Садырбек Турдубек уулунун “Ыракета” ыр китеби жарык көрдү

Жаш төкмө жана жазгыч акын Садырбек Турдубек уулунун “Ыракета” аттуу ырлар жыйнагы “Улуу тоолор” басмасынан 1000 (миң) нускада жарык көрдү. аталган жыйнакка автордун мекенди аздектөөгө, ата-эненин кадырына жетүүгө үндөгөн ырлары, махабат темасы жана турмуштун ар кыл кырдаалдарына ой жүгүрткөн чыгармалары камтылган. Китеп жалпы окурмандар үчүн арналат. Андыктан, жаш калемгерди алгачкы ийгилиги менен куттуктап, кең келечек каалайбыз! Алгачкы эмгегиң кут болсун! Демиңе дем кошуп, чыгармачылыгыңа шык болсун! Садырбектин ыр дайрасынан ырахат алам дегендер болсо, жакынкы аралыкта китеп дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Ыр дайра

Жан дүйнөнү чөл кылбас акындар – СУУ,

Асылдар бу… Аларга башым тартуу.

Биримдикке чакырып ыр окушса,

Бир заматта мемиреп басылган чуу.

 

Мен мөңгүдөн жаңы эрип сайда келем,

Аман болсом тең болом дайра менен.

Чаңкаганды кандырам ыр суусундай,

Ошол үчүн жаралган жан да белем.

 

Пайда берип жандууга абдан арбын,

Мага чейин көбү аккан дайралардын.

Жашылдантып, көрктөшүп жердин бетин,

Жаны бууга айланган кайра алардын.

 

Тоодо жатат мөңгүлөр кемибестен,

Кези жеткен күн келип эрибестен.

Дагы канча суулар бар ага турган,

Далай жерди кандырар сезим өскөн.

 

Дагы далай жаай элек карлар арбын…

Дабыштары тынбасын дайралардын…

 

Акындар

Бир бөлкө коюнумда,

бир өлкө моюнумда.

Чөнтөктө сокур тыйын,

чөмүлүп оюм ырга.

Курсагым ачкан менен,

Жан дүйнөм тоюп ырга.

-деп ырды жазып жүргөн,

таң калдым акындарга.

Жыргалды ырдан күткөн,

Жылаңач баатырларга.

Ырларын жыргап окуйт

момундар, каапырлар да,

эркектер, катындар да,

бай-манап, жакырлар да.

Жаны бар ыр сабынан,

Айланат акылманга.

А бирок анын баары,

Ой бербейт акын жанга,

Жол бербейт акын жанга,

“Бир калем сатып ал” деп,

Сом бербейт акын жанга.

Көрсө акын элдики экен,

Элинен сурабаган.

Сөздөрүн пулга сатып,

Сан байлык курабаган.

Окусак ыр саптарын,

Идея гениалдуу,

Болоттур курсак баарын.

Ырында акылман да,

Өзү андай жашай албайт.

Элине өрнөк жазат,

Өзү болсо, айланат жакыр жанга.

Мунун бир себеби бар,

Ойлонбой бизнес, ишти,

Ойлонот жалаң гана

Ой казып изденишти.

Акындын ойлорунан,

Далайлар түздөнүштү.

А акын жашай берет,

Бир бөлкө коюнунда,

Бир өлкө моюнунда,

Чөнтөктө сокур тыйын,

Чөмүлтүп оюн ырга…

 

Мезгил жана мен

Күнчүлүк жол, эки элге каттаганы,

Күлүк минип, каңдасам ат таканы.

Жетүү үчүн өмүрдүн марасына,

Тандамакмын чаалыккан таш баканы.

 

Таш баканы таш жолдо кыбыратып,

Кетер элем кылымдын кырын ашып.

Жашайт элем, аттиң ай, үлгү болуп,

Адам билбес ааламдын

Адам билбес адамдын сырын ачып.

 

Ойлорумду жазууга чамам жетпей,

Оюм чексиз, аалам тар – тар аңгектей.

Үрккөн аттай күн-айым таскак салса,

Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей.

 

Мейли, мезгил, мен сага сүйрөлөйүн,

Жанчылууда жашашты үйрөнөйүн.

Токтобогон нерсе жок акыр аяк,

Токтобогун! Токтосоң бирге өлөйүн.

 

*****

Бул заманда.

Техниканын доорунда.

Тамырларым электр зымдарына туташып,

Тарс-турс этип согот жүрөк кубаттуу.

 

Чегирткедей секиремин,

Бекинемин ийнеге –

Көрбөсүн деп көр адамдар,

Сезимимдин өлгөнүн.

 

Мен жазган ыр, ыр эмес – ой!

Мына менин оюм чачылган,

Баарысы бар ичинде, сүйүү жок бир гана.

Демек, сүйүү жок болгон соң ичинде,

Башкасы да жок экени турган кеп.

 

Эр болсоңор чачык ойду жыйнагыла!

Чачылбай…