкин түз талаалар, чалкайып боюн керген адыр-адыр тоолор мезгили жетип учуру келгенде өзүнөн өзү жаңы нооту чепкен жамынгандай кулпунуп, көйрөңдөнүп калат тура. Мына менин таякелеримдин жери да ошол жазда ушундай болду.

Тим эле силкип жайып койгон кооз көк-жашыл килем.

Биз адеп келген жылы таякелерибиз катуу каралашкан. Апамдын төркүндөрү эки атанын балдары экен – Алдаяр, Тойчубек. Алдаяр уулу өзүнчө бир көчө. Апамдын жакын туугандары ошолор. Тойчубеги экинчи узун көчө. Эки уруусу тең анчалык алыс эмес жакын кошулган ага-ини туугандар. Эже-жездекелешип түтүнү куру калбай эгин чогултуп беришкен. Канга салам бербей кыш, жазы менен тебелеп-тепсеп ичип күзгү бышыкчылыкка жеткенбиз. Куураганда 1932-жылы катуу куурадык. Жылдын жыйынтыгы начар болду. Жаз, жай кургакчылыкка айланып, тып этип жаан жаабай койгон. Колхоздун кампаларынын чөнтөктөрү бөксө-бөксө. Тукуму араң толду. Колхозчулардын эмгегине кылайган эч нерсе бөлүнгөн жок. Элдин пейили тарый түштү. Эл менчик огороддорунан чогултуп алгандарына каниет кылып туруп калышты. Кай бир көп бүлөлүлөр күзгү буудай аңыздардан жарыбагандай баш терип алышкан. Биз ага да жараган жокпуз. Кантип жарабайлы. Колхоздун атка минерлери башка жактан келгендерге уруксат бербей койгон. Уурданып барып терген баштарыбызды баштык-шаштыгыбыз менен алып коюшчу.

Быяккы элдин жокчулугу аз келгенсип «үшүгөнгө шишиген жолугуптур» дегендей ачарчылыкка катуу учураган казак туугандар да жапырт каптап кирип келди. Кантет анан байкуштар, казактын кыргыздан, кыргыздын казактан башка эмнеси бар. Экөө бир тууган эл да.

Кайырчы казактар бири кирсе бири чыгып үй кыдырып жүрүшөт. Күнүмдүк оокат кылып турган баштыгындагысы өз үй бүлөсүнөн артпаса да элибиз боорукер болот тура. Кирген казак куру чыкпайт. Алкаганын сураба: «Арбагыңдан айланайын кыргыз баурдастар, биз тозулсак да сендер тозылбаңыздар. Жаныбызды сендер алып калдыңар го. Сендер болбогондо биз не деген күндү көрөт элек. Тукум курут болот элек го» – дешип, үйдөн обочо узаганга чейин алкап кетишет, байкуштар…

Таякемдин болгону үстү камыш менен жабылган эки бөлмөлүү үйү бар. «Кокуйдун үстүнө наалат болуп» биз аз келгенсип ошол жылдарда таякем да кулакка тартылыптыр. Анда-санда райондон чоңдордун келип калганын угуп калганда үйүнөн бозуп бир-эки күнгө кетип калат.

Каякка барып түнөп, каякка барып баш калкалап келээрин билбейбиз. Таякем, аялы, эки уулу, эки келини менен дагы бир биз катарлуу баласы болуп жети жан. Биз атам, апам, эжем, төрт эркек бала болуп жети жан. Баарыбыз кошулганда он төрт жан ошол эки бөлмөлүү тамда сыгылышып араң батып жатабыз.

Ачкачылык каптап, жокчулук болгондо телегейи тегиз жок болот тура. Жадаганда отун да жок. Илгери эл кыштакташа электен мурун ар кайсы кыштоолордо боз үй менен жашап, бирин-экин малынын көңү менен оокат кылышчу тура. Малдан ажырап, түз жерге кыштак орношкондон кийин же үйдө жок, же тоодо жок болуп, же малынын көңүнөн жок, же тоодогу караган чер токоюнан жок, адеп кыштакташкан эки-үч жылдын аралыгында эл тамак-аштан мурун отундан катуу кыйналып жүрүштү. Кыштын күнү Чүйдүн талаа-түзүн кар басып калып, тезек терип жага алышпайт экен. Кочкордой кургакчылык болбосо кантет анан. Жерде тердиктин бетиндей карарган чоло жок. Бүт кар баскан. Анда-санда гана соройгон-соройгон тикенектүү чогойнолордун баштары көрүнөт.

Таякемдин эки кичинекей келиндери (балдары ошол биз барган жылдардын алдында эле үйлөнүшсө керек) колхоздун жумушунан кайтканда экөө эки таңгак чогойно көтөрө келишет. Көтөргөндөрүн үйгө жеткенде «лок» дедире таштап жиберишип, жүккө жөлөнгөнсүп көпкө чейин, таңгакка сүйөнүшүп асманды тиктеп туруп калышат. Көрсө бечаралар кечке колхоздун жумушун иштеп, кайтаарында чогойно орушуп, аны да далай жерден бери далай жолу жолдо тынып олтурушуп үйгө араң жетишкенде каруусу кеткен байкуштар айласыздан ошентип үшкүрүп отуруп калышат тура.

Бир казандан тамак ичкен он төрт баш кишинин караганы бир кап конок. Же саарга саан болсочу. Таякемдин жалгыз ую бар экен. Ач калгандыкы кеч калат болуп ошол жазда ал да кысыр калыптыр. Кысыр уйдун эмнесин тиктеп отуралы деп аны да таякем сатып жиберип бир кап жүгөрү, бир кап конок алып келген. Жүгөрүнү эчак эле жазга жеткирбей жалмаганбыз. Эми тиги каптагы конокко кирдик. Карандай кара сууга кайнаткан катыгы жок конок кожонун анда-санда гана бүдүрү болбосо суудан айырмасы аз. Эки кичинекей таяжеңелерим (байкуштар) чоң казанга толтура суу куюп, бир табак акталган конокту кайнатышат. Бышкандан кийин экөө эки кулагынан кармап ийрелеңдеп колдошуп келип казанды тегерек түпкүчкө бүркүт кондургандай кондуруп, анан бир четинен катар тизилген чай чынылардын биринен сала бирине куя беришет. Алдыбызга экиден артыбызга бирден суу татыган конок көжө тийет. Ачарчылыкта бар эле болсун, конок көжө дегениңдин же сүт, же май жыттанган катыгы болбосо тамак деле эмес экен. Айлаң канча, ичесиң да. Ичээриң менен кайда кеткени билинбейт. Бир аздан кийин ичегилериң кулдурап өзөгүң караят. Же үй жылуу болсочу. Чогойно жаккан темир мештин табы болобу. Бат эле өчөт.

Ачкачылыкта адамдын обору кетип, чырм этсең түшүңө тамактан башка кирбейт экен. Эки иним үчөөбүз бир төшөктө жатабыз. Ачка болгондо адамдан уйку качат деген ырас тура. Бир уктагандан кийин үчөөбүз тең ойгонуп жууркандын жакасынан ийиндин оозунан баштарын чыгарган суурдун чөндөлөйлөрүндөй болуп бирибизди бирибиз тиктеп жата беребиз. Зарыгасың, таңды күтөсүң, Күндү күтөсүң. Оңой менен таң да атпайт, Күн да чыкпайт. Эртең менен кандай шашып тура калсаң да баягы шылдыраган суюк конок көжө даяр. Таң соорусу менен турушуп эки кичинекей таяжеңелерим белендеп коюшат тура, бечаралар.

Ачарчылыкта чоңдордон да бөтөнчө балдардыкы кыйын экен. Чоңдор балдарга караганда топуктуу келишип, карандай чай ичишсе да тамакты көп эстешпей бар-жогуна каниет кылышат тура. Чоңдур кичинедир, арыктаганда эки беттин чүкөсү уркуюп чыгып, жаак эттер шимирилип, эки көздүн кубаты кетип толтолору бөксөрө баштайт экен. Чоңдордукун кайдан байкадык, үч бөбөгүм менен төртөөбүздүкү ушундай болду окшойт. Курсактарыбыз эле көбүңкү чедирейип, мойнубуз ичкерип, баштарыбыз ышкындын баштарындай топтоголок болуп кокоюп турат. Буту-колдорубуз чымчыктын балапандарыныкындай кирбийип-кирбийип ичке-ичке. Көрсө ачкачылыкка чыдай албаган айрыкча жаш балдардыкы ошондой болуп кетет тура.

Ошол жылы баарыбыз кыйналдык дечи, айрыкча биздики бир тең болсо, бизден да апамдын кыйналганы бир тең болду. Үч жашар кенже баласын бирде алдына көтөрүп, бирде артына көтөрүп, желкесине куржун арта салып, төркүндөрүнүн түтүнүн түрө кыдырат. Бир күнү бирөөнө барса, бир күнү бирөөнө барат, бүт кыдырып келет. Асынганы куржун, көтөргөнү бала. Кайырчы казактардан апамдын айырмасы аз эле. Казактар болсо бир айылдан экинчи айылга кыдырып кете берет эмеспи, а апам болсо бир эле кыштакта турган төркүндөрүн кайра-кайра күн алыстап кыдыра берет. Ошентип жүрүп ошол жазда апам байкуш бизден да беш бетер арыктап кетти.

Айланайын апакем! Апамдын куржунун мойнуна асып, баласын көтөрүп үйдү көздөй жакындап келатканын көрөр замат алдынан тосо чуркайбыз.

Апам өзү жейби, жебейби билбейм. Барган жеринен нан, жүгөрүнүн бадырагы болсо да колуна тийгенин койнуна катып ала келчү да, бышылуу табылгасын бышылуу бойдон баарыбызга тегиз бөлүп берчү.

Апамды уядагы балапандарына чабагандап кайта-кайта жем ташып келип турган чабалакейдин балдарынын энесиндей элестетээр элем…

Чабалакейдин балдары энеси жем алып уянын четине коно калганда баарынын чый-пыйы чыгып ооздорун ачып жиберишет эмеспи. Ана карачы, жанагы чабалекейдин балдарынан биздин кандай айырмабыз бар да, эне чабалекейден апамдын айырмасы кайсы. Апамдын ошол жылдардагы эмгегин эстегенимде азыр да көзүмдөн жаш мөлт-мөлт тегеренип кетет. Алда айланайын апам ай!..

Эне менен атанын балдар үчүн эмгектери күч дечи, бирок эненикине жетпей атаныкы алда кайда калат экен. Бул жарык дүйнө кең ааламда атамзаман алмуздактан бери жаралган жан-жаныбардын тукумун ата бакпай, биринчи жолу эне багат турбайбы. Эне байкуш он ай көтөрүп омурткасы сыздап, анан жерге түшкөндө ымыркайынан тартып бала бала болуп акыл-эси киргенге чейин асырап багып, адам кылып чыгарат экен да. Ата, баланын жаш кезиндеги азап-тозогуна аралашпай, качан гана каруу-күчкө толгондо имере тартып өзүнө үйүр алдырып, мен сенин атаң болом деп энесинин атын ататпай өзүнүн атына каттатып, четтетип ээликтеп алат экен. Кимдин баласысың деп бирөө сураса бала энесинин атын айтпай атасынын атын айтат экен.

Мына кызык, атанын амалын кара. Курусун мунуң.

* * *

Бир күнү кечке маал ат жетелеген бир киши биздин үйдүн эшигинин алдына келип түшүп жатат. Баарыбыз жабыла эшикке чыктык. Жакындап барып карасак Кыдыраалы байкем экен, эл-журт, ага-тууганды сагынып калган жаныбыз чурулдап-чуркурап кучакташып, ыйлап-сыктап учураштык. Биздин ачкүсөндөй кебетебизди көргөндө Кыдыраалы байкем көзүнүн жашын көлдөтүп төгүп жиберди. Баарыбызды (бирибизден сала бирибизди) кучактап өөп да жүрөт, ыйлап да жүрөт. Аны көргөндө биз кантип чыдап турабыз, атам, апам баш болуп ызы-чуу түштүк, баарыбыз ыйладык, Кыдыраалы байкем атам экөө эки ата өткөн тууган. Биз Коондуктан, алар Бекиден. Коондук, Бекинин атасы Абайылда. Ошол кезде Кочкор, Жумгал бир район болчу.

Мамлекетке эгинди атка, төөгө, өгүзгө артышып Кантка алып келип төгүшчү. Азыркыдай унаа жок болгондуктан күздө башталган эгин ташуу жазга чейин созулчу. Ошолордун бири болуп Кыдыраалы байкем биздин колхоздон келиптир. Эки атка арткан жүгүн төгүп берип кутулгандан кийин бизге учураша кетейин деп атайылап кайрылган тура. Туугандан айланса болот.

Жол азыгыңар деп колхоз эки кишиге энчилеп бир пудтан талкан бериптир. Ошонун бир чакасын жолду жолдото үнөмдөп олтуруп бизге ала келген экен. Кыдыраалы байкем айтаары менен апам талканды куржундан бошотуп чакага салды. Кургак талканды кургак бойдон какап-чакаганыбызга карабай чеңгелдеп алып сугунуп кирдик.

Апам бирдеме дейин деди эле: «Жардынын бир тойгону орто байыганы» деген, мейли жөн кой, обору кеткен байкуштар жей беришсин, деп койду атам.. Эси-дартыбыздын баары талканда болуп жатып байкабай кылыптырбыз, бир кезде карасам бизди көрүп байкап олтурган тура, ушул ахвалга келип калышкан экен деп ойлосо керек. Кыдыраалы байкем көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап олтурат. Ал түнү апам менен атам эл-журт, айыл-апаны сурап олтурушуп, Кыдыраалы байкемди уктатышкан жок. Сагынгандары жазылсын деди окшойт, Кыдыраалы байкем бир күн өрүүн болду. Апамдын улуу эжебизге арнап өз колу менен сайган сонун туш кийизи бар эле. Ошону жаз чыгаары менен Кочкорго алпарып балдарга бир саан уй кылып берсек деп кышты кыштата кеп кылып жүрүшчү. Мына эми Кыдыраалы байкемдин келгени оңдой берди болду. Мурун атам жалгыз барам деп жүргөн, эми тиги белен унааны көргөндөн кийин мен да барам деп апам да кошулду. Аттанар алдында таякелеримдин таштап кет дегенине болбой: «Мен жок болсом өлүп калат» – деп, үч жашар баласын алдына өңөрүп алды. Улуу эжебизди, ал деп Чүйгө келген жылы күйөөгө бергенбиз. Ошонун кайындарынын калыңына бир жакшы ат келген. Атам ошол атына минди. Апам бизди биринчи Кудайга, экинчи Кудай алдында бир туугандарына ишенип таштап кетти. Аттанар алдында баарыбызды бети-башыбыздан кайта-кайта өөп, кайта-кайта жыттап анан улам-улам кылчак-кылчак артын карап баратканы көзүмө көрүнүп калат. Атам болсо он чакты күндө келип калаарбыз, биз келгенче аман-эсен тургула деп бастыра берген. Баарыбыз эшикке чыгып алардын карааны үзүлгөнчө карап турдук.

Апам менен атамдар Кочкорго кеткенден баштап эси-дартыбыз саан уйда болду. Бат эле уй сатып алып келишсе экен, ал уй аман-эсен тууп берип уузун ичсек, сүтүн ичип каймагын жаласак дегенде ак эткенден так этип жүрдүк. Кай бир күндөрдө өзүмөн кичүү эки кичинекей бөбөгүмдү ээрчитип алып жаңыдан көгү кылтыйып чыгып келе жаткан арыктардын жээктерин бойлотуп жүрдүм. «Көрдүңөрбү, мынабу жыбырап чыгып келе жаткан көк чөптөрдү. Кудай аман коюп апам-атам экөө бир уй сатып келишсе ушул арыктын боюна аркандап, улам бир чөбү калың чыккан жерге которуп турабыз. Музоосун силер экөөңөр жетелеп откозосуңар. Анан кеч киргенде уйду тойгузуп алып мен жетелеп жөнөйм. А экөөңөр болсочу, бирөөңөр музоону жетелеп, бирөөңөр артынан айдап аласыңар. Анан үйгө барганда апам саайт. Уйдан бир чака сүт чыгат. Апам сүттү бышырып үчөөбүзгө үч чөйчөккө көбүгүн аралаштырып куюп берет. Калганын айран уютуп коёт. Айранды күндүз ичебиз. Эртең мененки, түштөгү саап алган сүттөрүн бышырып туруп табакка куюп койсо сүт каймактайт. Каймагын жыйып олтуруп көбөйгөндө казанга кайнатып сызгырат, апам. Андан чөбөгө чыгат. Чөбөгөсүн баарыбыз жейбиз. Майын болсо карынга куюп чогулта берет, чогулта берет. Качан карын толгондо оозун бууп тоңдуруп катып коёт. Аны кышында нан малып жейбиз. Билесиңерби баягында Кочкордо экенде биздин уюбуз бар эмес беле. Анан колхоз «ортого» ала электен мурун ошол уй тууганда ошол уйду апам саап уузун бышырып берчү эмес беле. Ошондо айран, сүт ичип каймагына талкан көөлөтүп жеп жыргап калчу эмес белек. Мына, эми да Кудай аман коюп атам менен апам бир сүттүү жакшы уй алып келсе ошол уйдун сүтүн саап ичип, ошол Кочкордогудай жыргайбыз». Бөбөктөрүмө ушинтип анда-санда айтып койсом, уй келип колубузда тургандай кудуңдашып кубанып калышат.

Түнкүсүн уктасак да уй түшүбүзгө кирет. Эртең менен тура калып төшөктөн башыбызды көтөргөндө эле көргөн түшүбүздөн баштайбыз. Бирибиздикин бирибиз угуп, бирибиздикин бирибиз жоруй беребиз. Баарыбыздын түшүбүздө апамдар уй сатып келип, аны алыштын жээгине откоруп жүргөн болобуз. Бул түш бизге ашмалтай болуп биз менен кошо жатып, кошо туруп көнүп калды. Бизге башка түштүн кереги жок. Ушул эле түшүбүздү өзүбүзгө буйруп, Кудай кут кылса болду…

Апам менен атамдын Кочкорго кеткенине он күн эмес он беш күндөн ашып кетти. Күнүгө кечкисин эл орунга отуруп, каш карайганча жол карайбыз. Бүгүн келип калар, эртең келип калар деп олтуруп далай күн өттү. Таякем төлгө тартат. Мына келатат, ана келатат деп олтуруп ал киши да жадады окшойт, кийинки күндөрдө төлгөсүн да тартпай таштап койду. Биз уй жетелеп келет деп жүрсөк ал киши башкача ойлоп жүрүптүр. «Барары менен НКВДлар сен «кулак» болгондон бери кайда качып карматпай жүрөсүң деп камап койдубу?». Бул оюн таякем бизге кайдан айтсын, өзү «кулак» болуп өз көлөкөсүнөн өзү коркуп жүргөн неме.

Бир күнү кечке маал күндөгүдөй жол карап эшикте олтурсак баласын көтөрүп алып апам келатат, айланайын апам. Баарыбыз чурулдап чуркадык. «Апам келатат, апам келатат», жүгүргөн бойдон алдынан чыктык. Бирибизден ажыраса бирибиз жабышабыз. Катуу сагынып калыптырбыз, баарыбыз сүйүнгөнүбүзгө чыдабай ыйлап жүрөбүз. Апам да ыйлады. Ал бизден көп ыйлады.

-Атаңар келдиби?

-Жок. Апам дагы ыйлады. Кичине бөбөктөрүм байкаган жок, эжекем экөөбүздүн эсибиз чыгып кетти. «Атамды камап койгон экен», – деп. Чурулдап-чуркураган бойдон апамды ээрчип үйгө кирдик. Таякем баарыбызды катуу унчугуп кагып койду. «Токтоткулачы ызы-чууңарды». Биз токтоп калдык. Анан апамдын жайын сурай баштады. Ошондо да апам таякеме ыйлактап, жашып жооп берип жатты:

-Мындан чыкканда жолго ара конуп аман-эсен айылга жеттик. Элден айланса болот, эл бизди, биз элди сагынышып калыптырбыз, кучакташып көрүштүк. Эсенчиликти сураштык, жакын туугандарыбыз түтүнү куру калбай колунда бар ашын беришип аябай сыйлашты. Үч-төрт күн өткөндөн кийин кимдир бирөөдөн угуп калганбы, Айыл кеңешинин төрагасы чакырткан экен, балдардын атасы (атамды апам атынан атачу эмес) экөөбүз тең бардык. Медеркул Иманкулов деген жаш жигит экен, жакшы кабыл алды. Ал-жайыбызды сурады. Ал кезде Айыл кеңешинин төрагасы мен эмес элем, кийин угуп калдым. Сиздерди бекер кулакка тарткан экен. Уккан кабарга караганда анчалык деле кулакка ылайык киши эмес экенсиңер – деп ылым санаган жакшынакай сөздөрүн айтты.

Биз ичибизден ыраазы боло түштүк өкматтан анчалык жылуу-жумшак сөз укпаган жаныбыз. Анан сөзүнүн аягында! Сиздерде бир жакшы туш кийиз бар экен, бооз уйга сатат экен деп уктум. Мында алып келгилечи, жакшы болсо мен алам, башка бирөөгө бербегиле. Эки бооз уюм бар тандаганыңарды алгыла да, мага бергиле деди. Биз сүйүнүп кеттик. «Ата айланайын Кудай жалгасын, бала-бакыраңдын күнүн көр».

Сүйүнгөн бойдон кайра чуркадык. Мен эле алпарып берейин, сен мында кал деп балдардын атасы туш кийизди колтугуна кысып алып кетти. Бат эле кайра бозоруп жетип келди. Өңү бузулуп алактап чочуп алган.

-Ой сага эмне болду?

-Э, эмнеси курусун.

-И… ботом айтчы?..

-Барсам кеңселеринде өзү менен сүйлөшүп бир кызыл жака олтуруптур, жүрөгүм оозума каптала түштү. Тумшукка чапкандай кайра тарттым. Артыман Медеркул кошо чыкты. «Келе, алдагыны мага бер да кете бер. Сиздин келгениңизди бирөөдөн уккан го, буга мен өзүм жооп берем, коркпоңуз» – деди да туш кийизди алып калып мени кайра жолго салды.

-Уйдучу?

-Уй берем оозунан чыккан жок. – Эртеси күнү экөөбүз тең Медеркулдун үйүнө барсак, туш кийизибиз тушунда тартылып турган экен. Уйду кеп кылсак, уй түгүл өзүңөр аман калганыңарга сүйүнсөңөрчү деп, үйүнөн айдап чыкты.

Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин балдардан санаам чыдабай мен кайра быякка жол тарттым. Баягы эгин жүктөп, Кочкордон Кантка жеткирчүлөр жөнөп калган экен. Менден бир күн мурун балдардын атасы Шамшы ашып бел менен кеткен. Куржунунун эки көзү толтура, балдарыңарга ала баргыла деген айыл-апанын берген бир койдун этинен ашык чүйгүн эттер бар эле. Мен аны эчак келди го дегем, али күнчө келе элек тура. Деги ат көлүгү аман болсо болду. Жазга маал кар жааса белдин аркы бети берки беттериндеги торпулардан көчкү жүрүп турчу эле – деп апам дагы жашып кетти. Апама кошулуп биз дагы ыйлай бердик. Көчкүнү айтканда ал белди көп ашып жүргөн таякемдин жүрөгү болк дей түштү окшойт өңү бузула түштү да, анан бизди «кой, ыйлабагыла, Кудай сактасын эртең-бүгүн келип калат» деп жоошутуп койду. Биз апамдын аман-эсен келгенине сүйүнүп ыйлабай басылып калдык. Ошол күндөн баштап баягы уй түшүбүзгө кирбей, анын ордуна атамдын бизге алып келаткан куржундагы эти кирчү болду. Бирок атам кечикти. Күн өткөн сайын жүрөгүбүз солкулдайт. Таякем да, апам да коркуп жүрөт, бирок алар коркконун бизге билдирбейт.

Бир күнү күүгүм талаш биздин үйдү көздөй анда-санда илкип баскан жалгыз караан келатат. Атам келип калар бекен деп күн сайын жол карачубуз. Жакындап келаткан сайын кебетеси атама окшошуп кетет. Апам бизден мурун таанып, атаңар экен чуркагыла деди. Биз ата-ата, атакелеп баягындагы апамдын алдынан чуркагандай жабыла чуркадык. Чын эле атам экен. Сагынып калган жаныбыз баарыбыз чуркурап-чуулдап ыйлап жибердик. Атам да ыйлап, сакалынан жашын чуурутуп бети-башыбыздан өпкүлөп жатат. Атамды ээрчип үйгө кирдик. Чоң таяжеңем бир чөйчөккө толтура суу куюп ала чуркап атамдын башынан айлантты. Алар көчкү басып өлдү деп эчак эле түңүлүп калышкан экен. Аны биз кайдан билели. Качан гана атам үйгө кирип жайланып олтургандан кийин уктук. Атам ошол өзүбүздүн айылдан чыккан күнү белдин аркы түбүндөгү Шамшы колхозунун айылын аралап келатса алдынан бир көзү жок адам чыгып: «Мен ары өткөн, бери өткөндөрдүн жолкатын текшерип тура турган тосмочумун, мени бул жерге район койгон. Жолдомоң барбы, бар болсо көрсөт» – дейт. Кудай уруп атамда жолкат болобу. Жалынып-жалбарганына болбой «бас быякка» деп айдап үйүнө алып келет. Анан сен качып жүргөн «кулак» турбайсыңбы деп ура-береге алат. Атын ээр токуму менен, куржундагы этин куржуну менен шыпырат. Эми башыңдын аман кутулганына сүйүн дейт да, өзүн жөө айдап жиберет.

Кийин-кийин уксак ошол Абдырайым деген сокур тосмочу (тосмочу эмес деле экен) ары-бери өткөндөрдү коркутуп карактап турган каракчы экен. Аны ошол айылдын билерманы Шаршемби деген киши тосмочу коюптур. Атама окшоп боздогондордун далайы: «Абдырайым сокур, алып койду кокуй» – деп зыркырап сыздап каргап кете беришчү тура. (Тиги эки сап ыр ушул күнгө чейин ошол айылда унутулбай айтылып жүрөт). Аты-тонунан ажырагандан кийин Шамшынын белин жөө ашып, жолду жолдото нечен кокту-колотторго түнөп олтуруп, үйгө араң дегенде жеткен экен. Атам байкуштун кепичинин да, маасысынын да тамандары түшүп, жыңайлак калыптыр. Эки бутунун манжаларын үшүк алып кетиптир. Ак барсак болуп ыйлаактап жарылса манжаларынан чыпылдап суу чыгып турат. Бүткөн бою, буту-колу шишип жатып, туура бир ай дегенде адам болуп калыбына келди.

* * *

Жаз келди. Эл башмалдырык атып жапырт тиричиликке кирише турган болду. Колхоздун активдери бүгүн-эртең соко чыгарабыз деп жан-алы калбай күндөп-түндөп чапкылап жүрүшөт. Колхоз райондогу жоон орто чарба. Он чакты өгүз соко, отузга жакын ат сокосу бар. Ал кезде облус жок. Башы Ысык-Атанын сайынан тартып аягы Аламүдүн өрөөнүнүн аркы өйүз, берки өйүзү болуп азыркы төрт райондун ээлеп турган орду – Аламүдүн району болуп аталат.

Райондун ошол кездеги биринчи катчысы Ыбрайымов Сейдекерим деген жигит экен. Бригадирлер түтүнгө кыдырып сокого жанжип жыйнашат. Анда жаңы уюшулган колхоздор анчалык жарып кете элек. Кээ бир элдин берген көтөрмө жиптерин бригадирлер алышпайт, кайра ыргытышат. «Кокуй муну Ыбрайымов тартып туруп үзүп таштайт. Бая күнчөрөөк, мындан бир-эки жума мурун келип, мындан да жоон жан жиптерди тээп туруп тартып үзүп таштаган. «Муну мен тартсам үзүлүп жатат, анан кантип сокого байланган семиз аттарга түтсүн, чарт-чурт үзүп таштабайбы! Жарабайт мунуңар, кыл аралаштырып эшилген жоон-жоон көтөрмөлөрдөн алып келгиле. Кантип жок болсун элде. Калк болгондон кийин – деп башкарманы баштап баарыбызды сөгүп өлтүрүп коё таштаган».

Чындыгында ошол кезде Чүйдүн колхоздору да жерди ат, өгүз соко менен айдашчу. Соконун жанжиптерин элден чогултушчу. Тегерек дөңгөлөктүү тракторлор жаңы чыккан. Үч тиштен артык соко тарта албайт. Трактордун окуусун бүтүрүп келген балдар да трактордон тетиктерин жакшы билишпейт. Тракторлор МТСка карайт. Бир жери бузулуп калса ошол тетикти издеп трактор айдаган балдар бир жума жоголушат.

Колхоздун кеңселери менен соко шайман турган устаканасы биз мектепке барчу жолдун боюнда болчу. Бир күнү жоон топ балдар болуп окууга кетип баратсак үстү боз таар менен жабылган кичинекей машина келип кеңсенин эшигине жакын токтоп калды. Ичинен шыңга бойлуу келген өтө анчалык курсак байлабаган толук жигит түштү. Колхоздун активдери ошол жигиттин тегерегине бат эле чогула калышты. Чогулгандардын арасында бойлуураактары да бар эле. Бирок тиги жигит ошолордун арасынан көкүрөгүнчө ашып турду. «Ыбрайымов экен, райком, райком» дешип кээ бир балдар өзүнөн да машинесине кызыгып кылчактап токтой калышат.

Андай машинаны ошол кезде Ыбрайымовдон башка кишинин мингенин көргөн жокпуз. Элдин арасынын бирөө бизге карай колун шилтеп койду. Сыягы «кеткиле» деди көрүнөт. Түшүндүк. Жүгүргөн бойдон жолубузга түштүк. Ыбрайымовдун кандай киши экенин, өңү-түсүн жакыныраак барып көрө албай калдык. Ошол колхоздун партячейкеси Түлөкабыл деген киши бар эле. Бою жапыс, тултуйган семиз. Колу-буту башкалардыкына караганда мыртыйып кыска, кашкулактыкындай. Орусча-кыргызчаны аралаштыра сүйлөгөн өтө каардуу киши болчу. Колхоздун активдери башкармасы баш болуп ал турган жерде кайын атасынын жанында тургандай кылмыштуу кишиден бетер жер карашып үнүн бийик чыгара алышпай мүңкүрөп сүйлөшчү. Ал түгүл ошо Айыл кеңешинин төрагасы да, райондон уполномочун болуп келген ылдыйкы кызматкерлер да дың дей алышчу эмес. НКВДнын начальниги келгенде дал ошонун үйүндө кекиликтин этин жеп, коньяк ичип күнү-түнү менен жатчу. Анан кантип анын үйүнө киши кирет. «Өлөм деген барбаса, өңгө пенде баргысыз» – деп, Манаста айткандай, аялынан башка жан башпага алабы?..

Түлөкабылдын тапанчасы бар деп, эл кеп кылчу. Анысы да ырас экен. Бир күнү мас болуп алып колхоздун кеңсесине кирип барат. Ичинде олтурган активдердин баарын кууп чыгып колхоздун башкармасынын чекесине тапанчанын оозун такайт. Башкарма байкуштун жүрөгү козголуп калып далайга чейин сүзөктөп, өңалеттен кетип жүрүп айыгат. Бирок Түлөкабылдан коркуп эч жерге даттана албайт. Анын жалгыз кана сезгени райкомдун биринчи катчысы Ыбрайымов.

Дагы бир күнү райондук Аткаруу комитетинин төрагасы Ысмайылов Самаке келсе Түлөкабыл (арак ичпеген күнү болчу эмес) кызуу болуп алып аны да сөгөт: «Быякта мен турганда сен эмне келдиң. Экинчи жолобо», – деп кубалап жиберет. Ысмайыловдон угуп, Ыбрайымов Түлөкабылдын ишин райкомдун бюросунда карап, партиядан чыгарып ишин тергөөгө бере турган болгондо, жалынып-жалбарып Ысмайыловдон кечирим сурап жатып араң кутулат. Ошондон кийин бир аз жели чыга түшкөн Түлөкабылдын.

Колхоздо төрт санынан келген, ар мүчөсүн кол менен жасагандай жарашыктуу, нары артыкбаш чоң да эмес, нары өтө кичинекей кортогой да эмес, өңү кундуздай жалтыраган жал-куйругу сыйда, эки көзү ботонукундай мөлтүрөгөн сулуулугу адам карап тургандай телегейи тегиз келген тору жорго бар. Бул жоргонун даңкы Түлөкабылдыкынан да күчтүү. Нечен байгелерде биринчиликти бербей жүргөн. Ошол жоргону Түлөкабыл гана минет. Башкармасы баш болуп жанына жакындай алчу эмес. Түлөкабыл эки-үч күндө ошол жоргосун минип, асынганы кош ооз мылтык, ээрчиткени эки уурту салаңдаган барак жүн сары машке, тоону көздөй кекиликке чыгат. Биздин үйдүн жанынан өтөт. Анткени биздин көчө тоо тарапта. Ошол жакта Сары-Жыгач деген адырлуу өрөөн бар. Кекилик, чили батпайт, жүнүн жейт. Түлөкабыл өтүп баратканын байкап тур деп атам менен таякем мага эшикти каратып коёт. Мен Түлөкабыл ары өткөндө да, бери өткөндө да алыс узаганга чейин карап турам. Качан гана Түлөкабылдын карааны үзүлгөндө кабар берем. Ошого чейин таякем менен атам бактын арасынан чыкпайт. Көрсө Түлөкабыл бул көчөдө эки кулак бар, ыгы келген күнү НКВДга кармап бериш керек деп эл чогулган жерде бир-эки жолу айтып, сөздөп коюптур. Ошондон кийин атам менен таякемде жан жок.

Таякем жаңыча кат-сабаты жоюлган киши экен, окуй да, жаза да билчү. Орусча да анча-мынча сүйлөй алчу. Молдолугу да бар. Куран түшүрөт, куран окуйт. Бала кезинде кайдан окуганын билбейм, арабча жазылган жомок китептерди жалгыз отурганда окуп жатып өзүнчө эле каткырып күлүп калат. Элдик санжыраны да жакшы билчү. Сарыбагыш, саяк, солто, тынай дегендин уруктарын «өзү төлдөткөндөй» жат айтат. Атам таякем сүйлөгөндө угуп гана олтурчу. Санжыра, эски сөздөрдү анчалык таякем сыяктуу тегеретип айта алчу эмес.

Бир күнү баарыбыз үйдө чогуу олтурганда таякем сөз баштады:

«Рыскул, сен мынабу Ыбрайымов Сейдекерим менен жакын тууган болосуң. Экөөңөр тең Болот – Темирденсиңер, эки атанын балдары болосуңар. Ал Ормондун уулу Үмөтаалынын тукумунан экен. А сен Темирдин баласы Черикчинин Абайылда уулунансың. Темир, Болотко чейин өз аталарыңды жакшы билерсиң? Бир күнү тобокел деп барсаңчы Ыбрайымовго. Өзүнө жалгыз кирип жакын тууган экениңди билгиз. Кур дегенде экөөбүздү Түлөкабылдан куткарар. Бул Ыбрайымов дегенди катуу, тың жигит деп уккам. Жанакы Исакеевди Исакеев кылган ушул жигит деп жүрүшөт. Атам байкуш райком эмес бригадирдин үстүнө кире албаган неме, а дегенде чочуп кетти: «Кой, кой, кой бара албайм». Таякемдин ушул акылы далай күнгө чейин созулуп, үй-бүлөнүн ичинде нечен жолу талкууланды. Акыры атам тобокелге салып бара турган болду.

Таякемдин улуу баласын «кулактын уулусуң» деп колхоздун мүчөлүгүнө албай, өзүнчө жеке чарба кылып эки-үч теше жер бөлүп берип, ал жерине салык тапшырманы очойто салып эки эселеп төлөтүп алып турчу. Өзүнчө бир аттык арабасы бар. Бир күнү эртең менен ошол арабаны куруп ичине бир боо беде салып атам экөөбүздү райондун борборуна жөнөттү. Райкомдун кеңселери кайсы жерде, ага кандай барып, каягына киришти бизди узатып жатып таякем кайта-кайта бышыктап, абдан тактап айтып берген. Жөнөдүк. Шашкеге жетпей бат эле кирип бардык. Райкомдун кеңселери Лебединовка деп аталган жерде экен. Азыркы чыгыш автовокзалынын маңдай жагындагы үстүн кызыл тунуке менен жапкан ак там. Мурунку орус кулактарынын тамы болчу деп коюшат. (Азыр ал тамдын орду түгүл изи жок). Атам арабаны райкомдун кеңселеринен обочороок жерге токтотту. Арабадан атты чыгарып бир боо беденин боосун жарып атка салып койду. Анан үйдөн кишен ала келген экен, бир башын аттын бир бутуна, экинчи жагын арабанын дөңгөлөгүнүн бирөөнө салып бекитип таштады да, кишендин ачкычын өзү ала кетти. Ууру күч, эки жакты карап алагды болбой тикчийип карап олтур деп, мага катуу дайындап кетти. Райкомдун кеңселеринин тышкы каалгасы көрүнүп турду. Атам да кирип кеткендей болду. Бири кирсе бири чыгып киши үзүлбөйт экен. Шашкеде кеткен атам түш оогондо араң келди. Атамдын кабагы салыңкы, катуу коркуп калган сыягы бар. Мага үн деп сөз чыгарган жок. Эмне деди деп, мен да сурай алган жокмун.

Атка арабаны курду да «кеттик» деди. Жолду жолдото анда-санда гана өзүнчө кобурап коёт? «Келбей койсок болмок экен», «келбей койсом болмок экен» – сөздү эки-үч жол кайталады.

Биздин келатканыбызды алда кайдан көрүшүп үйдөгүлөр бүт эшикке чыгышып жарданып карап турушкан экен. «Кандай, иш оңундабы» – дешип суроону жабалактатышты. Бирок атамдын бүркөлгөн кабагын көрүшкөндө бир нерседен шек алгандай селдейип туруп калышты. Жүргүлө эми, эки жактагы эл байкап калбасын деп, биз барган максаттын ордунан чыкпай калганын толук түшүнгөн таякем үйгө өзү баштап баарыбызды ээрчитип кирди. Отурар менен атам сөз баштады: Бардым, кире бериштеги бөлмөсүндө эл толтура экен. Кезек менен элди киргизип, оозунда бир кичинекей орус кыз олтуруптур. Күтө бердим, күтө бердим. Менден мурда келгендер да, кийин келгендер да кирип чыгып кетишти. Жалгыз мен калдым. Орус кыз мени карап бирдеме деп булдурады, унчуккан жокмун. Анан эшикти көрсөтүп колун шилтеди, киресиңби дегендей жаңсады окшойт. Мен баш ийкедим. А да баш ийкеп эшикти ачып киргизип жиберди. Мени көрөрү менен алдыман тосо чыгып жакындап басып келди Ыбрайымов. Салам айттым. Алик алды. Кол алыштык. Мени кайра ээрчитип барып катар турган отургучтардын бирин көрсөттү, отурдум. Ал да өз ордуна барып олтурду. Анан мени карады. Сүрдүү жигит экен, өтө эле зор, келбети да келишкен. Өңү-түсү да бакырайып, карасурдун сулуусу. Ак жуумалыраак десе да болчудан. Эмне айтаарымды билбей апкаарый түштүм. Менин кебетемди байкады окшойт. Жумшара түштү. Жумушуңузду айта бериңиз аксакал, кайдан келдиңиз дээри менен мен келген жагымды баяндай баштадым. Кочкорлук экенимди, Кочкордон эмне болуп келгендигимди, тууган экенимди, экөөбүздүн Темир, Болоттон экенибизди, анан Ормондун Үмөтаалысынын балдарынан экенин, өзүмдүн Абайылда тукумунан экенимди бүт баарын жашырбастан айтып, айтып салдым. Жаман көрдүбү, жакшы көрдүбү менин сөзүмдү жүзүн бурбай кунт коюп уккансыды. Анан бир паска унчукпай турду да, жанчөнтөгүнөн кипкичинекей дептер алып чыгып суроо бере баштады:

-Атыңыз ким?

-Атымды айттым.

-Атаңыздын аты?

-Атамдын атын айттым.

-Кайсы жерде турасыз?

-Турган жеримди айтып бердим. Баарын ошол дептерчесине жазып алгандай болду. Анан ордунан тура калып дагы сурады:

-Башка сөзүңүз жокпу?

-Жок.

-Анда кете бериңиз. Экинчи бул эшикти аттап кирбеңиз! – деп мени карады эле эки көзү шилимен чыга түшкөндөй болду. Эшикке жөнөгөнчө шаштым. Оюма ушул келди: «Милийса чакырып каматып койбосо экен». Атам сөзүнүн аягына чыкканда апам баш болуп таякемди жемелеп киришти: «Сенин кылганың, капкайдагыны чыгарып, барбай эле койсо болмок. Мына эми экөөңөргө тең, экөөң түгүл баарыбызга тең бул жер жай болбой калды. Эртең эле Ыбрайымов келип Түлөкабыл экөө милийса чакыртышат да чыпчыргабызды калтырбай Украинага айдатып жиберишет». Таякемде «кулда кулак жок». Мойнун шылкыйтып, башын жерге салып ордунан козголо албай бармагын тиштеген бойдон шалдайып отуруп калды. Анан жедеп ачуу сөздөргө ууланып кетти окшойт, – «Койгулачы эми, Кудайдын жазганын көрөрбүз», – деп үнүн катуу чыгарып баарын катуу кагып койду. А биз болсо эми мындан ары кандай күндү көрөбүз деп таң атканча ыйладык.

Эртеси эртең менен кечеки биз арабага чегип барган атты минип алып атам Кегетиге кетти, баш калкалагандай тынчыраак жай издеп. Ал жакта эжебиздики бар болчу, алардыкына бир конуп, кайра тартыптыр. «Эптеп унаа таап көчүп келе бергиле» – деген экен, ошол жакка көчмөй болдук. Ана көчөбүз, мына көчөбүз менен унаа табылбай бир жумача күн өтүп кетти. «Бүгүн соко чыгарабыз, Ыбрайымов өзү келет экен», – дешип колхоздун активдери дүрбөп жатышат. Таякем менен атамда жан жок. Аңгыча болбой «Ыбрайымов келди» деген кабар угулуп калды. Таякем менен атам табылбай калчудай болуп баягы бактын арасына сойлоп кирип кетишти. Таякем улуу баласын: «Кандай кабар болот барып акмалап тур», – деп кеңселер жакка жиберген. Ыбрайымов «колхоздун соко шайманын кыдырып көрүп жер айдоого даяр экенсиңер, баштай бергиле», – деп коюп кете бериптир. Болгону Түлөкабылды элден бөлүп окчун чакырып алып бир аз сүйлөштү» дейт. Түлөкабылды элден бөлүп чакырганынан шек санаган таякем менен атамдын жүрөктөрү кабынан козголо баштады.

Аңгыча эшиктен аттын дүбүртү угулду: «Жезде эле, жезде», катуу чакырды.

Атам экөөбүз чыга калсак бригадир Байсейиттин Сыдыгы экен. Жаш жигит тынымы жок ак жүрөк комсомол деп, эл өткөн кышта ошону бригадир шайлап коюшкан. Атамдын бүткөн бою, колу-башы калтырап жүрөгү чыгып, эки таноосу кыпчылып, сакал-муруту бириндеп турат.

Бригадир ат үстүнөн шашып сүйлөдү.

-Жүрүңүз жезде, сизди Түлөкабыл чакырып жатат. Атам ого бетер коркту. Атам түгүл менин жүрөгүм чыгып кетти. Атам калтырап туруп жооп берди.

-Мына азыр барам.

-Тез келиңиз?! – бригадир чапкан бойдон кетти. Үйгө кирсек баарынын үрпөйүп эстери чыгып турган экен. Апам менен эжем ыйлай баштаптыр. Жалгыз таякем гана кайрат берди. «Бар, качкан менен кутулат белек». Атам үйдөн чыгып жөнөп калды. «Сен да бар, артынан барып байкап тур» деди таякем. Мен да чуркап атама жеттим. Барсак Түлөкабылдын бөлмөсүнүн каалгасы ачык. Эл жыкжыйма толтура экен. Атам баш багып көрүнүп койду. Түлөкабыл ордунан атып турду: «Кел жезде быякка». Атам кичине тарткынчыктады окшойт. Аны байкаган Түлөкабыл «баргыла эшикке туруп тургулачы» – деп, бириң кал жезде – деп атамды өзүнө жакын чакырып алды. Каалга ачык, мен тышкы бөлмөдө атамды да, Түлөкабылды да даана көрүп турам. Өмүрүндө Түлөкабылдан «жезде», «сиз» – деген сөздү укмак түгүл жанына жолой албай жүргөн атам бир жакшылыктын жышаанын сезгендей өңүнө кире түштү.

-Жезде, сиз Ыбрайымовдун агасы турбайсызбы?

-Ооба, айланайын.

-Анан мурдатан бери мага эмне айтпай жүрдүңүз?

-Айта албай жүргөм, айланайын.

-Ай, жарыктык десе. Эми үйүңүзгө барыңыз да, үч кап алып келиңиз. Баары чоң кап болсун, бол тез жөнөңүз. Мен күтүп турам. Жүрөгү түшүп бүткөн боюн ныгыра басып турган коркунучтун үлпүлдөтүп турган алсыз желин, кубанычтын күчтүү бороону зыркырата кууп кеткендей болду окшойт, атам сүйүнгөнүнө чыдабай көл-шал болуп тердеп кетти. Үйдү көздөй шашып баратса да өзүнчө кобурап: «Айланайын Кудай, айланайын Кудай, балдарымдын ырыскысы бар экен, ырыскысы бар экен». Өзүнчө кобурап баратат. Биз кеткенден тартып баягыдай жабыла эшикке чыгышып үйдөгүлөр карап турушкан экен. Атам аларга жакындаганда эле кыйкырды: «Сүйүнчү, сүйүнчү!.. Кудай берип салды, Кудай берип салды». Баары чурулдап-чуркашып бизди өпкүлөп жиберишти. Баягы адат болуп калган ый башталды. Бирок бул ыйдын мурдакы ыйлардан айырмасы бар болчу, бул ый сүйүнүчтүн ыйы, кубанычтын ыйы эле.

Апамдар бат эле кап тандап киришти. Таякемдин эки баласы шылуун шайдооттой балдар болчу. Шака-шука жалгыз аттын арабасын куруп жиберишти. Тез жөнөдүк. Келсек Түлөкабылдын үстүндө Чекир деген кампачы олтурган экен. Түлөкабыл ордунан атырылып, Чекирди шаштырды:

-Бол, тез жөнөт, үч кабын толтур, бир кап буудай, бир кап жүгөрү, бир кап конок салып бер.

-Тукумдан башка артык эгин жок да! – Чекир мурду менен мүңкүрөп сүйлөдү.

-Атаңдан башы! Өзүңөр жесеңер кандай жээр элеңер. Жездем деген Ыбрайымовдун жакын агасы экен. Сейдекерим Ыбрайымович мага дайындап кетти. Бербей койчу эр болсоң. Жылың төө болсо, эртең эле Ыбрайымов экөөбүздүн башыбызды түбүнөн жулуп ыргытып жибербейби! Чекир ордунан илең-салаң козголуп кампаны көздөй басты. Кампага жеткенче таякемдин эки баласы Чекирди сөгүп барышты.

-Э, арбак ургур! «Байдын ашын байкуш аяйт» деп, сага эмне жок.

Түлөкабыл бер дегенден кийин бере бер да.

-Ой, жөн эле ошентип атпайымбы. Жездемен кантип аяйын. Улуксат болгондон кийин». Анын аябасы да чын. Апамдын жакын инилери болчу. Мурун деле уучтап, кулачтап жашырып-жаап берип жүргөн. Өзү куу жигит, калп эле тиги Түлөкабылга акчыланганы да.

Ачкачылыкта чымчып буума үч кап эгин бир үйгө түшсө, кырман сузгандай болот экен. Үйгө береке кирип, кут түшкөндөй болду да калды. Баарыбыздын жүзүбүз жаркылдап-жайнап өңдөрүбүзгө кызыл жүгүрө түштү. Муну ойлоп тапкан акылыңдан айланайын», – деп таякемди жалынып-жалбарып баарыбыз алкап кирдик. Ай, турмуш деген кызык да, адамды мышыктай ойноткон! «Каяктагы Ыбрайымовду чыгардың эле сен», – деп кечээ эле жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаппадык беле таякем байкушту. Мына, карачы эми кайра бүгүн күлүп-жайнап, жалынып-жалбарып жатабыз. Ай, турмуш ай!.. «Каргасаң кар, жалгасаң жамгыр жаадырасың ээ».

Эми Түлөкабылдан атам менен таякем баягыдай коркпой, баягыдай бактын арасына кире качпай калды. Мен эшикти карабай калдым.

Бир күнү Түлөкабыл мурунку адатындай жоргосун минип, мылтыгын асынып, машкесин ээрчитип кекиликке баратып биздин үйгө кайрылды. Эшик алдына токтой калып ат үстүнөн добуш чыгарды: «Жезде, о жезде, үйдөсүзбү?!» Атам эшикке ыргып чыкты. Көрөрү менен Түлөкабыл атам менен кол алышып саламдашты. Анан ал-жайды сурап кирди. Акырында:

-Бая күнкү эгинди толук алдыңызбы?

-Алдык айланайын, ишиң оңолсун, бала-бакыраңдын күнүн көр!

-Эчтеке эмес, аны түгөтсөңөр дагы алып берем. Келип туруңуз.

-Жок айланайын, рахмат. Буудайды ун салдырып, конокту шак салдырып алдык, жүгөрүнү талкан салдырып, жартысын огород айдап калабызбы деп тукумга сактап койдук дээри менен Түлөкөбыл ат үстүнөн чочуп ыргып кетти:

-Жок, антпеңиз, огородду өзүм айдатып, колхоздун эсебинен тукумун да септирип берем. Ичип-жей бергиле. Балдардан аябагыла, жазгы үзүмчүлүктө начарлап калышат. Атам түшүп чай ич дегендей болду, ага карабай жоргосунун мойнун буруп тоону көздөй жөнөп кетти Түлөкабыл.

Бир күнү эртең менен угуп калдык: «КГБдан киши келип түндө Түлөкабылдын колу-бутун кишендеп туруп алып кетиптир» – деген сөздү. Чын экен, ошол бойдон Түлөкабыл ың-жыңсыз дайыны жок болду да калды. Арадан дагы он чакты күн өткөндөн кийин чынбы-калппы, Ыбрайымовду да ошентип алып кетиптир деген суук кабар угулду. Үй-бүлөбүз менен катуу кайгырдык, ыйладык.

1935-жылы жазда бизди катуу кырсык басты. Апам өлдү. Апамдан кийин үч-төрт күнгө жетпей бешке чыгып калган иним өлдү. Апам бир жыл мурда эле сүзөктөп ооруп, тамакты жарытылуу иче албай, күндөн-күнгө ылдыйлагандын ичинде болгон. Басса-турса тык-тык жөтөлө берчү. Көрсө ачкачылыкта бизди багам деп жаны жай албай далбас уруп жүрүп, тапкан ташыганын баарын бизге берип өзү жарытылуу тамак ичпей, бирде ачка, бирде ток, бирде ысыкка, бирде суукка урунуп калып кургак учукка кабылган тура апам байкуш!.. Апамдын оорусу кичи бөбөгүмө да жуккан экен. Анткени аны бооруна кысып, басса-турса өзү алып жүрчү. Ал дагы күн-түн жөтөлөт, илмейип арык, кирпигинен тартса жыгылгандай, кабыргасынан күн көрүнөт.

Апамдын оорусу күчөгөндөн күчөп эшикке көп чыга албай төшөк тартып калды. Анда доктурга алпарыш деген кайда, табыптан-табыпка түштү. Болбоду. Акырында тоодогу Четинди деген колхоздо Катаган деген «кылтабып» бар, эл кандай оору болсо да аттанып түшөт, айыктырбай койбойт деген кабарды угуп калдык. Таякем тааныйт экен, бир күнү барып ал табыпты да алып жетип келди. Табып апамдын эки колунун билектерин кармалап олтуруп: «Кайнаган ысык – кырк күн суу ичсин, кырк бир күндөн кийин өзүм келип ашка киргизем», – деп кетти. Биз кудуңдап сүйүнүп калдык: «Апам кырк бир күндө айыгат, кырк бир күндөн кийин Кочкорго кетебиз». Башка ой жок. Айыкмак кайда, айыкмак мындай турсун, мурда да жөлөтүп-таятып эшикке чыгып келчү, кийинки күндөрдө таптакыр төшөктөн турбай калды. Суу ичкенден тартып күндөн-күнгө арыктап, ылдыйлагандын ичинде болду. Бул адам деген бечара айыкпаган дартка чалдыккандан кийин эттен ажырап, каруу күчтөн кайтып, өңү-түсү, кебете-кешпири башкача болуп калат тура. Баягы көзүбүзгө татынакай көрүнгөн өңдүү-түстүү апабыз жок. Жүзүнөн кан-сөлү качкан бир макулук төшөктө жатат. Жөтөлөм деп жөтөлө да албайт. Жөтөлгөнгө да күч керек тура. Алсыз. Далай эле ооруу адамдардын арыктаганын көргөм, бирок апамдай арыктаган адамды көргөн эмес экенмин. Көздүн каректери бийиктен караганда кудуктун түбүндөгү соолуп бараткан суудай араң-араң жылтырайт. Эки беттин сөөктөрү терини тешип кетчүдөй уркуйуп чыгып, эти мындай турсун, теринин жука кабыктары калгандай көрүндү көзүмө. Эгер бири-бирине илиништирип турган тарамыштары болбосо апамдын сөөктөрү бөлөк-бөлөк эле түшүп кала турган. Өпкө, боор дегендерди дарт ээликтеп алган да, апамды сактап турган жалгыз гана алсыз каккан жүрөгү.

Жүрөгүңдөн айланайын апакем!

Эртең менен эрте туруп барып, айыгып калдыңызбы апаке деп, жанына таранчыдай болуп тизилип олтура калабыз. Биз барганда күн-түнү менен карап жаткан эжебиз бизден бетин жашырып, эки көзүнөн жашын чуурутуп эшикке чыга качат. Көрсө ал эси кирген кыз эмеспи, апаңардан түңүлгүлө, ал жакында силер менен түбөлүк коштошуп, келбес жерине кетет деп ичиндеги бугун чыгарып бизге айта албай, көзүнөн аккан жаштарын да бизге көргөзбөй тышка чыгып ыйлап-ыйлап келет тура, байкуш эжекем. Апам: «Айыгам, күндөн-күнгө жакшы болуп баратам, түндө жөтөлбөй тынч уктадым», – деп коюп эки көзүн айрыбай бизди көпкө чейин кыдырата тиктеп-тиктеп туруп, анан «аман болгула» деп жүзүн буруп, ары карап кетет. Биз качан айыгып төшөгүнөн туруп кетер экен деп баягы Катаган табыптын кырк бир күнүн бирден санап жүрөбүз.

Бир күнү дагы эртең менен эрте туруп, апамдын төшөгүнө жакын кыдыракей отуруп, апа, качан айыгасың, качан турасың, турбайсыңбы!?

Турсаң боло апакебай, Кочкорго качан кетебиз? Сен турсаң эле кетет элек деп жалдырасак, мурдагыдай көпкө чейин тиктей албай «аман болгула» дегенге араң жарап эриндерин кыбыратып, мойнун буруп ары карап кетти. Бөбөктөрүм чыгып кеткенден кийин эңкейип апамдын жүзүн карасам ыйлайын деп ыйлай албай солкулдап титиреп калган экен. Көрсө күнү бүтүп, төшөктөн турбасына көзү жеткен тура, апам байкуш. Апамдын биз менен коштошкон акыркы ыйы ошо болду. Андан кийин күнү-түнү үч күнгө чейин сүйлөбөй оозуна суу тамыздырып тилден калып калды. Апа, айыктыңызбы? – десек бизди жалдырап карайт, көзүн араң ачат. Эми силер мени экинчи көрбөйсүңөр, мен келбес жайга кеттим, кош болгула, дегени тура байкуш апамдын…

Төртүнчү күнү таңга маал бир төшөктө жаткан үчөөбүздү чоң таяжеңем жулкулдатып ойготту: «Тургула ырысы жоктор, апаңар менен коштошуп калгыла!» Мен апам айыгып, бизди таштап Кочкорго кетип бараткан экен деп жүрөм. Апам жаткан үйгө чууруп кирип келсек, атам, таякелерим, таяжеңелерим, эжем баары чуру-чуу, гүрү-гүү –түшүп ыйлап жатышыптыр. Апам көздөрүн араң ачып бизди бир карап алды да, анан оозун ачып-ачып көзүн жумду. Үйдүн ичи ыйга толуп кетти. Чуру-чуу, гүрү-гүү түштү да калды. Биз үчөөбүз апамды кучактап, кайра-кайра бети-башынан өпкүлөп өкүрүп-бакырып чыңырып ыйлап жаттык. Акыры тырышып-тытынып апамдан ажырабай турган болгондо таякелерим ар бирибизди бирден көтөрүп тыбырчылаткан бойдон оозгу бөлмөгө алып чыгып кетишти.

Апам түбөлүк уйкуга кетти. Жаны жай алды. Асылган оору аны алып, санаасы тынды. Көзү жумулуп баратса да «балдарым, аман болгула», – деген акыркы сөзүн айта албай өзү менен кошо жүрөгүнүн түпкүрүнө сактаган бойдон кетти байкуш апам.

Кош бол апа! Апам бул дүйнөдөн кымындай жакшылыктын жышаанын көргөн жок. Айланайын Кудай, апама тиги дүйнөдө жаннаттан жай бере көр?!.

Апам өлгөндөн кийин ар кай жакка самсып тарай баштадык. Пишпекте апамдын бир тууган сиңдиси бар болчу. Эжемди ошо таяжем келип алып кетти. Мени менен удаалаш инимди таякем алып калды. Анан кичүүсүн да таякемдин таштап кет дегенине болбой, ушунча үй-бүлөмдөн ажырап коколой башым менен эл-журтка кантип жалгыз барам деп, атам колунан жетелеп Кочкорго жөнөдү. Мен «Кеңеш» колхозуна (азыркы Кочкорбаев атындагы колхоз) барып Октябрь орто мектебинен окуп калдым. Кудай жалгап мектептин интернаты бар экен, кабыл алды.