Сүйөркул Тургунбаев: Жанга баткан кайдыгерлик

Жанга баткан кайдыгерлик

Шайлообек Дүйшеевдин ысымы «Аптап», «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» аттуу ыр жыйнактары, мезгилдик газета-журналдарда жарыяланган ыр түрмөктөрү

музыкага салынып, филармонияда жана үналгы менен сыналгыда аткарылып, көркөм окулуп келаткан ырлары менен эл-журтка кеңири белгилүү болгон. Азыркы кыргыз поэзиясынын сыймыгы, ардактуу эл акыныбыз Сүйүнбай Эралиев Шайлообектин акындык жолуна өз учурунда басма сөз бетинде ак батасын берген.

Жаш акындын жаңы китеби, аты айтып тургандай, биздин элибиздин мүнөзүндөгү кайдыгерлик жөнүндө. Карап отурсак Ш.Дүйшеев ырларында жаны сыздап, кан-какшап айтып аткан каран калгыр кайдыгерлик каркайган тоолорун огожо тутуп, камырабай Күн көргөн кайран кыргызга – өз жамиятыбызга жарашып келген экен. Ал эми өзбек, тажик, азери же ивер (грузин) элдерине, атүгүл, салкын кан Балтика элдерине да мындай сапат жамасак да жарашпайт.

Жакшылык жеңет деп эле эшик-төрдү кенен ачып, Ала-Тоонун алакандай койнуна ар түркүн жети кошкон элди (кандай ой, ниет менен бизге келип жатканын ойлобой) толтуруп алган экенбиз. Эми алар биз менен тең ата тамак, жер талашып отурат. Аларга токой, көлдөрүбүздү, тоо-кендерибизди тоноттук, чөп, сууларыбызды булгаттык, «улуу агабызды» соргоктугуна, жуттугуна карабай төбөбүзгө көтөрүп тайраңдаттык. Бабалар ардактаган ыйык баш кийим – ак калпакты атабыз тааныбаган алжирликке да, энебиз билбеген европалыкка да ала чуркап, кийгиси келбесе белекке берип (адатта баш кийимди башкага бербейт эмеспи) антаңдадык.

Ошондо Ала-Too менен ата-бабанын арбагы: «Ай, балдар, айныдыңар» дебеди дейсиңерби?

«Жаман эмне, жакшы эмне – ылгабадык,

баса калып чындыкты бурмаладык.

Көрүнгөнгө калпакты белек кылып,

көрүнгөнгө биз колду булгаладык.

Кыргызым ай, жер тиктеп туруп бердиң –

кыргызча аттын баарысын бурмаладык.

Кыргызым ай, «Жараткан бир Кудай» – деп

Кара кыргыз тарыхын чийип таштап,

Караколду өзгөрттүк Пржевал деп.

Жоломан Жорик атка конуп алган,

Токтобек Толик атка конуп алган,

Өмүрлүү болсун деген Өмүралы

«Умру»– Умралин болуп алган…»

Бул чындык эмей эмне? Умралиндер арабызда азыр да бар.

Журт атасы аталган ал кездеги жетекчибиз эл-жер тагдырын ойлоп күйүп-бышкандарды кулакка чаап, баш көтөрбөс, кыңк этпес момун кылды. Өз адамдарыбыздан жумушчу табын, жаңы тирүү шаар калкын даярдоо, элдин тарыхын, маданиятын өнүктүрүү маселелерин назарына албады. Өлсөң-талсаң да план аткар деген буйруктун кулу болуп, көпчүлүк эл курсактын гана камын ойлоп, көр мээнеттен башы көтөрүлбөдү, өз адамдарыбыз өз шаарларында башпаанек, орун-очок табалбай мусапырдын абалында болду. Анан «улуу аганын» Кудай аткан жосундарынан үйрөнүп, ачуу арагын ичти, кыздарыбыз чачын кыркып, чандырын көрсөткөн чолок көйнөк кийип, ойсоктоп оозун боёду. Байыртан келаткан элдик этикабыз бузулду, ыйман кетти. Ата-энени сыйлоо, улуудан ийменүү дегенди унутуп, маңкуртка айлана баштадык.

Акын Шайлообектин аталган китебиндеги чыгармалар жанды жеген мына ушул түркөй кайдыгерлик жөнүндө. Бул маселелер кургак тил менен жөн салды айтылганда эч кимдин сезимин козгой алмак эмес. Ошон үчүн акын бул көйгөйлөрдү поэзиянын жүрөк-жүлүндү зыркыраткан оттуу тили менен айтат:

«Кайдыгерлик дегендин

капканынан чыкпай жүрүп тажап бүттүк…

Көйнөктү өзгөрткөндөй

жер, суунун аттарын да өзгөрттүк бүт.

Жайлоону жолго айланттык,

Кочкорду Кочкор дебей

«Кочкорка» деп койго айланттык.

Токмокту «Токмак» дедик.

Акылсызды акылман деп,

акылманды акмак дедик.

Билбегендин баарысын билдик дедик,

кыргызды «кыргыз» дебей «киргиз» дедик.

(Эне тилин унуткандар)

Эл башкарган атка минерлерибиздин мына ушундай түркөйлүгүнөн жалаң орус тилинде гана сүйлөп жогору жактагы «чоңдорго» жагынам деген кошоматтыгынан өз эне тилибиз, салт-санаабыз, маданиятыбыз сүрүлүп, кор

абалда калды. Балдарыбыздын тили кужурап бөтөн тилде чыкты. Муну акын Мурат – Муриктин мисалында мындай жазат:

Мен Муратмын,

досторум Мурик дешет,

Мурик эмес, Муратмын мен,

мен ошомун,

орустардын арасында «дуракмын» мен

кыргыздардын арасында келесоомун…

Бул көрүнүш жаштардын мындай тиби шаарларыбызда жашаган кийинки чейрек кылым ичиндеги муундарыбызга мүнөздүү эмес деп эч ким айталбайт.

«Бөрк ал десе башыңдан кан алышкан,

бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан.

эне тилин унуткан мансап үчүн, эх,

канчалар маңкуртка айланышкан.

Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын баары эле Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган

хан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Тил жоголбойт, жоголсо – жоголот дил,

тукумуң да, тууруң да жоголот бил!

Тил жоголсо – сен өзүң айланасың,

колу-бутсуз мунжуга – тоголок бир».

«Күт эми Эштек байке, күткүн да жата бергин» деген ырда биздеги ыкшоолук, камырабастык какшык иретинде кан кайната, жер-жеберге жеткире айтылган.

Аягы келип арабыздагы дили башка элдин оозун карап, жаш Айдардай болгон ажобуз да өз чечимин өзүнчө чыгаралбай, жерди да тең бербесем болбойт экен деп тайсалдап отурат. Эл бир кылка болсо башкаруу да оңой болмок. Тили бирдин – дили бир. Дили бир эл ымалага бат келет. Түркиянын мисалы буга күбө. А биздин арабызга кирип алган дили бөтөн эл жөн келбей өз жорук-жосундарын кошо ала келет тура. Арабызды бузган жыт-жыбырды, ач көздүктү, ыймансыздыкты чиркештирип, нашаа-пашаасы, ит-мити, «Ох, молодец» деген ичимдиги, спид-миспиди менен салт-санаабызды кыйсыпыр кылган, үч кыл комуздун үнүн тебелеген, чыйк-чүйк, даңк-дүңк эткен музыкасы менен келип атпайбы…

Ушунун баарын эл өкүлү деген депутаттарыбыз ажонун көзүнө ажайта айталбай жатканда, айласы кеткен акын ырдын тили менен сыздабаганда кантет.

Ш.Дүйшеев «Кайдыгерлик, кайдыгерлик» деп какшап жатса, кайдыгер эместердин каны кайнап, а каны коюу, бети калыңдар каздай кайкаңдап дале камаарабай келет. А кайдыгерлик эмнеде экенин Ш.Дүйшеев Кыргызбай менен Кыргызгүлдүн, Эштек байкесинин, Мурат – Муриктин тагдыры аркылуу айтат. Ошентсем атка минерлердин дил-жигерине жетеби дейт. Анан кантмекчи, акындын күчү тилинде эмеспи.

«Төгүлүп турган менен Көлдүн пейли

Көрүнгөн оонай берип,

Көмүлүп барат күндө элдин пейли.

Көлдүн өзүн сакта дейсиң элден мурда

Элдин өзүн кимдер сактайт – Көлдөн мурда?!»

Чын эле көл менен эл бир эмеспи. Тагдырлары жуурулушкан. Апаат келсе элге, жерге келет тура. Көлдүн эли эшигине киши келсе: «Келегой, төргө от» деген баягы элби? Жок:

«Кайырмакка илинген бакага окшоп

карегин бакырайтып,

жүрөктө күнүн сатып,

айранын, сүтүн сатып,

бир түнгө үйүн сатып,

өрүгүн, өзүн сатып…»

Көр оокаттын айынан

ыйман-ынсабын кошо сатып калган эл.

«Бир чыны суу сурасаң

сулуу келин суйкаңдап

акысына тыйын сурайт»..

Байыркы алпейим элди ушул абалга жеткирген ким?

Сырттан агылып, көлдү тебелеп келип аткан ар түмөн элдин зыяндуу таасири, турмуш түркөйлүгү.

Көлдүн эли өз оокаттары өздөрүнө жетип, илгеркидей эле мамыр-жумур жашамак. Бардык балээ сырттан жутунуп келип аткандарда деген ойду айткысы келет акын.

Алар улуп-жулуп, адамдардын пейли-куюн да бузуп кетет экен. Ушундан элдин аң-сезими бузулуп, куну жана куту учууда. Балдар ата-энеге таш боор боло баштаган. Намысы козголуп, мындайлар эсине келер бекен деген ойдо:

«Калкыңа Талас баткан

Каныкей, Манас баткан,

Калкыңа кыргыз баткан,

Кадимки Чыңгыз баткан

Бир кемпир баткан жокпу?..

деп жазат акын. Жогоруда айтылган кайдыгерликтин каскагынан элибиз мына ушундай деңгээлге жеткен. Тарыхыбызда бул бир баскыч бойдон кала берет деп ойлойм.

Жетимиш жыл өкүм сүргөн советтик социалисттик түзүлүштүн жыргалын кайсы эл кандай көргөнүн билбейбиз, бирок биздин элге «улуу агабыз» аркылуу көбүнчө анын кууралы гана тийиптир. Ошол момун эл эми ушу куураган калыбында момурап бүгүнкү базар заманынын босогосун аттап отурат. Көкө Теңир бешенесине ушуну жазыптыр. Эми ушул күнгө ушар, чыйрак кирсе экен…

Шайлообек Дүйшеев калеминин курчун, ырынын уркун мындан ары ушул маселеге буруп, Эштек байкелерди, канжайган кайдыгерлерди бүгүнкү замандын илебин илгиртпей сезип, жемин башкага жедирбей, тирикарак болууга чакырат го деп үмүттөнөбүз.

«Кыргыз руху», 04.02.1993-жыл.