Сайгё (Норикиё): Жүзүм сүрдүү болгон менен, Жеңдерим нымдуу көз жаштан

Жапон классикалык поэзиясы

Сайгё (Норикиё)

(1118-1190)

Кыргыз акындары, котормочулары жапон классикалык поэзиясынан Басёнун ырларын көп которушту, бирок даңазалуу акындын устаты Сайгё тууралуу сөз боло элек, анын ырлары которула элек. Ушул кенемтени толтурууга аракет жасап көрөйүн дедим.

Сайгёнун өмүр таржымалы кызык. Жыйырма жашында калаадагы үй-жайын, кызматын, аялын жана кичинекей кызын таштап, чачын кырдырып, монах болуп кеткен. Калган өмүрүн бүтүндөй жер кезип жүрүп өткөрдү. Тоодогу жер кепелерде, кээде ачык асман астында түнөдү. Жашоосун ырсыз элестете алган жок, ыр менен бирге жашады.

Сайгё беш, Басё үч саптан турган ырларды (жапондор буларды “танка” жана “хокку” деп коюшат) жазышкан. Сайгё ойчул акын, ал турмак зор философиялык тереңдиктерге жетүү менен, ал – көңүлкош ойлоно албаган. Анын ырлары ички эркиндик менен жуурулушуп, жүрөктөн чыгат, аларды шаан-шөкөттөөнүн деле кереги жок. Айтылуу акындын поэзиясы даана түшүнүктүү жана жөнөкөй, бирок өзүнө ойлордун жана сезимдердин орошон татаал дүйнөсүн камтыгандыгы менен баалуу.

Догдурбек Юсупов

 

***

Жыл аяктады.

Уктап кетип мен кусалуу,

Түнү бою түш көрдүм:

“Жаз келди”. Эртең менен

Көргөн түшүм чын чыкты.

 

***

Аскалардын ортосунда кыпчылган,

Муздар эрий баштады

Ушул жаздын таңында.

Чөп-чарларды аралаган аккан суу,

Жылганына жол издейт.

 

***

Ар биринде дарбазанын

Жаш кайыңдар турушат.

Майрамдык көрк!

Тандабастан бардык үйлөргө

Бүгүн жашыл жаз келди.

 

***

Калтырышты булбулдар

Мени жалгыз өрөөнгө,

Кайтарсын деп эски уяны,

А өздөрү тыным албай,

Коңшу кырда сайрап жатышат.

 

***

Келсең боло тезирээк,

Менин жалгыз кепеме!

Кара өрүк толук гүлдөгөн.

Мына ушуну көрүш үчүн

Чоочун адам да келмек…

 

***

Ёсинонун тоолорунда

Көпкө чейин адаштым мен

Булуттардын артынан.

Жазгы алча гүлдөрүн

Көрдүм даана жүрөгүмдүн өзүнөн.

 

***

Жазгы шамал

Алча гүлүн алып учту

Менин көргөн түшүмдө.

Көзүмдү ачтым, бирок менин жүрөгүмдү

Толкундантат дагы эле кооптуулук…

 

***

Түн ортосу болгон эле

Күтүүсүздөн кыйкырышты короздор.

Аларды алдап койсо керек

Ушул күздөн түнүндө

Көздү уялткан Ай нуру.

 

***

Асманда Ай көрүнбөйт,

Ал чыкканга чейин көпкө

жарык чачпайт шооласын.

Бирок ушул үрүл-бүрүл кубантат!

Тоолорду бүт каптап турат күзгү түн.

 

***

Бардыгынан алыс жакта,

Аскалардын арасында өндүрдө,

Өзүм такыр жалгызмын,

Адамдарга билинбеген негедир,

Берилемин көңүл чөккөн ойлорго.

 

***

Мен өзүмдү билемин.

Сен күнөөлүү бардыгына

деп эч качан ойлобойм.

Жүзүм сүрдүү болгон менен

Жеңдерим нымдуу көз жаштан.

 

***

Келди беле менин оюма,

кайрадан ушу тоо аркылуу

карылыкка барам деп?

Өмүрүмдүн туу чокусу –

Сая-но-Накаяма.

 

***

Кычыраган кышта

Көздү уялтып жапжарык

Айдын нуру жылтылдайт!

Көлмөсүз бак ичине,

Муздай болуп төшөлөт.

 

***

Айды күттү

Тоо чокусу узакка!

Булуттар да тарашты!

Сенин дагы жүрөгүң бар,

Кыштын суугу алгачкы!

 

***

Биздин аалам бекем эмес.

Өзүм дагы гүлдөп турам

Тиги алча гүлүндөй.

Баарын шамал учурууда,

Эми кайда качамын?

 

***

Менин шоолам бүлбүлдөйт.

Ар кайсыны ойго салат

Мага келген карылык.

Тээ алыста нуру өчүп,

Ай чокуга батууда.

 

***

Эң ырааккы айылда

этегине Огура тоосунун

жалбырактар күбүлдү.

Жыпжылаңач калган бутак аркылуу

Айды узакка карадым.

 

***

Эми болбойт чыйыр жол.

Тоо кепесин басып калды

Жалбырактар күбүлгөн.

Мөөнөтүнөн мурда келди,

Кышкы узак камалуу.

 

***

Чоң кубаныч

Тартуулады мага түшүмдө

Сени менен жолугуу!

Бирок кайгы каптап калат

Сени өңүмдө эстесем.

Которгон: Догдурбек Юсупов