Салтанат Орозобекова: …Көзүңдү асман тиктейт миң чырактуу, Таш жолду жаркыратат кимдир бирөө…

Улуу көч

Күйүттүн да, бар артында жарыгы.

Жарыгың да, болот кээде караңгы.

Башы кайда? Кайда? кайда аягы?

Баш аягы жок дүйнөбү качаңкы…

 

Түшүнгүчө, бу дүйнөнүн түпкүрүн,

Тартып кетет каякадыр Түпсүзүң.

Ар мезгилдей ала салган үшкүрүп,

Кала берет ачылбаган Түп түйүн.

 

Бу болумуш, жаралганы түйүндүү,

Жарыгы бар көкүрөктүн күйүттүү.

Кыярбаган кыял кечип адамдар,

Ишенишкен күндөрүнө күйүмдүү.

 

Учу кайда? Түбү кайда? Издешкен.

Көп аңтарып көк асманды тиктешкен.

Күйүп- өчүп күл болгуча куу жаны,

Не издеген? Өздөрү да билбестен…

 

Бул байыркы, эзелки Эс-туюмбу?

Учургамын мен да кыял кушумду.

Кай мейкиндин канатында кетсек да,

Түбөлүктүү дүйнө дейбиз ушуну.

 

Күйүттүн да бар артында жарыгы.

Жарыгың да болот кээде караңгы.

Дүйнө гана ордунда. Өткүн баары.

Кете берет. Улуу көчтүн аягы…

 

*****

…Кайыгын кайкалатып калкып, чөккөн,

Миң өчүп, миң күйгөндүн жолу катуу.

Бу жолдун жолу шондой, оттуу, таптуу,

Жаап өткөн жамгыр, кары бурганактуу.

 

Көрөбү, көралбайбы көр дүйнөлөр,

Көөнүңдүн көкөлөгөн шол асманын.

Жалгыз бир, жалгыз өзүн шолоктогон,

Карааның көрүнбөгөн кайып сымал…

 

…Көзүңдү асман тиктейт миң чырактуу,

Таш жолду жаркыратат кимдир бирөө…

Боздогон шамалы өч, жалгыздыгың,

Бүт доордун бүркүп койгон жалгыздыгы…

 

*****

…Жүрөгүм муң ичип…Айталаада…

Бир гана улуу боштук кайталанма.

Кыйраган кемелердин жээгиндемин,

Ак барактан баштасамбы, баарын кайра…

 

Кимге керек, ыргалган бир жылдардын

Бүк түшкөндө, буркураган ырлары?…

Ыйласаң, ыйлап алдың өзүң үчүн,

Кайыксаң кайыгып, ыр жазып айыктың.

Дүйнө сени дүйнө кылды, ыргады…

Сыйыш үчүн дүйнөгө. Сен акынсың ырдадың…

 

Болгону шул. Бу дүйнөнүн ыргагы,

Толгоп келген тоголотуп кыйланы.

Белгисиздик ааламына чөгүп бир,

Быркыранып, дүйнөң канча кыйрады.

Акынсыңбы, ыйлагыдай ыйлагын,

Бу келаткан акындардын мыйзамы.

 

Учпай жатып өлүшкөн…

Кереги не, асманы жок ырлардын?

Акынсыңбы! Жээк болуп жаралгын,

Бир дайынсыз, бир табышмак аралдын…

Жаралбасаң, кереги не…

Сенде жүргөн айыкпаган армандын.

 

*****

Бүгүн кечке кар жыттанды айлана

бүгүн түнү жамгыр карга айланат.

Жамгыры да, кары дагы аралаш,

билбейм бирок, мен эмнеге айланам?

 

Күнү бою күндүн көзү көрүнбөй

күн караган тереземен акты жаш.

Күндүз кечке сени ойлодум жамгырда

аккан жашым агып барат сен жакка.

 

Асман боп-боз, асман өнү жутулган

боз тумандан качып үйгө корголойм.

Сенден алыс, алыс кетип калсам да,

мен өзүмдөн кайда качып кеталам?

 

Кыштын каарын чакырышкан каргалар,

кышты күтүп калган бардык адамдар.

Кышы да бар, жазы да бар санаамда,

а мен нени күттүм, өзүм билбеймин.

 

Куштар учуп кеткен жылуу жайына,

куштай сызып баралбадым айлыңа.

Бүгүн түнү жамгыр карга айланат,

билбейм, билбейм мен эмнеге айланам?

 

*****

Кар астында чөптөрдүн деми менен жашадым,

Карды жиреп баратып, карегиме жаш алдым.

 

Эстеп алып сабагын, түйүнчөктөй түйүлгөн,

Эстеп алып тамырын, таңды карай жүгүргөн.

 

Кар эрисе кошо эрип, чыгаар күнүн сагындым,

Сагынганым билгизип, жашыл жоолук салындым.

 

Чөптүн өзүн кармалап турар күнгө жетемби?

Жел ойнотуп селкинчек, чөпкө айланып кетемби?

 

Кар астында чөптөрдүн деми менен жашадым,

Качандыр бир өмүрдө чөп да болуп жашаармын.

 

Пушкиндин периштеси кетти учуп

Жаралган бир ыр тагдырын

тамашадай таштап койдум жалынга,

ырдын жаны чырылдаса,

чыдап угуу тозок экен акынга.

 

Бүгүн дүйнө өрттөгөндөй ырларын

куйкаланды шейит кеткен акындар,

кылымдагы уйкудагы сулуулар,

бүгүн дүйнө булбул тилин байлады…

 

Солкулдаган ышкындай сонеттери

Шекспирдин жазылган жок…

Петрарканын махабат аурасы

Бешенеге жазылган жок Лаурасы..

 

Акылдан жок, эстен жок

эсеби жок өмүрдөн эзенгиреп,

дүйнө кезип тентип жүрөт

чачы куудай Шекспир бүгүн…

 

Жалбырттаган от коюп

мен бир ырдын тагдырына,

эстен тандым от койгондой

махабаттын ырларына…

 

Өрттөйт окшойт далайга

өрттөлгөн ырдын кусуру,

телмирип карап отурам,

чаң учкан күлгө утуру..

 

Кечир, мени сүйгөн адам…

бүлүк салган жүрөгүмө,

бар, жогумду билбеген бейкүнөө жан,

экөөбүздү жолуктурган кокусунан

жок болду жалгыз көпүрө-ыр.

 

Пушкиндин периштеси кетти учуп…

даңк сүйгөн дантестер кетти утуп,

жектесен жекте, эми сен,

өрттөлгөн ырдын жаның мен,

өрттөдүм кайра ыр менен.

 

Санаамда сен

Кышта, кыштай куюндаган кар жаабай,

Жаздагыдай төктү жамгыр аябай…

Тышым кыштай, ичим жаздай мен дагы

Жаан менен жаан болуп жаадым ай!

 

Кышым кыштай, жазым жаздай болалбай

Сумсайдым ай, суудай шар агалбай.

Баары башка, баары бүгүн өзгөргөн,

Сен өзүңдө, мен өзүмдө агам ай.

 

Дүйнөң сенин жерди кезген шамаал ай,

Шамаалында көп ыргалып калам ай…

Дүлөй эмес дүйнөм менин укпаган,

Шагым сынып шарактабай калам ай.

 

Күндөрдү мен жашап жатам кертилген

Тартылуу жок баягы бир мен сезген…

Көңүл бүгүн шагыраган шагылдай,

Сезим дагы сезим эмес серпилген.

 

Дүйнөң сенин жерди кезген шамал ай,

Шамалыңда айдалып мен барам ай..

Үнүм түгүл, үшкүрүк да жетпеген,

Санаамда сен, сапырылып барам ай.

 

Тагдыр элең

Оо, сен кандай, талбаган да, тайбаган бир,

Солк этпес такты күткөн, зыңгыраган,

Таажыңды шыңгыратып Айга, Күңгө,

Тарамыштай бек түйүлгөн тагдыр элең!…

 

Оо, сен кандай, сынбаган да, сыйбаган да,

Азуусун, айбалтасын айга жанган,

Таажыңды жаркылдатып, жаалданган,

Кайыштай жонду тилген тагдыр элең!…

 

Оо, сен кандай, кара зоодой карарган бир,

Айбаты алдан алган, күүдөн алган,

Тактыңда жакут, бермет чачып койгон

Көк мелтей, мелтиреген тагдыр элең!….

 

*****

Куштар учпас. Учу барбы дүйнөнүн?

Учум таппай мен өзүмдүн, куураймын.

Суулар акпас. Түбү барбы дүйнөнүн?

Түбүм таппай, түйүнчөктөй кулаймын.

 

Кайда сызып учаарын да куш билет.

Кушту коюп, өз дүйнөмдө учайын.

Суу да билет кайда агып бараарын,

Сууну коюп, түбүмдү таап алайын.

 

Жылаан учкан дүйнө жоктур дүйнөдө?

Жылаан сымал, сойлоп жүрөм мен деле.

Жылаажындай шыңгырасам эмине,

Жок дегенде, шыңгырайлы, келгиле!

 

Таштар жааган талаа бардыр дүйнөдө?

Таштай катып калабыз ээ, дүйнөдө.

Таш жаабасын! Сүйүү жаасын, а көрөк,

Эч болбосо, сүйүү менен өлгүлө!

 

*****

Тумандуу ушул, тумандуу кечте,

Тумандай калкып келатат кайта,

Эс деген бороон. Жан кечти бороон.

Эстетип кечти тумардай болгон…

 

Агызып мени сел кылган далай,

Агылган ушул денизди карай,

Баратам сүзүп, чөгөөрүм билип…

Өлөөрүн билген жанкечти жандай.

 

Таңдары шундай, кечтери шундай,

Эс деген менин, эс деген боорум!

Тумандай ушул түнөрүп сен да,

Көңүлүң неден болду экен оору…

 

Тагдырдын кайнак жолдору шол,

Татканга ширин, татканга шор.

Шамалдай кезүү, шамалдай тозуу,

Шамалдан ашкан долудай болуу.

 

Жаңыртып үндү, жаңыртып үнсүз,

Жабыктың бекен деңизден терең.

Токойдой черсиз, талаадай талсыз,

Айландым мен да дубалга керең.

 

Арбаган дүйнө, аржагын билбей…

Өзүмдү кажып, өмүрдү кездим.

Асманбы, жерби? Азабым менин?

Кабарың билбейм. Кайдасың деги?

 

Делбирттеп жан дегдеттиң нени?

Кечүүдөн кечүү кечирип мени.

Табылып дагы, жоголуп нечен,

Тумандуу ушул тумандуу кечим…

 

Аккушум

…Агылып булут… Көк асман,

көйкөлөт кайың, тал-терек.

Ааламда ушу чалкыган,

болчусуң чынар… Байтерек.

 

…Кайкып-ойкуп, көп куштар,

калкыган көктө, топ куштар.

Тобуңан учуп Аккушум,

аңгырап калды сен туштар…

 

Жуп-жубу менен учкан бар,

жалгыздап учкан куштар бар.

Боорлоруң учкан боз жайда,

жаныңда боорум кимдер бар?…

 

Куш-пушуң менен иши жок,

куушуп ойнойт жаш балдар.

Айланып өтүп боз тамды,

көзүмөн буурчак жаш тамды…

 

Сагындым сени Аккушум…

 

Булбулкөй элең асылдар

Таң сүрүп, күүгүм батаарда

Жылтылдап жылдыз жанаарда

Жалгыздап бассам талаада

Төгүлгөн жамгыр, ак карда…

Кайыптай балким калкылдап,

Келдиңер бекен закымдап…

 

Көөдөңгө батпай бир сезим

Кирпиктен тартып каратса

Көр дүйнө билбей аккуштар

Көк жиреп учуп баратса…

Кайыптай балким калкылдап,

Келдиңер бекен закымдап…

 

Кубулжуп куштар кайтканы

Кубулуп дүйнө акканы

Айрылуу билбей ак гүлдөр

Албырып гүлүн ачканы…

Кайыптай балким калкылдап,

Келдиңер бекен закымдап…

 

Таңда бир сайрап булбулдар

Жүрөктү эзет кургурлар

Жарыкта ушул жоксуңар

Билбеймин, билбейм кантишти…

Бурулуп кетип калдыңар,

Булбулкөй элең асылдар…

 

*****

Сынса сынды… Сындырышкан, канатың….

Жылдырышкан үлүңдөгөн чыракты,

Булуту сур, асман эмес, асманың,

Сен баягы, чыракты да Күн кылган!

Кычыраган кышың дагы кыш эмес.

Кыштын кышы, бороону бүт ичиңде.

Камгак эмес, калыңдан да калың бир

Кара тоодон бек боло көр, сен эми.

Күүгө келбей күңгүрөнгөн шамандай,

Чык өзүңөң, шуулдаган шамалдай

Ташка дагы тамырыңды кенен жай,

Өссүн, өнүп, көп тилегиң камалбай.

 

Чык, чыга кой, шуулдаган шамалдай.

 

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким?

Саргайбаган дарак да жок, чөп да жок.

Сагынаттыр мени дагы ким бирөө?

Салып алып санаасына кызыл чок.

 

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким?

Асман деле Жерди көздөй тартылат.

Асман жердей тартылуу бар ааламда,

Ай да, Күн да элжирешип сагынат.

 

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким?

Талаа көрбөйт сапырылган денизин.

Сагынычы ташый берип тымызын,

Деңиз дагы, деңиз болду баликим.

 

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким

Жаан карды, кар да жаанды сагынат.

Кылаасында куштар каттап бир гана,

Ой да балким, тоону карай сабылат.

 

Сагынбаган бу дүйнөдө деги ким?

Шарпылдаган толкуну бир, дагы ким?

Толкуп-ташып, толкундары кайнаган,

Түшүңөргө кирсин бүгүн деңиз бир..

 

Ай жарыкта отурсам

Тыңшап деңиз шоокумун,

Деңиз бойлоп турат Үй.

Жээк тарапта эшиги,

Жээкке ачылган терезе…

 

Үй артында талаа түз,

Кокту-колот, адырлар.

Жээкти көздөй жүткүнгөн,

Дүргүй өскөн дүйүм тал.

 

Тыңшап деңиз шоокумун,

Тарабай кумар моокумум.

Шол деңиздин боюнда,

Деңиз сырдуу жашасам…

 

Талаа менен сырдашсам,

Талаа кезип ырдасам.

Суубай такыр ыр көксөм,

Ай жарыкта отурсам…

 

Тыңшап деңиз шоокумун…

 

Баяндын башын сурадың эле

Уулум Айбарга

Шам жаккан кеч. Шамалдуу кеч.

Шамалдай сызып, келдиңби Эс…

 

Күү болуп туруп, чертиле элек

Күүлөнгөн өрүк комуздай белек?…

 

Күз болчу анда, чөп чабык маалы

Студент балдар, жүргөндүн баары…

 

Адырлуу тоодо…Алтообуз элек,

Айлуу бир тоо…чыкканга себеп.

 

Томуктай булут, томурган кечте,

Тоодогу бир, толкуган бетте…

 

…Албырып жүздөр. Өзүнөн-өзү…

Айбыгып чыккан, жүрөктүн сөзү.

 

Айдарым желге, ыргалып ыргай

Ыргала басып, келаттык биз жай.

 

Үндөбөй кээде, ойлорго тундук

Көлкүгөн көңүл-көөдөндү туйдук.

 

Кол берип мага, кырлардан далай,

Карабай тике…Сурады жөн-жай…

 

Карадык асман…Калкыган Айды,

Жылдызы толгон, чалкыган жайды.

 

Жылтырап оттор… Жылгада кыштак

Калсакчы дедик, тоодо бир кыштап.

 

…Күүгүмү жок, күн болчу жалаң.

Күндөрдө ошол жолуккан Атаң…

 

Буюгуп эчен, жолдорду бастык.

Баарынан кымбат, силерди таптык…

 

Баяндын башын сурадың элең,

Калганын улап, айтайын эртең…

 

Өчүрөм жарык, каалганы жабам

Тойпоюп азыр, уктай гой балам.

 

Келечек баары… Сеники балам!

 

Мекеним

Тулпардын сынып туягы,

Тушалып калган сыягы…

Тунжурайт туурум-мекеним,

Туңгуюк болуп эртеңи…

 

Чубалып улам чуулары,

Чуулгандуу жалаң туулары,

Желбирей албай Мекеним,

Жер карап турат уулдары.

 

Шар агып тунук суулары,

Шар акпай барок уулдары,

Шаштысы кеткен Мекендин

Убалы кимде убалы?…

 

Бозоргон талаа угабы?

Боор толгоп тоолор турабы?

Булбулу кошо муңканып,

Буулугуп агат булагы.

 

Акындык

…Күйүп кетпей турам, ээй, араң зорго

Жалбырттаган жалын, от ичим толо…

Түгөнсөм түгөнөйүн, такыр күйүп,

Быкшып, түтөп жүргөнчө, биротоло.

 

Ак, Карасы агып тур, кайнап тирлик,

Агыман бир жарылсамчы, аалам сүңгүп!

Мен эмнеге жүрөм десең акынмын деп?…

Каңгып жүрүп, кармабасам ойду күлүк.

 

Көзүм жайнап, көөдөн чиркин дүкүлдөп

Түндө көргөн түшүм жарык, түшүм зор…

Көңтөрүп бүт, төктүм букту ичтеги,

Күйүп кетпей алчыланат акындык доор!

 

Көксөө, эңсөө көк тирөөчү басылбас…

Шору калың, жаны делбирт, акындын.

Асман туруп, асман издейт ырлардан…

Шул бакытты туш кыл мага, акындык!

 

Сынбаган бир дүйнө менен сырдашкан,

Доор менен доор болуп жашташкан,

Кылым сүрүп, кырларды бир ашканга

Муңбаган бир доорду бергин, акындык!

 

Доошу бөлөк доорлор күтөт алдыда

Өксүгү көп, бул жашоону түбү жок,

Малынып түйшүк менен өтөөрүң чын.

Шондо да өчпөй отуң, өчпөй көңүл,

Сыйкырына чырмап турар Өмүр, Өлүм…

 

Бириң келээр, бириң кетээр дүйнөсүң,

Айдап Улуу тирүүлүктүн кемесин…

Бүгүлүп бир, бүк түшүп да, калбайсың,

Бак-шак тигип, тукумуңду улайсың.

 

Кыйрын улам бүктөйсүң, кылым акса,

Кышын куюп, түптөйсүң кайра жаңы.

Дулдулсун, дүйнөнүн кайбарысың.

Кечип өтөөр кылымды көк жалысың.

 

Токтобой эч, тоголонгон дүйнө агып,

Топуракка айлангыча, сен да агып…

Не издедиң, алды-артыңа кылчайып?

Күйүп турган көөдөнүңдө не жарык?…

 

Көзүң күйүп, өзүң жайнап сүйүнгөн,

Бу не жарык, жүрөгүңдө жүгүргөн?

Кайыктыңбы, буюктуңбу кан какшап,

Кайран үмүт, үйрүлгөнү үйрүлгөн.

 

Учуп-күйүп, барга, жокко күйгөнүң

Кылкылдаган кыял кечип жүргөнүң.

Узун жомок, баш-аягы жок дүйнө,

Жайчысыңбы, түбү түпсүз дүйнөгө?

 

Жандырганга табышмагың дале бар,

Тааныганга өзүңдү-өзүң, өзүң бар…

Бу ааламдын ой -чуңкурун казсаң да,

Доошу бөлөк доорлор күтөт алдыда!

 

Акыры

Тайыздыкка коем унчукпай.

Тереңдердин болом акыны…

Толкундардай жээкте тумчукпай,

Деңиз бойдон өлөм акыры.

 

Кербездикке коем терикпей.

Кең ааламдын мен акыны…

Келбеске бир жанды кейитпей,

Талаа болуп тынам акыры.

 

Мерездикке коем наалыбай.

Мейкиндиктин болом акыны…

Булуттардай буулуп, агылбай,

Мейкин бойдон өлөм акыры.

 

Автопортрет

Шоокумдар шыбыраган

Толкунга түшүп алгам.

Ойлордун жыштыгынан

Жүрөгүм чуркайт сыртка улам…

Качан бир чыгаар экем

Кан жолдун дал тушунан…

Чуркап баратам.

 

Мендеги ”мен”

Ааламдын чеги бүткөн жер

Кайда десем… Сендеби?

Оо, өзөктү өрттөгөн мен…

Кал! десем калбайсың

Канымда кайнайсың.

Айгайла! Күй! Жан!

Чыгып кет огуңан!

 

Көрдүңөрбү аялды көк деңизчен

1

Кечээ күнү. Таңзаардан кетип калдык

кең талаага. Кусалыгым экөөбүз…

ээрчий берип аркабыздан Жалгыздык

жан көрбөгөн жайга кеттик үчөөбүз.

2

Бүгүн аны, ээрчитип келип Кусалыгым

көрөт окшойт көк деңизди акыры…

көзүмдөгү. Мен купуя шыбырадым…

ааламда жок эңсөөнү эңседимби?

 

…Көрсө, көрсүн. Билсе, билсин, шол адам

жубатышты жүрөгүмдү. Жол бойунда

тал-теректер менден бетер ыргалган,

толуп-ташып толкундары бойлорунда.

 

Алар дагы көк деңизчен болуп алган…

ташый берип толкундары тамырынан.

Деңиз жээктеп жүргөндөй жаалданган,

болкулдады жүрөгүмдүн тамыры да.

 

Талаа-түздөр, билемин мен кеткен соң,

шыбырашат сыр кылып таңдан кечке.

Көрдүңөрбү, аялды көк деңизчен…

түндө болсо киремин түштөрүнө.

 

Толкуп жаткан талаа көрсөң…Ал эсиңе

көлкүлдөгөн көөнүм анда…Эгер билсең,

түнү бою сыр айтышат жылдыздарга,

Көрдүңөрбү аялды көк деңизчен…

 

Шыбырашат анан, чөптөр түнү бою

биз дагы болуп алдык көк деңизчен…

карачы, кандай гана жылдыз коюу

Асманда аял жүрөт көк деңизчен…

 

Мен дагы түш көрөмүн. Деңиз жыттуу

түшүмө талаа кирип. Шыбак, эрмен.

А жаныман өтөт, өтөт жылаан кербен…

Алардын баары бүгүн көк деңизчен!

 

Сагыныч

Куштар учуп…Кусалыгым сабалап,

Тентип кайра талаалады жүрөгүм…

Бу канчанчы ирет төрөлүү? Жана өлүү?…

Чыкпай жатып жаның кайта тирилүү!

 

Канчанчы ирет, канатыңан сөгүлүү?

Агылып бир ак жаандай төгүлүү…

Арманы көп, азасы көп бул сүйүү,

Тойгончо жеп, агартабы же сөөгүмдү?

 

Адатыңбы, Феникс куштай тирилүү!

Шончо өлүп, көк асманга тигилүү…

Булутмун мен, булутмун букка толгон,

Жаанга айланып жаны кайра тирилген!

 

Жок! Талаамын! Айталаамын аңгырап.

Төбөмөн Ай. Төгөрөгүм бүт дуулап…

Дартыман менин дубанадай ак урган

Шамал көзөйт, туш-тушуман шуулдап…

 

Шыпкап ичтиң. Сагалаган сар кусалык…

Өзүндүбү, мениби? Мейли, учалык!…

Өз муңуна өзү айгак, каар, кас болгон

Сүйүүм барат азабынан миң кубарып.

 

*****

Көйкөлүп көк шибер. Шыралжын шыбактар.

Бүлүнөт, жүгүрөт жөө күлүк шамалга.

Курутуп куу жанды дарт салып кыйнабай,

Кел чуркап куу ажал! Жанымда алаарда…

 

Шиберде жүгүргөн бир кыз бар жыңайлак.

Күн сылап маңдайын ээрчитет күн кечке…

Шол кыздай жүрөйүн беймарал, бейубак,

Сен ажал! Күн болуп акырын алып кет!

 

Күн сылап маңдайын, гүл анкып адырда…

Санаа жок бир бүдүр ал кыздын көөнүндө.

Жалынсыз калтырба, жанымды алсаң да,

Күлүңдөп уктайын, нур өчпөй өңүмдө.

 

*****

Кадырың күйгөн, канатың ийген

Күндөрүң көптөй, көңүлүң көкташ…

Боштукта ушул, бозала чаңдай,

Мейкинди эңсеп учамын кандай?..

 

Эзилген ушу боштукта жашап,

Эмнеден эми коркушум керек?

Баары бир түшкө мейкиндер кирет,

Кабына батпай болкулдап жүрөк.

 

Быркырап сынып, ичимен сызып,

Каякка барам, кай жакка житип?…

Каңгыган боштук, кайырчы боштук,

Ажалым болуп ар таңда күтөт.

 

Жалынсыз түтөп, эмнени күсөп,

Эмнени күтүп жашадым десең?…

Мендеги жылдыз, мендеги оттук,

Мерт болуп неге калбадың экен?

 

Мелжиген асман, мейкиндик аккан

Мендеги жылдыз мендеги оттук,

Мерт болуп неге калбадың экен?

Дарт болуп неге кыйнадың экен?

 

Поэзия

Бул ааламдын жаны окшоп дирилдек,

Биз учаарбыз, учаар кезек келгенде.

Аттиң өмүр, адашаарсың түбөлүк,

Карайлатып ыр издеген кездерим…

 

Биздин сөздөр сүйлөнө элек ак сөздөр…

Биздин жолдор куюндаган кар сындуу…

Өмүр закым жылдар менен өлчөнбөй,

Өмүр биздин ырлар менен өлчөнөөр.

 

Бу дүйнөнүн Анты ушул акынга,

Акындык доор, жаңырыкта жатыры.

Тирүүлүктө тирүү болуп унтулуп,

Жааган кардай, жаайт го акыры…

 

Ак канат

Дүйүм бактар ыргалган, туш-тушта тең,

Дарыялар үн салган… Калың бир чер…

Жылдызы сууп, таң агарган шоокумда

Келатамын, кең капчыгай боюнда…

 

Көк майсаңдуу, тирелген гүл төрлөрүн,

Көөнүм сүйүп, көзүм тоюп, өрлөймүн.

Табигаттын ажайып, кооз чөлкөмүн,

Түп Башатын көргөндөймүн мен мурун…

 

Өрөөн, өзөн, бийик-жапыз жарларын

Өзөктө өрт, өксүгүм жок айланып.

Шар аккан суу. Шаркыратма бир жагы.

Ортосунда барам жипсиз байлануу.

 

Дүйнө ушу… Жан-жаныбар жайылган,

Кол тийгис бир сөөлөтү  бар жаркырак.

Керилемин…Ак маралдай беймараал,

Туюмдарым Асман, Жылдыз шыңгырап!

 

Чуркай берсем, дулдул болуп ойлорум

Айныгыс бир, Чындыгымды табаармын.

Деген бир ой… делбиртетип дене-бойум

Бойлоп жүрөм, кең капчыгай, боомдорду.

 

Ойду, түздү, ойдологон дөңсөө-дөңдөрдү,

Артка таштап, эчен кырлар, жондорду,

Бөгүп жаткан, чөгүп жаткан тоолорду,

Арбытамын, булуң-буйтка жолдорду.

 

Күүгүм кирип калган үрүл-бүрүлдө,

Жээк көрүндү кылаалаган алыстан…

Кандай аян, калкып жаткан түрүндө,

Кандай сырлар, катылды экен түбүндө…

 

Аң-таң болуп, турдум анан жээгинде…

Көл десем көл. Деңиз десем деңиздей,

Бир чайпалып, бир мелтиреп, сезимге

Сан күү салып, күү-шаа түштү бир кезде…

 

Жалтылдатып, канат-куйрук боорлорун

Деңизге уруп, май чабактар бойлорун,

Алтын үйүр… Каптап түркүн түстөгү,

Айдың көлдүн ушу беле күткөнү?

 

Шоолаланып, шоокумданып күү деми

Шөөкөттөнүп, шөкүлөсүн кийгени,

Жарыктык көл жыбырлап да, шыбырап,

Күңгүрөнүп, төгүлүп бир ийгени…

 

Сыла, сыла… Мээриң чачып чабакты,

Сүзүп келет, сан миң толкун набаттуу.

Сен бу сыйга, туш болосуң заматта.

Ак толкунду сүйөт алтын чабак бу.

 

Торолушат, толкун жиреп, карап тур,

Оролушуп, көз алдыңда Көйкап нур…

Бардым сүзүп, көл соболун Антымдай

аткардым бүт. Акжал толкун жаркылдайт.

 

Ак канаты бүткөн сымал шоокумда

Ак чабактар удургушуп толкунда,

Ыраазылык айтып алкап. Бүтүндөй

Деңиз балкып, магдырадым ошондо.

 

Алтын үйүр… Ак чабактар күүлөнгөн

Себиш үчүн, жакшылыктын үрөөнүн

Кетти, кетти, кандай келсе ошондой.

Шол бактыдан ойгоналбай жүрөмүн.

 

Жакшылыктын үрөөнүн сээп ак чабак

Чабак урат, чарчоо билбей ак канат.

Толкундарда сүзө билген, бак табат,

Ак санатын айтты Деңиз чалкалап…

 

Чалкып деңиз, көпкөк экен Көлүмдөй,

Бактым да мол, чайпалат бир төгүлбөй.

Дүйнө көрдүм…Өң эмес, же түш эмес.

Шол дүйнөдөн, али жүрөм бөлүнбөй.