САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ…

САПТАР КАЛДЫ… ЖАЗЫЛЫП ДА, ЖАЗЫЛБАЙ…

Оо, суук ойлор!

Чаң-тополоң, дүрбөлөң

Салбагыла силкип мээмди,

жара жаздап чекемди!

Мен силерди чыркыратып куду напалм мисалы

Салам өрттөп!

Калсын билбей Мекен бу!

Оо, суук ойлор!

Мээнин терең түпкүрүндө – зынданда

чиригиле!

Көрбөгүлө жарыкты!

Мен баарыңды өзүм менен көрүмө

ала кетем…

Калсын билбей тарых бу!

                                                                29.12.1982.

                                                 Табылды МУКАНОВ

 

      Оо, Табийгат!

      Алаарымды алдым, берээримди бере алдым бекен?

      Бардыгы башкача башталбады беле? Анан, неге турмушта өкчөгөн чүкөм айкүр түшпөй, аласалып кетти? Канакей, кечээки келечектен көптү үмүттөнткөн көкүрөк толо дымак? Бардыгы… Бардыгы жайраган бойдон калабы?

       Мала түскө оронгон Күн – уясына батып барат…

       Жаздын алгачкы илебин көкүрөк кере бир жутуп алды акын.

       Жаз! – деди, анан оор улутунуп, көөдөнүн жарып кирген көктөм жытына моокуму канбай.

Көктөм каңылжаарды өрдөп, саамга болсо да дили жаркып чыккан акын кайрадан көптөн бери көкүрөгүн мыжыган ойго жеңдирип, эми теребелге суз гана көз чаптырып алды.  

            Өмүр соңу өкүнүчпү?!

             Суук ой сүлүк курттай жабышып, мээси чыңалып чыкты.

– Кечир, мени! Кечиргиле, баарыңар! Саптар калды… Саптар калды жазылып да, жазылбай! – деди, акын карегине каткан жашын жашыра албай…

      Үмүт оту жанайын деп жаналбай…

      Акын канчалык далбас урса да, тулку-боюн бийлеп алган каргашалуу ойдон оолак кете албай чабалактайт…

       Үмүт оту жанайын дейт, жаналбайт…

       Өкүнүч-ыза…

       Өмүр…

       Өлүм…

            

* * *

Андан бери ай-күндөр акты… Жылдар жылт деп учту. Саргарган кагаздарда саптар калды жазылып да, жазылбай. Неси болсо да акын ардактап баккан ата-энеден тышкары алпештеген Мекен алдында мойнуна тагылган оор милдетти көшөрө көтөрүп, өтөөсүнө чыга алды. Ал милдет, ал адамдык парз – көзгө урунган бардык көрүнүштү көкүрөктөн өткөрүп тим болбой, аны чебер сүрөттөй билген акындык Улуу жүктө эле.

Отуз жети жылдан бери кыргыз поэзиясынын асманында жарыгы жанып күйгөн Табылды Муканов деген ысым ыр дүйнөсүн аздектеген журттун көкүрөгүнөн түнөк таап, өмүр шамын өчүрбөй жашап кетти. Ал, эч кимге окшобогон саптары менен мезгил мейкиндигине, коомдогу өзгөрүштөргө толкундап кубанып, адамдык ак дил менен кылым күүсүн чалат. Бирде туруп ал буулуккан булут мисал көз жашын көлдөтө адамды аруу сезимге бөлөгөн махабатка таазим этип, лирикалык каарманына кулдук урат. Жазда жашыл тукаба жамынып, жайдын саратанында көңүлү жаркыйт. Кокус, махабаты үн катпай жоопсуз калтырса каңырыгы түтөп кайгыга батат да, ошол эле көздүн курчун кандырган Улуу Табийгат алекисаатта кунары качып, куту учат… Анын лирикалык каарманы да кудум табият сындуу – кээде кыш ызгаарын жамынса, кээде жашыл түскө оролуп, жарк этип күлө багат.

Поэзия Мухитинде сүзөм деп демиккен акын көз тайгылткан көрүнүшкө күбө болду. Калагы жок кайыкка олтургансып, кайда бараарын билбей кайгыга алдырган күндөрү арбыды. Жакшы сап жаратса, көңүлүнө бүчүр байлап – эртеңки күнгө үмүт артты. Зор ынтаа менен эргип, түн күзөтүп ырлар жазды. Акын болуу отко түшүп, чокту баскандай азаптуу иш экенин жаземдебей түшүнгөн Табылды таалайыма жазганын көрөөрмүн деди да, сап курайм деп санаасы санга бөлүндү. Ошол үчүн ал:

Акын болуу – океандай жарылып

                         аалам чапчуу…

Жаакты жануу жылдызга…

Жок дегенде жаз күнүндөй күр-шар этип басылуу…

Абдан сезгич,

     абдан курч,

     абдан күлүк нур болуп

доордун сансыз тамырындай шаркыроо!

Доордун токсон толтосунан атылуу! – деп, өзүнө зор милдетти жүктөп алды.

 

…Акынга зор милдет жүктөлгөнү – акындык тагдырды майышпай көтөрө билүүдө эле.

* * *

Түпкүлүгүндө, Табылды Мукановдун сүрөткердик шыгын ойготуп, сезимине үрөн сепкен алпештеп өстүргөн мекени – Ак-Суу районунун Энчилеш айылы. Табылды Муканов – дал ушул Энчилеш айылында 1946-жылдын 17-январында жарык дүйнөгө келген. Көл кылаасынын керемет сулуулугуна көңүлү толкуган бала айланасын курчаган арча-кайыңдарын аралап, күрп-шарп эткен толкунду тыңшап өстү. Тоону беттеп жүгүрдү. Айылдын чаңын кечти. Балалыктын бактылуу ирмемдерин аралап жүрүп сезимин сергиткен көрүнүшкө жетине албай ушул сулуулукту, ушул кооздукту сүрөткө тарткысы келди…

Кабыргамдай саналып,

карк жамынган белестер,

как жылдызга учайын,

каралдыңа кеңеш бер?

Жазгы суудай торолдум,

жаанын сезбей бороондун,

жамгырлардан жалт коюп,

жалбырагын орондум – деп, кийин калаа турмушуна каныккан акын кыялында туулган жеринин адыр-түзүн аралап, жалбарып кеңеш сурайт. Өзү туулуп-өскөн жеринин белестеринен бери акынга турмушунда тутка болуп, насаат айтып жол көрсөтөт. Кокусунан, бороондо калчу болсо, дем берип алга сүрөйт. Нөшөрдө калса – жалбырагын жамынып, караанынан канагат алат…

Туулган жердин караанынан кагылуу, өткөн чакка сереп салып өрдү көздөй умтулуу, дегеле, курчап турган айлананы башкалардан өзгөчөлөнүп көрүп, өзгөлөргө ошол картинаны түркүн-түс боёк менен тартып берүү,  жалпы жер шарындагы адамзаттын ички табиятына, акыл-дараметине, өжөрлүгүнө, илимий прогресс менен кошо эриш-аркак жүрүп баам салат.

 

* * *

Табылдыны асырап алган атасы Мукан Турдукожоев колхоздо башкарма, сельсовет кызматтарында жүргөн. Башына канча азап түшсө да мүңкүрөп отуруп бербестен кайрат-күчү ашып-ташкан Мукандын өтмүшү өтө эле оор болгон. 1916-жылы он үч жашка караган кезде Мукан – ата-энеси менен кошо калк башына түшкөн кыргынга күбө болуп, эл менен кошо Кытайга качышат. Мукандын атасы Турдукожо он эки балалуу болот. Мына ушул апаатта Турдукожо ашуу ашып, бел басат. Бир тууган иниси Токтокожо бешиктеги баласы жана үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо “Музарт” суусуна агып кетип өмүрлөрү кыйылат. Мына ошол үрөй учурган алааматта сууга агып бараткан Токтокожонун жалгыз кызы Батыйды суудан сууруп аман алып калышат. Адам чыдагыс бул көрүнүштөн он эки балалуу Турдукожонун уулу Мукан жана Жамый аттуу кызы тирүү калган. Бир жыл өткөн соң эл башына тынчтык орноду деген кепти эшиткен журт менен бирдикте Кытайдан Мукан – энесин, Жамый аттуу карындашын жана аталаш Батыйды алып туулган жерине кайтып келет. Ортодон жылдар өтүп, Батый менен Жамый карындашы Кайырма-Арык айылына турмушка чыгышат. Ал эми элге-журтка сөзү өтүмдүү Мукан да өз алдынча тирилик камын көрүп, үйлөнүп-жайланганы менен бу түбүң түшкүр дүйнөдө боору бүтүн ким бар демекчи, наристе үнүн угалбай зар болот.

 

* * *

Мезгил канат какты…

Үй ичин шаңга бөлөгүсү келген Мукан-ата аталаш карындашы Батыйдын жаңы төрөлгөн уулун асырап, атын Табылды атады. Табылдынын табылганына кубанып, өз канынан жаралбаса да артымда калаар туягым деп элден бөтөнчө эркелетти…

Оо, ошондо арадан мезгилдер өтүп, жылдар канат кагаары менен бар пейилин жалаң ырга арнап, Мезгилдин өзүн ырдаган бараандуу акынды асырап алганын Мукан-ата сезди бекен!?

Арман дүйнө десең, ошондо учуп бараткан убакыт менен закымдаган заманды сыдыра тиктеген дүйнөсү түгөл, улууну кыя өтпөгөн элпек жана сезимтал бала бу жер бетинде бар болгону 36 жыл гана жашап, Мезгил жана махабат деп жар салып туруп жаратылыш койнуна сүңгүп кирип кетээрин, адамдык өмүрү – кыска, акындык өмүрү – нуска болоорун боолголоду бекен!?

Кийинчирээк көчөдө чымын-куюн атып чуркаган бала эс кирээри менен көздөрү канчалык Табиятка кадала тиктесе да анын сулуулугуна сугу артылып, ичинен ага таазим эткиси келди. Ойноп аткан жерден оюнун токтото калып, жылып аткан жыл менен агып аткан айды аңтарып көрдү. Көкүрөгүн кытыгылаган сезимден көкөлөп учуп, ойго батчу болду. Тоону көрүп толкуду – Табылды. Көлдү көрүп көөнү жаркыды. Анан, асманда каалгыган булутту минип алып, ааламды алты айланып кыдыргысы келди. Ошол көрүнүштү кийин акын калем сабын кармай:

Булуттар эмчек сүтү диркиреген,

бээлердей…

кулундардай тыбырашкан желеде.

Шаркыратма – саба жарып сапырылган бал кымыз.

Капчыгайлар – казан асчу кемеге…

Дүйнө – боз үй, а Күн – алтын түндүгү,

тоолор куду жыйыла элек жууркандай,

шырдак салган төрлөр – жердин мейкиндиги, түздүгү!

Адамдарчы? Ошол залкар кооз үйгө

таңдай келип,

кечтей кетчү жылдыз өмүр меймандар… – деп, Табийгатты Улуу Күчтүн пенде баласына ыроологон эң бир кооз үйү сыңары кабылдап, ал эми адамзатты убап-чубап кирип чыккан утурумдук жылдыз өмүр мейман экендигин эстерине салды.

Ушул ажайып картинаны караган адам Табиятты Табылдыдай таанып билбегенин аргасыз моюнга алат. Чындап эле акындын ушул курчап турган чөйрөнү өз боорундай кабылдап, аны менен камырдай кошо жуурулушуп бүткөнүн түшүнөт да, жаратылыштын чыныгы уулуна айланганы үчүн: капчыгайларды – казан аскан кемегеге, тоолорду – жыйыла элек жуурканга, булуттарды – эмчек сүтү диркиреген бээлерге, шаркыратманы – сапырылган кымызга, дүйнөң чиркин – боз үй да, ал эми төбөдөн тийген Күн – алтын түндүк деп тартылганын аңдап болуп, наркы теңдешсиз сүрөткө сүйүүң артылат. Минтип, көкүрөгүндө көчмөн духу өчпөй, жайлоодо кулун-тай минип чоңойгон уул гана нагыз кыргыз дүйнө таанымы менен карай алмакчы…

* * *

         Кең пейил Мукан буга дейре аталаш Батке деген эжеси эрте өлгөндүгүнө байланыштуу артында калган туяктары Калыйнур менен Эсенгул Үсөнбековдорду жетим деп жерибей асыраган эле. Калыйнур кийин согушта эчен ирет эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатырына айланды. Ошентип, Калыйнур Үсөнбеков чоңойгон үйдөн Табылды да таалим алып, алыска канат сермеп учту. Бактылуу балалыгы менен кош айтышкан Табылды эми балалыгын жоготуп ийип:

Ай, балалык,

        акылымды курчуткан айга жанып,

        таппадым көл жээгинен, тоо койнунан,

        кай жакка түшүп калдың тайгаланып? – деп, өкүнүчкө батты да, анан аргасыз бу дүйнөдө жоготуу менен кошо тагдыр тартуулай турчу түркүн ирмемдерди күтүп, мезгил күүсүн тыңдаганга өттү.

Табылды – Мезгилди ээрчисе, Мезгил – Табылдыны ээрчиди…

* * *

Чындап келгенде, Мукановду Муканов кылган – Мезгил, күжүлдөгөн Улуу Турмуш жана акындык Улуу Тагдыр болду. Анан да жаштыктын шаттуу күндөрүндө дүйнөнү ушунчалык кооз көрө билген жаш акынга тагдыр ыроологон ашыглык оту дем берип, санаага, кусага, сагынычка, таарынычка, анан барып аягы арманга, өкүнүчкө толо ширелген сан түркүн саптарды жаратышына түрткү берди.

Табылды Мукановдун жаштыгы алтымышынчы жылдардын орто чендеринде илим-билим, техника өнүп-өсүп, адамзат кадамын асманга арыштаган, маданият тармагында күн алыс жаңылыктар болуп аткан заманга шайкеш келди. Доордун үнүнө кулак түргөн акын коомдогу прогресске жетине албады. Бала күнүнөн китеп дүйнөсүн сүйүп өскөн улан эми дүйнөлүк адабиятты казам деп китепканада керелден кечке кагазга тешиле тиктеди. Испандык адабияттагы көрүнүктүү өкүлдөр менен таанышты. Пабло Неруда менен Гарсиа Лорканын талантына тамшанды. Советтик адабиятта жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча толгонгон Роберт Рождественский, Евгений Евтушенко жана Эдуардас Межелайтис өңдүү акындардын ырларына баам салып, ойлоруна ортоктош болду. Алардын жан дүйнөсүнөн сызылып, акылынан тамган албуут саптарын өз боюна сиңирди.

Дал ошол тушта кыргыз адабиятында космостук темада жаңылык жасашкан Сүйүнбай Эралиев, Рамис Рыскулов жана адам бактысы деп акыл калчап, махабатка таазим эткен акын Омор Султановдун чыгармаларына дили жаркыды. Өткөн чакка сереп салды. Учурдагы абалды айтып адамдарды күжүрмөндүккө шыктандыруу үчүн салттуу ырдан четтеп, оюн кең-кесири айтканга далалат жасады. Жаратылышты түркүн-түс боёк менен тартуу үчүн художниктик озуйпасын так өтөөгө белсене кирди…

Мезгил мага чүчкүрөт

“Желексиң!” деп.

Коңгуроодой шаңгыратып,

кайдан билет

өрткө айланып өтөөрүмдү

жалбырттап!

Жүрөктөгү мөңгүлөрдү чатыр-чутур жарам да,

сел жүргүзүп каректен,

сейил берем адамга.

(Т.Муканов: “Жүрөктөрдүн чаңдатып ай-талаасын”).

Ооба… Дал ушул Мезгил таккан милдетти акын актоого тийиш эле. Алда-кайдандыр жаратылышынан бүткөн ички туюму жалын сымал жалбырттап, чагылгандай жарк этип жанып өтөөрүнөн өйдө тымызын кабар берген экен, эми ушул кыска аралыкта карегинен сел агызса да, адам дилин жаркытып өтүшкө өзүн жоопкер сезди акын…

Студенттик алгачкы жылдарда эле ааламдык ачылыштарга кайдыгер карабаган Табылды эркин ырга эрте ыктаптыр. 1965-жылы салтуу ыр формасында жазылган “Атчан кыз” жана “Этюд” аттуу ырлардан тышкары, эркин ырда ойду таасын ачкан талант экенин “Салют”, “Жер”, “Жүрөктөр”, “Адамдын монологу” сыяктуу ырларында далилдеген.

Жаш акын бардык дити менен бүткүл дүйнөнү өз мекениндей сүйүп, адам башына азап салган согушчандарды сүрдөтүп – Тынчтыктын кучагында туруп алып космос менен үндөшкүсү келет:

…Жүзгө чыкты жүрөктөр

жексен болду канча оору.

Табийгаттай тездик менен даң салса бул ааламда

адам сезбей чарчоону,

адам сезбей чарчоону.

…билбей мылтык октоону,

…билбей уран топтоону…

(“Табийгатты салбай туруп мүшкүлгө…” – Табылды Муканов: “Жан дүйнө” – 45б.)

Табылды Мукановдун руханий мурасындагы өзгөчөлүк – жасалмалуулук ага жат экендигинде. Ал, дүйнөнү турган турпаты менен сүйөт. Көңүлү кайт болуп, жаны кейисе жаратылышка акаарат айтпай, адамдагы аксымдыкка наалат айтат. Жер эненин оор онтогонуна жүрөгү сыздап, адамдар мылтык октоону билбей өтсө деп тилейт.

 

* * *

1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырган Табылды 1970-жылы билим алып чыгып, “Советтик Кыргызстан” (“Кыргыз туусу”), 1976-жылдан 1980-жылга чейин “Мугалимдер газетасында” эмгектенген. 1960-жылдардын аяк ченинде кыргыз поэзиясына ак кызмат өтөйм деп келген акын атак-даңк менен мансапка умтулбай, оболу, өз көрөңгөсүн байытып талбай изденген. Уйкусуз эчен түндөрдү күзөткөн акындын жараткан ырлары бара-бара гезит-журналдардан жарык көргөн сайын сөз өнөрүн баалагандар Табылдынын поэзиясына тамшанышкан.

Баёолукту самап, балдардын дүйнөсүн түгөлү менен түшүнө билген акын биринчи китебин “Шуру жоготкон кыз” деп атады. Акындын беш-алты ырдан турган алгачкы жыйнагында балдардын аң-сезимин өстүрүп, курчап турган дүйнө кандай кооз экенин ыр саптары аркылуу айтып, мазмунуна терең ойду сыйдыра алган.

Жерди булут барсайган

Мөндүр менен аткылап,

Так түйүлүп эрке кыз

Куунайт колун чапкылап:

          Мен жоготкон шурулар

          Көктөн түшүп

                       келишти ай,

Жүр, чоң эне, теришчи ай.

Чыкса алар күн күлүп,

Саап туруптур нурун ууз.

Жерге житип кетиптир,

Сууга айланып

                           шурубуз.

(Т.Муканов: “Шуру жоготкон кыз”).

Акын ушул алгачкы жыйнагына көз чаптырып болуп, адам – балалык менен кош айтышты дегичекти, тулку-бойдогу пакизалыкты жоготуп алып, өмүрдүн мындан аркы белестерин эми кубанычы менен кошо кууралы коштоп жүрүп олтураарын, кайгы-касирети көп ушул кыска аралыкта көп нерсе жасап үлгүрүп калуум керек деген чечимге келген чыгаар!?

 

* * *

Табылды Мукановдун чыгармачылыгындагы эң орчундуу тема –  махабат темасы. Акын сүйүүгө таазим этип, сезиминен серпилип чыккан бермет саптары менен дил тазартат. Алмустактан адамды адам кылып сактаган улуу сезимди акын ар качан кастарлайт. Сүйүүсүз өмүр сүргүсү келбейт.

Эгер тагдыр – акынга ашыглыктын азаптуу жыргалын энчилебесе, анда Табылды поэзиянын ажайып кең асманында Чолпон сындуу жанып тураар беле!? Таң… Мукановдун Музасы – ажайып көрүнүштөргө көз талдырган акынды Мезгил, дүйнөлүк прогресс, Ылдамдыктан сырткары көңүлүнө көп санааны үйдү. Кыялында кол жетпестей көрүнгөн аялуу дүйнөсүнө арнап “Алмадайым” деп калеминен сагыныч саптарын төктү. Сүйүү тематикасындагы ырларынын дээрлик көпчүлүгүндө акындын арзуусу, көкүрөгүн жарып чыккан аялуу дүйнөсү көркөм образдуу сүрөттөлүп, эң ириде, Табият ошол сааттагы жан дүйнө абалына жараша ээрчийт. Лирикалык каарманы жарк этип күлсө, көңүлүнө жаз орнойт. Суз тартса – бороон уңшуп, асман алай-дүлөй түшөт…

Айтор, ашыглыкка кулдук урган акындан: “Күтүү”, “Биздин сүйүү”, Сүйүү элегиясы”, “Сен мага ачылбадың”, “Сен життиң акылдай”, “Сагыныч кайрыктары”, “Элегия” аттуу ырлары бизге аманат дүйнө катары калды. Бул чыгармалар – улуттук поэзиябызды дагы бир чекке көтөргөн, наркы алтынга теңдешкис зор казына…

 

* * *

Ал, махабаттын жыргалына батып, кууралына айланса да, өмүрдө андан өйдө турган сезим жок деп баса көрсөтө алды…

Сүйөм сени кан тамырлар

                             калганчакты сокпостон,

сиңем сага нурдай, ширин булактай,

мен канбаймын махабатка эч качан,

биздин жашоо –

                                  так түйүлүп…

                                  зоодон учкан улактай!

Ааламды аздектеген акын эртеби-кечпи ушул кудуреттүү ыйык сезимге кабылмак. Ак сүйүүнүн аптабына куйкаланып, азапка да батмак. Чоң сүйүүгө кезикпей туруп акын аруу дүйнө тууралуу айта да алмак эмес. Ал эми акындын ашыглык каттары тууралуу кийин кези келгенде анын чыгармаларын изилдөөгө алган аалымдар үчүн кеңири сөз кылууга татый турган эмгек болоору ырас…

 

* * *

Табылды Муканов – көзү тирүүсүндө Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынбаса да, балдар үчүн арнап жазган “Шуру жоготкон кыз” жана “Кыты-кыты”, ошондой эле “Каректеги жер” менен “Жүрөктүн кагышы” аттуу чакан китептерин жарыкка чыгарып үлгүрдү. Акын түбөлүктүүлүккө сапар улагандан көп өтпөй, 1986-жылы “Жан дүйнө” аттуу китеби жарык көрүп, 1987-жылы аталган эмгекке Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылып олтурат.

2002-жылы “Арчадай жашыл элем” аттуу поэтикалык жыйнагы “Бийиктик” басмасынан чыгып, китепке акындын мурда жарыяланбаган ырлары менен каттары да кошо камтылганы – көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан эле. Аталган китептен улам адабиятчы Медербек Байгазиев “Табылды Мукановдун чыгармачылыгы. 1970-1980-жылдар кыргыз поэзиясынын контекстинде” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

 

* * *

Акындан адабий чөйрө көптү күткөн, дагы бере турганы көп эле дешет калемдеш-замандаштары. А балким, акын айтчусун айтып, жазчусун эбак жазып кеткендир?!

 

* * *

Кыска өмүрүн кыргыз поэзиясынын байрагын бийик көтөрүүгө арнап, адабиятка таазим кылган акынга, эми, бизден – Таазим!

Мезгил, Ылдамдык, Мекен, Табият, турмуш, өмүр, өлүм, сүйүү туурасында миң толгонуп, омоктуу ойду боюна сыйдырып туруп түбөлүктүү суроону коё билгендин өзү – Поэзия алдында акындык, Мекен алдында атуулдук ыйык милдеттен ашыгы менен кутулду деп так кесе айтсак, оңдуу болоор. Ал эми мындай кадам, мындай өмүр – эрдикке тете иш, эл үчүн эсеп жеткис асыл баа мурас.

1983-жылдын март айында 36 жыл өмүр сүрүп, күлгүндөй жаш кезинде жайраган акындын аздек туткан дүйнөсү кеп келебин, сөз кыябын келтирген эркин ырдын чебери, акын Табылды Мукановдун учкул канат кыялы аркылуу көз жоосун алган көрүнүштү бирге аралап, заман күүсүн тыңшамакчы.

Көөнөрбөс көркөм дөөлөт саналып, ар качан табийгатка таазим эткен Табылдынын бу турмуштан тапкан зор табылгасына кыргыз журту – ар качан баам салып барктала бермекчи.

ДАНИЯР ИСАНОВ