Самат Уранкай: Базар дүйнө

Базар – дүйнө

“Жол… жол… жол! Жылып коюңуз, өтүп кетейин. Жол! Жол!”- деген тачкечилер такымды шылый, биринин артынан бири шашыла өтөт. Жылыга ушул маалда Дордой базарынын соодасы кызыйт. Жаңы окуу жылына даярдык көрүү үчүн балдарын ээрчиткен ата-энелер, менчилеп ээрчитпей “эндей”, жалкы келип, таңдан бери таманы тешиле кыдырып жүргөндөр оголе көп.

-Ак көйнөктөр канчадан?..

-Шымды да сизден алсак канчага бересиз?..

-Бизде тигилгенби?

-Мындан чоңу барбы?..

-Баасын түшөсүзбү?

-Жол, жол! Өтүп кетейин…

-Жол!..

Сооданын жолун тапкандар, жол сураган тачкечилер, балдарын байпагынан баш кийимине чейин кийинтип, бакытын тилеп, мектепке берип, түбөлүгүн түздөөгө, жолун түптөөгө далалаттанган ата-энелер… Улам бирин кийип көрүп аткан, жаңы сумке асынып көздөрү жайнаган бөбөктөр… Бөбөктөр… Мен да ушинтип көзүм жайнап, сүйүнүп, чоң нерселерди кыялданып ата-энемди ээрчип базарга келген учурларымды эстедим. Тезирээк чоңойсом деп шашканымды эстедим. Эмнеге шаштым? Башына тартсаң аягына жетпеген, бардык нерсени баага байлаган, а баасы сапатына бап келбеген, 100 сом үчүн кадимкидей соодалашкан, аша чаап арзан сурап алсаң, кагуу жеген турмуш үчүн шашып чоңойдум беле? Туура эмес… Баалар туура эмес… Мынабу бажыраңдап сумке, көйнөк, бантик тандап аткан бөбөктөр да ушундай турмуш үчүн чоңойуп атабы? Бажыраңдап… Ушул балдарга окшоп бажыраңдабадым беле? Бажыраңдаган кыялдарым бар эмес беле? Көп нерсени унутуп, көп нерседен кечиптирмин. Эми сатуучу тандап жүрөм. Өзүмдүн да, балдарымдын да көңүлүн сындыргым келбей колу берешен, жүзү жылуу, көздөрү топуктуу сатуучу тандап жүрөм.

Мени бирөө тиктеп турганын байкадым. Аял экен. Жүзү жылуу, өңү тааныш аял. Каяктан көрдүм эле? Жашоомдогу унутулуп калгандардын бири экенин түшүндүм, бирок ким экенин эстей албай койдум. Каяктан көрдүм эле? Ким болсо, ошол болсун, мени таанып учурашпаса эле болду деп ойлодум ичимден. Өзүмдү тааный албай турганда… Мени азыр бирөөнүн тааный калганы ашыкча эле…

Көрмөксөн болдум, бирок ичимден чүнчүй түштүм… Жана мага жаккан күрөң бут кийимди сатып алып, ошол жерден дароо кийип алсам болмок экен. Жалтыраган күрөң туфилийди. Азыр тиги «жылуу жүз» жыла басып келип жылмая учурашып ийсе, мобу телпейген тапичкем менен кантем? Баасын өтө кымбат айтып туруп албадыбы, кашайып. Отузга жете элек туруп «молдо сакалчан» сатуучунун сакалына ылайыктап: «Пайгамбар да соодалашчу экен. Соодаңыз берекесин берсин, таксыр. Бир аз түшүңүз!» -деп динден кабардарсынсам да, көшөрүп түшпөй  койбодубу…

-Сабыр! Сабыр!

Үнүн тааныдым. Ошончо көп нерсени унутуп, адамдын үнүн унутпаганымды кара… Дароо тааныдым, бирок башымды бурган жокмун. Өтүп кетсе экен деп тилендим. Болбой эле учурашты да, мени тааныдыңбы деп жадырап турду алдымда. Ал-абалымды сурады. Көп нерсени сурады. Мен да сурамыш эттим. Соодабызды унутуп, четке чыга бердик. Балдарга кийим алганы келгенин, мени бул жерден жолуктурам деп күтпөгөнүн айтты.

-Канча балалуу болдуң? – деп сурадым.

-Эки балам бар. Улуусу быйыл 4-класска барат.

Менин улуу балам 7-класска барат. Башымда баарын дароо эсептеп үлгүрдүм. Көп деле күйбөптүр. Мен башкага үйлөнүп атам дегенде, менсиз жашоосун элестете албаганын айтып, шолоктоп ыйлаганын эстедим. 4-класс… Көп деле күйбөптүр… Ошондо шолоктоп ыйлаган кыз, анын сүйүүсү менин жүрөгүмдү жылытып да, үшүтүп да жүргөн окшобойбу. Тез эле бүлө күтүп, тез эле мени унутуп калганына ызалана түштүм. Мен өзүм аны эстедим беле? Же такыр унуткан жок белем? Жаңы үйлөнгөн жылдары көп эстечүмүн. Салыштырып, сагынып эстечүмүн. Анан качантан баштап унуттум экен? Унуткан күнүмдү кошо унутканымды карасаң. Мандайымда толмочунан келген аял турду. Бетине бырыш түшүптүр. Бирок дагы деле сулуу. Же менин көзүмө сулуу көрүнүп атабы? Кайдагыны ойлоп… Шымга, сумкеге келбедим беле?

Айгерим… Улам сөзүбүз суюлуп, айтаар кебибиз азайып баратты. Кезинде тынбай эле сүйлөшө берчү элек. Эмнелерди сүйлөшчү элек? Анда сөзүбүз бүтчү эмес, азыр болсо эмне айтаарымды билбей алдында турам…

-Гүлзар сени көрдүм деп бир айтты эле…

-Кайсы Гүлзар?

-Группалашың…

-Аа, ооба. Бир жолу көргөм. Көп болду.

Айгерим тууралуу акыркы ирет Гүлзардан укканымды эстедим. “Боюнан түшүп калыптыр. Эгиз экен дейт. Эки эркек”- деп божураган. Тукумунда эгиздер бар болсо керек, демек мага да эгиз төрөп бермек турбайбы деп, өзүнө караганда өлүү төрөлгөн эгиздерине кызыккам. Ошолорго кейигем.

-Мен Гүлзар менен тез-тез жолугушуп турам… Бүлөбүз менен катташабыз…

Бүлөсүн, жолдошун сурагым келип кетти, бирок оозумдан такыр башка сөз чыкты.

-Гүлзар жакшы жүрөбү?

-Ии, жакшы. Ал тың го, билесиң. Алар бир жума мурда эле мектепке даярданып бүттү.

-Аа, ооба…

Дептерди, карандашты унутпашым керек деп ойлодум ичимден.

-Сен такыр өзгөрбөпсүң, – деди Айгерим.

Жылмайганда адамдын көзүнө тиктеп, кашын серпип койгон адаты дагы деле калбаптыр. Өзгөрбөпсүң деген сөзү какшыктай угулду, бирок анын кашын серпип жылмайганын, мени тиктеп турган мээримдүү көздөрүн көрүп, унчукпай калдым. Тааныш күлкүгө, тааныш көздөргө ишендим. Өзгөрбөсөм өзгөрбөгөндүрмүн. Мен кайдан билем? “Эмне менен алексиң, каякта иштеп атасың? Кара костюм-шым, капкара туфли, ак көйнөк, галстук тагынган дипломат болом дечү элең, ким болдуң?” деп сурап ийбесе эле болду. Анан “Айлыгың канча?” деп сурабаса… Ушу суроо жакпайт. Басына түшөм.

Аялдар мындайда эмне кылат? Же жакшы кишиге турмушка чыкканын, бактылуу жашап атканын айтат. Же бактысыз болуп калганын айтат. Сени кыйытып болсо да күнөөлөйт. Айгерим ушунун бирин жасаган жок. Эмнесин, кайсы бирин айтса деле жеңилдей түшмөкмүн да. Алдымда турган аялдын же бактысыз экени байкалбайт, же бактылуу экени…

-Ашкана болсо чай ичип, сүйлөшүп отурсак жакшы болбойт беле? – дедим ооз учунан.

-Жок, рахмат, Сабыр! Момундай кымкуутта кайдагы чай? Тиги жерден дептер-септер алсам эле кетем, – деди Айгерим оң тараптагы окуу куралдарын саткан катарды ээги менен көрсөтө.

-Аа, мен дагы бул жактан ала турчуларым бар, – дедим сол тарапты кол менен жаңсай. Базардын кайсы катарын кыдырып, каягын кыдыра элегимди деле билбейм. Баш айланып калды. Окуу куралдарын саткан катардан оолагыраак жагына бара бермей болдум оюмда.

-Макул анда. Мен барайын. Сага жолукканыма кубанычтамын.

-Ии, болуптур эмесе. Көрүшкөнчө.

Баштыгын оңдоно көтөрүп, кыйгачтай бурулуп басууга умтулуп калган Айгерим:

-Эми кайдан көрүшмөк элек? – деди жылмая. Жылмайганын байкадым. Кашын серпкен-серппегенин байкабай калдым.

Ооба десең, чын эле эми кайдан көрүшмөк элек? Оңой эле коштоштук.

Адамдар сээлдеген сайын базардын кунары кача баштады. Кагаз куту, полиэтилен пакеттер ар жерде тез эле додо болуп үйүлүп, учканы учуп, чачылганы чачылып ар жерде жатты. Контейнерлер биринин артынан бири жабылып, эрте мененден бери бар-жокту сатып жиберчүдөй болуп аткан кишилер да орой боло түштү. Контейнерине жакындасаң эле “Биз жабылдык!” деп корс этет. Ошондой корсулдаган кишилерден керек нерселерди сатып алдым. Эч нерсе унуткан жокмун, акчам да ашты.

-Таксыр! Таксыр!

Менден башка киши жок болгон үчүн артыма кайрылдым. Эрте мененки сакалчан сатуучу экен. Колун жаңсап мени чакырып атыптыр. Колунда жалтылдаган күрөң туфлий…

-Таксыр, батинкени айткан бааңызга берем. Келиңиз!

Ошончо кишиден мени эстеп калганын кара… Соопко калайын десе керек. Мен баш чайкадым. Жана жаккан туфли азыр көзүмө жагымдуу көрүнгөн жок. «Жок» деп жооп бергим да келбеди. Жол сураган, баа сураган кишилерсиз аңгыраган базардан чыкканы шашылдым. Кетейинчи деп ойлодум… Кетейинчи. Туфлийди кийин алам. Күрөңүн эмес, карасын… Азыр эмес, эмки келгенде… Кап-карасын алам…