Садырбек Турдубек уулу: Үрккөн аттай ай – күнүм таскак салса, Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей

Темир жол

Суктантат темир жол ой өстүрө,

Сулаган бир гана поездине.

Тепселбес машина, атка дагы,

Темир жол сымалдар чогуу өткүлө.

 

Темир жол башкага жол болбогон,

Тешилип асфальттай кордолбогон.

Поруму түгөйүн күтүп жашап,

Поездден бөлөктү ойлонбогон.

 

Рельсага лирика ырын ырдайт,

Дөңгөлөк тынымсыз шарактаган.

Эң таза сүйүүгө үлгү — поезд,

Эч качан жолунан адашпаган.

 

Жашоодо бир‐бирин сүйгөн жарлар,

Жашайлы рельсадан үлгү алганча.

Көп күтүп көмүлөт топуракка,

Көмүр кан — поезди жүрбөй калса.

 

Өлбөс болуп жаралдым

Өмүр деген кыска тура деп кейип,

Өксүп жатып мен бир түнү уктадым.

Өлүмү жок чексиз жашаар кез келип,

Түшкө кирди кыйла жашка чыкканым.

 

Убакытты каалаганча коротуп,

Санап көрсөм жүз миң жашка чыгыпмын.

Таптым чөлдөн ийнемди да жоготуп,

Баарын көрүп, кылбаганды кылыпмын.

 

Эч өлүм жок, картайтпаган турмушту,

Эки көзүм калбаганда көрөргө.

Түштү бузуп энем мени тургузду,

Ойгонгондо жыргап калдым «өлөрчө».

 

Менин сүйүүм

Азаптардын рахатын татып сүйөм,

Аттиң, арман — мен күткөн бакыт күмөн.

Жомогумду жоготуп албайын деп,

Жолуккандан сестенип качып жүрөм.

 

Көлдөй көлкүп — балкыткан сүйүктүү жан,

Көркөмүңө магдырап ийип турам.

Жээкте калган балыктай соолусам да,

Ичиңди эмес тышыңды сүйүп турам.

 

Жанашпайбыз жайылбайт тосушчу кол,

Жаштар суулап, каректен чок учту мол.

Борбор түгүл дүйнөдө салынбаган,

Боор тирешип экөөбүз жолукчу жол.

 

Өлүмдү жеңүү

Уккан сайын тойбой турган көңүлүм,

Назик кыздын күлкүсүндөй – өмүрүм.

Казынасын чачкан сымал душмандын,

Каалагандай коротууда сени ким?

 

Өмүр барда бош нерсеге күрөшпөй,

Өзүмө‐өзүм өчөгүшүп жүдөтпөй.

Табыш үчүн из түшө элек талааны,

Иштесем не күн – түн соккон жүрөктөй.

 

Мен жөн адам өз турмушун эптеген,

Бир белгисиз күн келгенде чектелем.

А сен өмүр падышамсың тескеген.

Балдарыма ооштуруп канымды,

Жашатасың бөлөк акыл – эс менен.

 

Эртең балким бүгүнкүмдүн баары жок,

Жаштыгымды картайтпачу дары жок.

Убакытым, жаным, денем жеңилет,

Урпактарда каным жашайт а бирок.

 

Далай доорду жашай берет эр өлсө,

Дал өзүндөй урпактары төрөлсө.

 

Ат жалында шер кыргыз

Ардуу кыргыз шаңданган чууга барып,

Аркыраган тосмосуз суудай агып.

Аттанышкан майданга толкун болуп,

Аргымакты чабуудан кумар алып.

 

Араласа бейитти чабандестер,

Аталарга багыштап дуба кайып.

Арбак болгон кыргыздар козголушар,

Ат мингиси келишип тура калып…

 

* * *

Мен таш болом кайгы басып, акса жаш,

Мерез мүнөз кычыкчылдык жакка маш.

Ошол кезде сен таш болбой кебез бол,

Бири сынат кагылышса ташка таш.

 

Көөнүм куунап жаракатым айыгып,

Көктө жүрсөм ак булуттай жайылып.

Чыкпас үчүн ортобузда чагылган,

Сур булуттай сумсайбагын кайыгып.

 

Чөлдөй болсом, селдей жортуп аккының,

Оазистей көрккө келсин жаштыгым.

Андай – мындай мамиле кыл дебейин,

Иши кылып көңүлүмдү тапкының.

 

* * *

Жүз кылым толгон кезде келбесиме,

Жүрөгүм кошулганда жер бетине.

Боор этим турпак болор, гүлдөр өсөр,

Болбостур аны сага бербесиме.

 

Таң калба укканыңда сен кебимди.

Тарс күлбө таап алгандай кем жеримди.

Айныды акылынан – деп ойлобо.

Айтайын гүлдү кантип бермегимди.

 

Дегдетпес, мен жетпес көп күндөр өтөр,

Денемден жыпар жыттуу гүлдөр өсөр.

Шарт күбүп баригимди сабагынан,

Шамалдар сага карай гүл жөнөтөр.

 

Тоо жели почточудай учат да алып,

Токтотпойт эч бир нерсе тузак салып,

Толтура жыпар гүлдөр жайнайт анан,

Топурак колдоруңа кучакталып.

 

Жүз кылым өтсө дагы гүл сунамын…

 

Ыйык – топурак

Жупжумшак жүрөк менен

Мекендин ташын сүйүп,

жердеги шыбагына

көктөгү башымды ийип.

Жашаймын кыргыз болуп —

кеткиче затым чирип.

 

Сууларын тунук десең,

кубаттап отурамын.

Абасын таза десең,

албетте кошуламын.

Алардан ыйык бирок —

бир чымчым топурагым!

 

Мезгил жана мен

Күнчүлүк жол, эки элге каттаганы,

Күлүк минип, каңдасам ат таканы.

Жетүү үчүн өмүрдүн марасына,

Тандамакмын чаалыккан таш баканы.

 

Таш баканы таш жолдо кыбыратып,

Кетер элем кылымдын кырын ашып.

Жашайт элем, аттиң ай, үлгү болуп,

Адам билбес ааламдын —

Адам билбес адамдын сырын ачып.

 

Ойлорумду жазууга чамам жетпей,

Оюм чексиз, аалам тар – тар аңгектей,

Үрккөн аттай ай – күнүм таскак салса,

Үрөй учат сүйрөлгөн чабандестей.

 

Мейли, мезгил, мен сага сүйрөлөйүн,

Жанчылууда жашашты үйрөнөйүн.

Токтобогон нерсе жок акыр аяк,

Токтобогун! Токтосоң бирге өлөйүн!

 

Кеп тиш кийген — жер эне

Адам карып, жаңы нерсе жаратат,

Аалам, жерди улгайткансып баратат.

Заман сүрүп жерге кеп тиш кийгизбей,

Адамзатка адам болуу жарашат.

 

Жаралгандан тамырлары үзүлбөй,

Жашаса не жаратылыш бүтүндөй.

Жер, табият, тоолор, чөптөр, бак – дарак,

Наристенин жаңы чыккан тишиндей.

 

Тоо, токойду жексен кылып түбүнөн,

Там – таракты куруудабыз дүңүнөн.

Жасалма тиш кийген өңдүү темирден,

Жарашыксыз болуп барат дүнүйөң…

 

Жолоочу

Түздү басып, кырды да ашып адашам,

Түндүн арты көрүнбөйт го мала таң.

Көз саламын жылдыздардан жол сурап,

Көргөзбөйт жол, из таба албай баратам…

 

Жолоочумун көктө Күнүм, Айым жок,

Жок дебесе жарык берер шамым жок.

«Адашканга алтын казык эш» – дечү,

Алтын казык жылдызынан дайын жок.

 

Жарыгымды жандыра алат ким менин?

Жалаң гана жарганаттуу түндөмүн.

Бар тарабым караңгылык туюлат,

Балким өзүм сокур болуп жүрбөйүн?

 

Болгум келет

Адам болбой эгерде терек болсом,

Жыгыларда адамзат жөлөп койсоң.

Отун болуп жагылып берер элем,

Катаал күндөр суугуна бөлөп, тоңсоң.

 

Тоодой болсом Ай сүзүп, көк искеген.

Жаратканга зар айтып периштеден.

Орномокмун душмандар ортосуна,

Түз болмокмун жакшыга тегиз, кенен.

 

Кээ пенделер адамга шор, муң берет,

Ошондуктан аларга тойдум жедеп.

Назик колу алдейдин кармасын деп,

Наристеге оюнчук болгум келет.

 

*****
Ал – кубатым ашып – ташып уландым,
Алп дөөлөрдүн муштарына чыдармын.
Бирок… Балам баатыр сезчи өзүңдү,
Бир манжаңдын эпкининен кулаармын.

Аламын деп көңүлүңдү ачаарды,
Аралап не оюнчуктуу базарды.
Атаң сага сынбай турган оюнчук,
Ат кылып мин — жат ийилтпес атаңды.